|
Парламент эл аралык комиссиянын отчетун талкуулайт | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Жогорку Кеңеш депутаттары июнь окуяларын иликтеген эл аралык комиссиянын отчетун талкуулап, ал жыйынга президент Роза Отунбаеваны чакыруу боюнча чечим кабыл алышты. Комиссиянын отчетун парламент отурумунда талкуулоону Жогорку Кеңештин коргонуу жана коопсуздук комитетти сунуш кылган. Комитет буга чейин өз отурумунда, июнь окуяларын иликтеген эл аралык комиссиянын отчетун карап, андагы тыянактак улут аралык жек көрүү сезимин күчөтүүгө негиз болуп, өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет деп баалаган. Комитет тыянагында отчет бир жактуу экени айтылып, улут аралык мамилени чыңдоого өбөлгө боло албайт деп белгиленген. Мындан тышкары, эл аралык комиссия айрым сунуштарында өз мандатынын чегинен чыгып, Кыргызстандын ички ишине түздөн-түз кийлигишкени белгиленген. Коргонуу жана коопсуздук комиеттин билдирүүсүндө Кыргыз Республикасын Кыргызстан Республикасы деп атоо боюнча эл аралык комиссиянын сунушу жикчилдикти колдоп, өзбек коомчулугунун коомдук турмушка тез сиңип кетишине негиз боло албайт деп айтылган. Буга чейин кыргыз өкмөтү дагы эл аралык комиссиянын отчетуна өз тиркемелерин берип, отчетто кагылышуунун себептери, окуянын өнгүшү бир тараптуу көрсөтүлгөнүн белгилеген болчу. | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||