|
Түркмөнстан газ байлыгы үлкөн | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Британиянын Gaffney аттуу компаниясы Түркмөстанда дүйнөдөгу экинчи ири газ кен байлыгы бар экенин жар салды. Бул жаңылык энергияга муктаж Кытай жана Индия үчүн эле эмес, Европа үчүн дагы жакшы кабар.
Мындай маалыматты Туркмөнстандагы газ конгрессинин жыйынына келген чет элдик компаниялырдын өкүлдөрү үчүн дагы жылуу кабыл алышты. Би-Би-Си Түркмөнстан боюгча Британиялаык эксперт Джон Робертс менен маектешип, Түрмөнстандагы Йолотань газ кени канчалык көлөмдүү деп айтууга болот? – деген суроо узаткан: Робертс: Бул чынында эле абдан чоң кен болуп эсептелет. Биз соңку үч жыл ичинде анын чоң экенин билгенбиз. 2008-жылдан бери изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатабыз. Бирок, бул жолу анын биз божомолдогондон дагы ири кен экени аныкталып олтурат. Башында биз божомолдогондон кеминде эки эсе көбүрөөк болуп чыкты. Би-Би-Си: Бул анда Түркмөнстанды газ байлыгы көп өлкөлөрдүн ичинен алдыңкы сапка чыгарууда деп айтууга болобу? Робертс: Албетте. Түркмөнстан калк саны боюнча аз сандуу өлкө. Төрт миллион эле атуулу бар. Ал эми ушул өлкөдө дүйнөдөгү эң алп кендердин бири табылып олтурат. Өлкө көптөгөн өлкөлөргө көгүлтүр газды экспорттой алат. Азыр Кытай менен келишимге кол коюшту. Бул газ эми Европага жетеби, же Пакистан жана Индия багытына сатылабы аны келечек көрсөтөт. Айтайын дегеним газ байлыгынын көлөмү бир катар аймактарды камсыздоого жетиши ыктымал. Би-Би-Си: Сиз Борбор Азияг акөп барасыз. Түркмөнстан газ запастарын изилдегенден кийин сактап турууну каалайбы же, аны башка өлкөлөргө сатууга кызыкдарбы? Робертс: Түркмөндөр көп көлөмдөгү газды сатууну көздөшөт. Бул өлкө алдыдагы жыйырма жыл ичинде көгүлтүр газды экспорттоо көлөмүн кыйла жогорулатууга аракет кылып жатат. Маселен, орусиядан дагы көбүрөөк газ экспорттошу ыктымалдыгы бар. Ага жетиштүү кен байлыктары бар. Ошондой эле абдан дымактуу долборлору бар. Би-Би-Си: Йолотань газ кени Орусиядагы кенден кийинки эле дүйнөнүн эң ири экинчи газ запасы катары бааланып жатат. Бул дүйнөнүн Борбор Азияга болгон көз карашын өзгөртүшү ыктымалбы? Робертс: Менин оюмча өзгөртүшү мүмкүн. Менин маалыматым боюнча Түштүк Йолатань газ кенине Орусиядагы бир дагы газ кени тең келе албайт. Орусиядагы эң ири Штокмондон дагы, Урингойдон дагы чоңдук кылат. Анын алдында Иран менен Катардын ортосундагы ири кен гана турат. Ал дүйнөдө боюнча биринчи орунда. Экинчиси Түркмөнстандыкы. | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||