Жалган жаңылыктан улам ташбараңга алынган жаштар

Сүрөттүн булагы, FACEBOOK
Индияда коомдук тармактардагы жалган маалыматтардан улам бейжазык кишилерди ташбараңга алган учурлар көбөйдү.
2018-жылы кеминде 29 адамды ташбараңга алып өлтүрүштү. Аларды көбү жаш балдарды уурдады деген ушактардан улам өлтүрүлгөн.
"Индиянын алыскы аймактарына интернет жана "Ватсапп" жетти. Алардын көбү эмнени окуса, ошого ишене берет. Медиа сабаттуулук жактан аксайт. Жалган маалыматты айырмалай албайт",-деди "Алт Ньюз" агенттигинин өкүлү Пратик Синха.
Өлкөнүн чыгышындагы Ассам штатында ушундай ушактан улам эки жигит бейжазык өлтүрүлдү. Алардын бири 29 жаштагы Нилотпал Дас болчу. Ал ырчы болууга кыялданчу.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 1
8-июнда Нилотпал жакын досу Абхижит Нат менен шаардын четине саякаттап келүүнү чечет. Алар башка аймактагы шаркыратмаларды көрөлү деп келишкен.
"Аларды жергиликтүүлөр Кантилангсу шаркыратмасына үч чакырым калганда көргөн. Алфажоз Тимуң деген бир киши аларды көрүп, "хопадора" деп кыйкыра баштаган",-деди полиция өкүлү Сива Прасад.
Жергиликтүү балдар "хопадоралар" тууралуу көп угуп чоңоёт. Бул кишилер тил албаган балдарды уурдап кетет деп айтылат.
Медиа сабаттуулугу жок тургундар коомдук медиадан "хопадоралар" тууралуу көп окуп, мындай окуялар жомок болбой эле, чын эле коркунуч катары каралып калган.
"Эл чогулуп "хопадора" же "бала уурулар" деп кыйкыра башташты. Бир нече секунддун ичинде 200-250 киши чогулду. Тополоң башталды",-деди Гита Кахлари. Ал кейиштүү окуяга күбө болгон. Айрым жергиликтүүлөр топтолгон элди полицияны чакырууга үндөгөн.
"Мен жаш жигиттерге тийбегиле, полицияга өткөрүп бергиле деп кыйкырдым. Чогулган эл мени дагы сабайбыз дешти. Абал тез эле курчуп кетти. Экөөнү кудай дагы сактай алмак эмес",-деди жергиликтүү тургун Сурен Крамча.
"Хопадора" кармалды делген видео интернетте тез тарады. Видео каза тапкан Нилотпалдын жакындарына дагы тез эле жеткен.
"Видеолор тез тарады. Тааныштарым мага дагы салышты. Досум ыйлап, "жардам" деп кыйкырып жатты. Ал "мен Ассам аймагынан келдим. Атамдын аты Гопал Чандра Дас, апамдын аты Радика Дас. Биз саякаттап келдик" деп кыйкырып жатты",-деди Нилатполдун досу Анкур Сайкиа.
Полиция үрөй учурган окуя болгон жерге бир сааттан кийин келди. Нилотпал менен Абхижит ооруканага жеткенде жаны жок эле.
Миңдегендер жөө жүрүшкө чыгып, күнөөлүүлөр соттолсун деген талап коюшту. Учурда кырктан ашуун кишиге айып тагылды. Алардын арасында Алфажоз Тимуң дагы бар.
Индияда ушактын айынан өлтүрүлгөндөр тууралуу жаңылыктар байма-бай башкы сапта турат.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 2
"Фейк" жаңылыктардан кантип арылууга болот?
Коомдук сайттар жалган, фейк маалыматтарды таратуучу катары сынга алынып келүүдө. Кеңири тараган интернет желесинде коомдук сайттар эч кандай чындыкка коошпогон маалыматтарды таратып жиберүүдө чоң роль ойноп жатканына сын-пикирлер көп айтылып жатат.
"Фейк" жаңылык "алмага" окшош. Базарда алып жатканда, жалтырап сонун көрүнүшү мүмкүн. Бирок ичи курттап кеткен.
Жалган жаңылык дагы ошондой. Сиз аны кызыгып окуйсуз, бирок баары карандай калп же ушак.
Бирок анын жалгандыгын кантип билесиз?
Эң биринчи эле ким, эмне, эмнеге, качан деген суроолорду бериңиз. Бул маалыматты сизге ким берди? Ошол булакка ишенсе болобу?
Маалымат алынган интернет баракчаны дагы караңыз. Башкалардын сын-пикирин окуңуз.
Эмне маалыматты окуп жатасыз? Жалтырап турганы менен ишеничтүү маалымат бекен?
Окуянын таржымалы жазылыптырбы? Бул маалыматты эмнеге сизге берип жатышат? Кандайдыр бир кызыкчылык барбы?
Саясий кызыкчылык жок бекенин дагы караңыз. Балким, аны таратуу үчүн акча алышат?
Албетте, макала качан жазылганын дагы караңыз.
Жакында жазылган маалымат бекен же анын жарыяланганына көп болдубу?
Жалган жаңылыктарга чалынып калбаңыз.
Ким, эмне, эмнеге жана качан деген суроолорго ар дайым көңүл буруңуз. Жалган маалыматты, ушакты досторуңуз менен бөлүшүп, уят болбоңуз. Жалган маалыматтар көп учурда байкалбай эле таратылат. (AT)










