Кыргызстанда коронавирустун мутацияланган түрү барбы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ооруларды алдын-алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин лаборатория борборунун башчысына ылайык, өлкөдө коронавирустун мутацияланган түрү бар.
Айгүл Жумаканова муну Британиядан жана Орусиядан келген изилдөөлөрдүн жыйынтыгы далилдегенин билдирди.
"Оң жыйынтык көрсөткөн 20 үлгүнү январда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда катталган Улуу Британиядагы лабораторияга жөнөткөнбүз. Анын жыйынтыгына ылайык, былтыркы Орусияда, Нидерланддарда, Швецияда, Бириккен Араб Эмирлигинде жайылып жаткан коронавирустун жаңы штаммына окшош вирус экен. Февралда анализдерди Москвадагы молекулярдык-генетикалык лабораторияга жөнөткөнбүз. Биздин беш үлгүбүздө аныкталыптыр. Бизге коронавирус өзгөрүп жатканы айтылды. Кайсы түрү экенин дагы кошумча билдиришет",-деди Би-Би-Сиге Жумаканова.
Мартта өлкө боюнча жаңы штаммга анализ үлгүлөрү топтолуп, отузу Новосибирсктеги вирусология боюнча "Вектор" институтуна жиберилди. Мекемеде тереңдетилген филогенетикалык изилдөө жүргүзүлөт жана вирус кандай өзгөрүп жатканын аныкташат. Жыйынтыгы апрелдин аягында же майда чыгат деп күтүлүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жумаканова ооругандардын белгилери өзгөрүп жатканын дагы кошумчалады. Мисалы, эпидемия алгач тараганда респиратордук оорулардын белгилери көп байкалса, жай айларында өпкө илдеттери көбөйдү, күзүндө көз, ич оорулары кошулду.
Адистер вирус тирүү жандык катары жашоо үчүн күрөшүп, ыңгайлашып жатканын айтышууда. Окумуштуулар коронавирус улам өзгөрүп турарын белгилеп келишет. Көп учурда мындай өзгөрүүлөр адамга эч коркунуч жаратпайт. Бирок айрым учурда вирус тез жайылып, кубаттурак болушу ыктымал.
"Аба аркылуу жуккан инфекция болуп жатат, дем албай коё албайсың. Учактар менен адамдар ары-бери каттап жатат, той-топурларда жүрүп жатышат. Вирустун жөндөмү жогорулап, тез тараганга аракет кылып жатат. Сентябрда жаңы штамм табылгандан кийин Британияда ооругандардын 60 пайызы вирустун жаңы түрүн жуктурган",-деди Жумаканова.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Медицина кызматкери вирустан коргонуунун бирден бир жолу вакцина экенин айтууда. Аны менен бирге санитардык эрежелерди жана социалдык аралыкты сактап, беткап кийип жүрүү дагы маанилүү.
2-апрелге карата Кыргызстанда 417 киши эмделди. Өлкө Кытайдын SinoPharm вакцинасын алган жана аны менен 75 миң жаран эмделе алат. SinoPharm вакцинасынын натыйжалуулугу 79,34% деп аныкталган. Ага карабастан коомдо эмдөөгө каршы маанайдагылар жок эмес.
"Бул вакцина Кытайда 2020-жылы, июлдан бери колдонулуп жатат. Биринчилерден болуп Араб Эмирлиги вакцинаны колдонгон. Андан кийин түрк президенти Эрдоган эл алдында алып, бул өлкөдө дагы колдонула баштады. Элчиликтен расмий нускамасын алып, ошонун негизинде алгоритмдерди иштеп чыктык. Бир дозалык, инактивделген вакцина. Бир жолу колдонулчу, 23-калибрдеги өзү жабылып калчу ийне менен сайылат. Нөлдөн жогору 2-8 градус Цельсия температурада сактаса болот. Биздин муздаткыч чынжырыбызга абдан ыңгайлуу",-деди Республикалык иммундук алдын алуунун директору Гүлбара Ишенапысова.
Убактылуу инструкция деп аталган ДССУнун нускамасында дүйнө жүзүндө SinoPharm кандай колдонулуп жатканы, кандай кыйыр таасирлери катталганы камтылат.
Ишенапысованын айтымында, SinoPharm вакцинасын колдонгон 65 чамалуу өлкөдөн расмий каттоого бир да кыйыр таасир түшкөн жок. Кыргызстанда дагы ошондой. Оор учурлар атайын каттоого алынат. Эмделгенден кийин алгачкы күндөрдөгү реакциялар ага кирбейт.
"Эмдөө түйүндөрдүн баарын көзөмөл кылып келдик. Ал жерден өткөн ар бир киши биздин адистин тиркемесинен чыгып турат. Ал эми эмделген адамдын реакциялары Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментине келип түшөт. Ушул учурга 50% чамалуу киши жакшы дейт, он чакты кишинин башы ооруптур, эки кишинин дене табы 37,5ке чейин жетиптир. Ийне сайылган жери ооруган 26 киши катталыптыр. Эки-үч кишинин башы айланыптыр, бирөө көзүм караңгылашты дептир. Эки кишинин кан басымы жогорулаптыр. Он киши телефон чалууга жооп бербей коюптур, үч кишинин телефону өчүк экен", - деген маалыматты берди Ишенапысова.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда ТИМдин 39 жаштагы кызматкери эмдөөдөн кийин каза болгону тууралуу социалдык тармак менен айрым маалымат каражаттарына чыкты. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги ал жаран эмделбегенин белгиледи.
Өлкөдө эмдөө 24-мартта башталды. Биринчи баскычта медкызматкерлер, мугалимдер, чек ара, аба майдандын кызматкерлери, өнөкөт оорусу барлар жана карыялар эмделет.
Жакында Орусиянын "Спутник V" вакцинасы дагы келери кабарланган. Бирок Кыргызстан элди коронавируска каршы эмдөөдө өтө эле артта экени өкмөттө да айтылды. ДССУ болсо дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттерди жапырт эмдөө жараянын тездетүүгө үндөп келет.










