"Улуу жазуучунун музасы эле": Мария Айтматова дүйнө салды

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова 79 жашында дүйнө салды.
Ал өмүрүнүн соңку жылдарында Чыңгыз Айтматов фондун жетектеп жүрдү. Жазуучу экөөнүн ортосунда эки бала бар: Ширин жана Эльдар. Би-Би-Си Айтматовдордун үй-бүлөлүк сүрөттөрүн окурмандар менен бөлүшөт.

Мария Айтматова Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март айылында 1942-жылы төрөлгөн. Бүткүл союздук кинематография институтун бүтүргөн. Кыргызстандын Кино үйүндө сценарист жана рецензент болуп иштеген. Бир нече тасмада режиссёр жардамчысы болгон. Кыргыз кинематографиясынын өткөн кылымдын 60-жылдардагы жаңы толкунунун активдүү катышуучусу эле.

"Мария Урматовна Ч.Айтматов менен жолуккан күндөн тарта биринчи окурманы жана редактору болуп калган. "Кылым карытар бир күн" сыяктуу романдарын ушул киши машинкага баскан. Ал улуу жазуучунун таянычы жана музасы эле",-деп эскерди балдары Ширин менен Эльдар.





*








