Тажик парламентине президенттин уулу төрага болду

Рустам Эмомали

Сүрөттүн булагы, OFFIGIAL WEBSITE OF THE PRESIDENT OF TAJIKSTAN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саясат талдоочулар Рустам Эмомалинин спикер болуп дайындалышы бийликтин өткөрүп берүүнүн баскычы катары мүнөздөп жатат

Рустам Эмомали өлкөнүн жогорку палатасына бир добуштан төрага болуп шайланып, иш жүзүндө өлкөдөгү экинчи адам болуп калды. Өлкө баш мыйзамдарына ылайык, аракеттеги президент ишин аткара албай калса, анын милдетин аткаруу спикерге жүктөлөт.

Рустам Эмомали 33 гана жашта. Президенттин тогуз баласынын эң улуусу. Тажикстандагы улуттук университетти бүтүргөн. Мурда ал инвестиция боюнча жана кыймылсыз мүлк боюнча комитеттерде иштеген. Ошондой эле жаштар кеңешинин жетекчи орун басары болгон.

2013-жылы ноябрь айында Рустам Эмомали Бажы кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Эки жылдан кийин 28 жашында Рустам Эмомали КМШ өлкөлөрүндөгү эң жаш генерал эсептелип, Тажикстандагы коррупцияга каршы күрөшкөн агенттикти жетектеп келген. Үч жыл мурун өлкөнүн баш калаасы Дүйшөмбүгө мэр болуп дайындалган. Ал 64 жаштагы, атасынын эң жакын кишилеринин бири Махмадсаид Убайдуллоевдин ордун ээлеген болчу.

Президенттин уулу футболго өзгөчө ышкыбоз, ал өлкөдөгү федерацияны да башкарат. Өзүнүн "Истиклол" футбол клубун түзгөн.

Озода Рахмон

Сүрөттүн булагы, MFA.TJ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Озода Рахмон

Өткөн жылдары президент Рахмон өзүнүн жарлыгы менен кызы Озоданы мамлекет башчынын аппаратына жетекчи кылып дайындаганы бар. Буга чейин Озода Рахмон Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеген.

Озода беш баланын энеси, Жоржтаун жана Мэриленд университеттерин бүтүргөн. Анын күйөөсү Жамолиддин Нуралиевдин Улуттук банктын жетекчи орун басары болуп иштегени тууралуу маалымат бар. (AbA)