Түштүк Кореяда өз жанын кыйгандар эмнеге көп болуп жатат?

Jang Jun-ha (second from the right) and his family visited his brother's grave last summer

Сүрөттүн булагы, Jang Jun-ha

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чан Жун Ха (оңдон экинчи) жана анын үй-бүлөсү өткөн жылы инисинин мүрзөсүнө арып келишти
    • Author, Серин Ха
    • Role, BBC World Service

"Мен үч жыл мурда кичүү инимдин моло таштай муздак денесин тапканымда, сыртта май айы турганына карабай, жүрөгүм муз болуп калды".

Чан Жун-Ха жан дүйнөсү аңтарылып түшкөнүн айтып ыйлайт. Анын иниси болгону 35 жашта эле.

Чан бир нече күн бою иниси телефонду албагандан кийин полицияга кайрылган. Алар анын үйүндөгү эшигин талкалап киргенде, Чан инисинин жансыз денесин керебеттен тапты.

"Мен анда өз жанын кыйгандардын алдын алуу борборунда курста окуп, инструктор болоюн деп жаткам".

"Мен мектептерге барып, суицид жөнүндө ойлоп жүргөн адамдардын кооптуу белгилери кандай болору жана аларга кантип жардам берүү керектигин айтып берип жүргөм. Мен башка адамдарды ажалдын чеңгелинен куткарууга кол сунуп келдим, бирок өзүмдүн иним ушундай болот деп эч оюма келген эмес."

45 жаштагы Чан үчүн өзүнүн үй-бүлөсүнүн башынан өткөн татаал тагдырды айтып берүү оңой эмес, анткени бул түштүк кореялык коомдо абдан деликаттуу маселе. Бирок ал өзүнүн көргөн билгендерин ачык айтуу менен коомдо бул көйгөй жөнүндө маалымат деңгээлин көтөрүү көмөктөшүүдө.

Суициддин жогорку деңгээли

Түштүк Корея K-Pop жана Самсунг сыяктуу глобалдык компаниялар менен дүйнөгө таанымал. Бирок ушундай бакубатчылыктын артында күн сайын 36 адам өз жанын кыят. Бул өлкө суицид көрсөткүчү боюнча дагы дүйнөдө алдыда турат.

South Korea has the highest suicide rate among OECD countries

Түштүк Кореянын статистика агенттиги 2021-жылы 13352 адам өз жанын өзү кыйганын кабарлайт.

Суицид 10 жаштан 39 жашка чейинки кореялыктар арасында өлүмдүн эң негизги себеби болуп саналат. Өзгөчө өспүрүмдөр арасында (43,7), жыйырма жаштагылар арасында (56.8%) бул көрсөткүч жогору.

Сеулда 100 миң адамга 23,6 өлүм туура келет, бул Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмундагы орточо көрсөткүчтөн ( 11,1) ашып түшөт.

Өкмөт жакында мындай көйгөйдүн алдын алуунун беш жылдык планын жарыялады. Андагы максат көйгөйлүү көрсөткүчтү 30 пайызга түшүрүү.

Жогорку басымдагы коом

Түштүк Кореяда суициддин жогорку деңгээли - экономикалык, социалдык жана маданий факторлордун аралаш таасири.

Бул өлкө 1953-жылы Корея согушу аяктагандан кийин дүйнөлүк экономикалык дөө-шаага айланды. Бирок ыкчам экономикалык өнүгүү мамлекеттик кызматтардын кеңейишине алып келген жок, анын ордуна теңсиздик күчөдү.

Security fences are installed along Mapo Bridge over the Han River in Seoul

Сүрөттүн булагы, News1

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сеулда Хан дарыясындагы көпүрөдөн адамдар секирип жанын кыйбасын үчүн атайын тосмолор коюлган

"Түштүк Кореяда суицид деңгээли жогору болгондон сырткары, социалдык камсыздоо системасынын начар иштеген көйгөйү бар",-дейт Чун-Анг университетинин деканы Сунг-нан Джанг.

"Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда, коңшулар арасында салттуу байланыштар басаңдап үзүлүп, ар ким бул жашоодо кыйынчылык башына түшкөндө жалгыз калууда".

"Кел сүйлөшөлү"

Коомдун маданияты аз-аздан өзгөрүүдө, бирок дагы көп иш жасалышы керек.

"Түштүк кореялыктар бул гипер конкуренттүү коомдо жарышып жашоого аябай көнүп алышты, а бирок Корея адам өзүнүн башындагы мүшкүл ишти ачык айтып турган өлкө эмес",- дейт күн-түн дебей суициддин алдын алуу боюнча жардам көрсөтүп турган LifeLine Seoseoul кайрымдуулук уюмунун директору Йон Су Ким.

A family photo of Jang and his brother Jun-an as children

Сүрөттүн булагы, Jang Jun-ha

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чан иниси менен бала кезде түшкөн сүрөтү

Чан азыр Сеулда психикалык саламаттык борборунда психолог болуп иштеп, суицидден жабыр тарткан же ушундай оор сезимге кабылып жүргөн үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүдө.

Ал ошондой эле суицидден жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү тобун жетектейт.

«Бул оор иш. Көбүнчө суицид жасаган адамды жакындары биринчи табышат. Бул алардын жүрөгүндө кетпес так болуп калат, ошондогу көргөн окуясын алар майда-чүйдөсүнө чейин эстеп калып айта беришет».

Чан мындай темада сүйлөшүү аларга канчалык оор экенин түшүнөт.

«Бирок бул иш керек, алар айтып алгандан кийин жеңилдеп калат»,-дейт.

Чандын иниси өз жанын кыяр алдында кат жазып, таштап кеткени үчүн ата-энесинен кечирим сураптыр.

Өткөн жылы анын мүрзөсүнө барганда Чан инисине "баары жайында" деп айтты.

«Сен кабатыр болбо. Бизде баары жакшы, биз бири-бирибизге каралашып атабыз", — деди Чан. (КС)