BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
"Кыргызнефтегаздагы" коррупциялык схемаларга Ташиевдердин тиешеси болгонбу?
Салык кызматынын ютуб каналы "Кыргызнефтегаздагы" коррупциялык схема тууралуу иликтөө жарыялады. Анда чийки зат беш жыл бою Камчыбек Ташиевдин жакындарына таандык делген ортомчу фирмаларга сатылып келгени айтылат. Ташиевдер бул боюнча азырынча комментарий бере элек, бирок буга чейинки айыптоолорду каралоо деп мүнөздөшкөн.
Гезит дизайнери Эрнис Жээнтаевдин иши кийинки инстанцияга которула элек
Фейсбук баракчасында бийликти сындаганы үчүн быйыл 13-февралда алты жылга соттолгон гезит дизайнеринин адвокаттары Жээнтаевдин иши Бишкек шаардык сотко эмдигиче которулбай жатканына нааразы болушууда. Бул тууралуу Би-Би-Сиге жактоочу, юрист Нурбек Сыдыков билдирди.
Гүлсүнкан Жунушалиева депутаттык мандатын тапшырды
Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиева өз каалоосу менен мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазды. Анын арызын Борбордук шайлоо комиссиясы 16-марттагы жыйынында канааттандырды. Мандатын ал эмне себептен таршырганы айтылган жок.
Түз ободо, Reuters: Перс булуңундагы өлкөлөр АКШдан Иранга каршы операцияны токтотпоону суранууда
28-февралдын таңында Израил менен АКШ Иранга аба соккуларын баштаган. Буга жооп иретинде Тегеран да Израилди, Перс булуңундагы мамлекеттерди жана алардын аймагындагы АКШнын аскердик базаларын аткылоодо.
Күндүн видеосу
Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз
Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз
Редактордун тандоосу
Орусиядагы "патриоттук тарбияны" чагылдырган тасманын "Оскардагы" дүбүртү
Пол Томас Андерсондун "Улам бир салгылашуу" тасмасы алты номинацияда, анын ичинде "Мыкты тасма" деген категорияда жеңүүчү деп табылды. "Мыкты актер" наамын Майкл Б. Жордан ("Күнөөкөрлөр"), ал эми "Мыкты актриса" наамын Жесси Бакли ("Гамнет") жеңип алышты. Орусиядагы мектепте аскердик үгүттү чагылдырган "Эч ким эмес мырза Путинге каршы" тасмасы "Мыкты даректүү тасма" деп табылды.
"Жолбун иттерди атуу менен маселе чечилбейт". Көчө иттери тууралуу фильм тартылды
Эки апта мурун Токмок шаарында жолбун иттер мектептен кайтып келаткан балдарды каап, бирөөсүн тиштеп алган видео соцтармакка тараган. Коомчулукта бул окуя талкуу жаратып, айрымдар ээсиз калган үй жаныбарларын атуу керектигин айтып чыгышты. Бирок жаш режиссерлор Караш менен Алиман бул көйгөйдү атуу менен эмес, андан гумандуу жол менен чечсе болот деп эсептешет. Алар бул идеяны жолбун иттерди өзүнүн короосуна багып алган Татьяна тууралуу толук метраждуу тасмасы аркылуу айтышат.
БШК Нурланбек Азыгалиевдин мандатын алды
Борбордук шайлоо комиссиясы "Эл үмүтү - Ата Журт" депутаттык тобунун мүчөсү Нурланбек Азыгалиевди мандатынан ажыратты.
"Элибиздин тынчтыгы үчүн мен бул кадамга барууга аргасыз болдум". Ташиев мандатын тапшырды
Өлкөдөн чыгып кеткен УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шаирбек Ташиев өз эрки менен депутаттык мандатын тапшырды.
Сот аткаруучулар кызматы: Капаловдун өлүмү жумушуна байланыштуу эмес
45 жаштагы Сот аткаруу кызматынын башчысынын орун басары Кубанычбек Капаловдун сөөгү 13-мартта GAC үлгүсүндөгү унаасынан ок жеген абалда табылды. Аталган кызмат бүгүн билдирүү таратып, бул кырсык боюнча "кызматтык иликтөө башталып, бардык жагдайларды объективдүү аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп" жатканы кабарлады.
Боуэн: Трамп Иранды көтөрүлүш кылууга чакырды, бирок 1991-жылкы Ирак сабактарын эстен чыгарбаш керек
Би-би-синин эл аралык редактору Жереми Боуэн АКШ президенти согуштарды баштоо аларды аяктоого караганда кыйла жеңил экенин эстен чыгарбашы керек дейт.
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.
















































