"Рая жана акыркы ажыдаар". Disney жаңы каарманы Түштүк-Чыгыш Азияны кантип таанытат

Сүрөттүн булагы, Disney
- Author, Иветт Тан
- Role, Би-Би-Си
Кытайлык Мулан жана полинезиялык Моана диснейлик мультфильмдердин башкы каармандары болуп, дүйнөгө таанылган. Эми 90 жыл ичинде биринчи жолу анимация гиганты Түштүк-Чыгыш Азияга таандык жаңы каарманды жаратты.
Эр жүрөк канбийке Рая өзүнө чоң жоопкерчиликти алып, дүйнөдөгү көрөрмандарга жарым миллиард калк жашаган 11 өлкөнүн маданияты тууралуу айтып бермекчи.
"Рая жана акыркы ажыдаар" мультфильминдеги башкы каарман дүйнөнү сактап калыш үчүн Түштүк-Чыгыш Азияны түрө кыдырып, тил табыша албаган уруулардын башын кошушу керек.
Рая үчүн Disney компаниясы тапшырган миссия өтө эле оор - сюжеттик жагынан гана эмес, маданий жактан алганда дагы оңой эмес.
Түштүк-Чыгыш Азияда ондогон ар башка маданияттар бар. Ошонун баарын бир эле каарман алып жүрө алабы? Бул канчалык туура?
Тасмадагы окуялар Кумандрада болот - ойдон чыгарылган аймак. Бул чөлкөмдү беш башка уруу мекендейт. Алардын ар биринин өзүнчө маданияты жана жашоо образы бар.
Режиссер Дон Холлдун айтымында, алар аймакты кыдырып жүрүп аябай шыктанышты. Тасма тарткан топ бул жерлер бир нече миң жыл мурун кандай болгонун элестетүүгө аракет кылышты. Тасмада кайсыл бир конкреттүү өлкөлөрдүн тарыхындагы деталдарды алышты.

Сүрөттүн булагы, Disney
Раянын визиттик карточкасы - анын башындагы токулган шляпасы. Ал филиппиндиктер кийген баш кийимге окшош. Андан сырткары Раянын гигант коңузу. Анын ысымы Тук-Тук. Бул Индия менен Индонезиядагы популярдуу моторикшанын аталышы. Башкы каарман колдонгон согуш өнөрү - Малайзия менен Индонезиядагы салттуу күрөштү эске салат.
Тасма жарыкка чыкккандан кийин көрөрмандар интернетке "түрдүү маданияттарды аралаштырып салыптыр" деген нааразы болгон даттанууларды жазды. Бирок тасманын жаратуучулары региондогу өлкөлөрдөн жалпы идеяларды издешкенин айтышты.
"Биз үчүн негизгиси жалпылык жана биргелешип иштөө каалоосу болду",-деп түшүндүрдү продюсер Оснат Шурер.
Сценарийдин авторлорунун бири теги малайзиялык Адель Лим тандалып алынган маданий элементтердин терең мааниси бар.
"Биз маданий дем тууралуу айтканда, алардын сырткы көрүнүшү жаккандыгы үчүн тандаган жокпуз. Биз алардын манисине көңүл бурдук. Маселен, сценалардын биринде Раянын атасы кызына сорпо кайнатып берет. Түштүк Азиянын маданиятында кишилер өз сүйүүсүн тамак аркылуу берет эмеспи",-деп түшүндүрдү Лим.

Сүрөттүн булагы, Disney
"Твиттерге" жазган сынчылар тасманын жаратуучулары бүтүндөй регионду бириктирип жибербей, конкреттүү бир өлкөнүн мисалында тартышы керек эле деген ойду айтууда.
Түштүк-Чыгыш Азиянын тургундары өздөрүнүн иденттүүлүгүн кантип аныкташат? Бул суроонун жообу өздөрү үчүн деле бүдөмүк деп эсептейт профессор Дэвид Лим.
Колонизация дагы региондогу түрдүү маданияттарга таасир этти. Айталы, Вьетнам Франциянын кол алдында болгон. Ал эми Индонезия Нидерланддардын башкаруусунда турду.
"Колониализм тарыхы кайсыл бир деңгээлде биз өзүбүздү кандай көрөбүз жана кайсыл маданият бизге жакын экенин калыптандырды. Айрым Түштүк-Чыгыш Азиянын тургундары коңшулаш Таиландга караганда Франция тууралуу көбүрөөк билсе керек деп шектенем",-дейт профессор Лим.

Сүрөттүн булагы, Disney
Анын пикиринде Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү ортосундагы атаандаштык дагы так чагылдырылган. Буга мисал катары, кайсыл даамды ким ойлоп тапканы тууралуу талаштар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мультфильмдеги бир каарман бүтүндөй бир региондун өзгөчөлүктөрүн алып чыгат деген күтүүнүн өзү адилетсиздик болмок дейт профессор.
"Бул тасманы Түштүк-Чыгыш Азия жөнүндө сөз баштоо аракети катары карагыла",-дейт профессор тасманы сындап жаткандарга.













