|
Маниладагы суу ташкындын кесепеттери | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Филлипиндин бийликтери алтынчы күнү башкалаа Маниланы каптаган суу ташкындын кесепеттери менен алпурушууда. Президент Глория Аройо президенттик ак сарайды эвакуациялык борбор катары колдонууга буйрук берди. Өкмөттүн маалыматы боюнча курман болгондордун саны 240 жетти. Манилада кеминде 400 миң киши убактылуу жайларда баш калкалоодо. Маниладагы суу ташкындын кесепеттери өтө оор болууда. Шаардын кыйла бөлүктөрү баткакка батып калды. Анын алдында далай кишилер калганы ыктымал. Шашылыш уюшулган жайларда чакан табыттар тизилип турат. Каза тапкандардын көбү жаш балдар. Учурда негизги аракеттер аман калгандарга жардам берүүгө багытталды. Жүз миңдеген кишилер үй-жайсыз калып жардамга муктаж. Мектептер, кеңселер, президенттик резиденциядан бери убактылуу жайга айландырылды. Бул кишилерге биринчи кезекте тамак-аш, таза суу, кийим, баш-калка зарыл болууда. Ташкында суунун деңгээли тездик менен көтөрүлүп, кишилер жанын ала качууга гана жетишкен: "Үйгө суу кире баштап, беш мүнөткө жетпей көкүрөктөн келип калды. Барыбыз үстүнкү кабатка чыктык. Кудай жалгап, үй-бүлөөмдө бары аман." дейт Маниланын тургуну. "Абдан татаал, жолдор жабык болуп жардам жеткирүу кыйын болууда. Суу кете элек аймактар көп. өкмөт болушунча аракет кылып жатат". Чет өлкөдөн да жардам келе баштады. Австралия, АКШ, Франция, Жапон өкмөттөрү акча жана азык-түлүк жөнөтүүдө. Филлипинге жардам берүу чакырыгы менен Бириккен Улуттар уюму да кайрылмакчы. | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||