Декабрдын өзгөчө белеги: учкан жылдыздар, тутулган Күн...

The milky way at Durdle Door, Dorset, UK

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жылдыз менен планеталарга кызыккандарга декабрь айы өзгөчө болот
    • Author, Эва Онтиверос
    • Role, BBC World Service

Астрономия, планета жана жылдыздарга кызыккандар декабрь айында көз жоосун алган кубулуштарга күбө болушмакчы.

2020-жылдын акыркы айында үйдөн чыкпай отуруп эле эки планетанын бири-бирине абдан жакын келгенине, от жанып учкан жылдыздарга жана күн тутулуусун көрүүгө мүмкүн. Деген менен бул кубулуштарга күбө болуу үчүн күн чайыттай ачык болуусу зарыл.

13-14-декабрь: дүйнөнүн булуң-бурчунан көрүнгөн метеордук жамгыр

The Geminids meteor shower during its peak, in the night sky over Tokarevsky Lighthouse on Egersheld Cape on Russky Island in the Sea of Japan, December 2017.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Метеордук жамгырды Ыраакы Чыгыштан Дакарга чейин көрүүгө мүмкүн болот

Соңку айларда бир нече метеордук жамгыр катталды, бирок декабрь айында өзгөчө кубулуш катталмакчы.

"Метеор жамгыры Жер планетасы кометти аралап өткөндө байкалат. Бирок Геминид метеор жамгыры өзгөчө. Анда Жер планетасы 3200 Фаэтон астероиддин куйругун кесип өткөндө болот",-дейт австроном Патрисия Скелтон.

A composite image of the 2017 Geminid meteor shower in Arizona.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Канчалык караңгы жерге барсаңыз, метеордук жамгыр так көрүнөт

Жер планетасы жыл сайын 3200 Фаэтон астероидинин калдыктарына жакын учат. Анда асманды жамгыр сыяктуу жаап жаткан жылдыздар каптайт, айрым учурда бир саатта 150гө чейин жылдыз учат.

Метеор Жердин атмосферасына секундасына 35 чакырым ылдамдыкта кирет. Калдыктар атмосферада күйүп кеткендиктен асманда сары, көк жана жашыл түстөгү жамгыр сыяктуу издер калат.

14-декабрь: күндүн тутулуусу

Panoramic view of Patagonia: The recently paved road connecting El Calafate to El Chalten is renowned to be one of the most beautiful roads in the world.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Байыркы заманда күндүн тутулуусуна күбө болгондор кандай тыянак чыгарганы боюнча ар түрдүү жоромолдор бар

Бул жолу күндүн тутулуусун Чили менен Аргентинада гана көрүүгө болот. Бирок интернет доорунда бул кубулушту деле үйдөн чыкпай туруп күбө болууга мүмкүн.

24 мүнөттүн ичинде ай күндүн алдынан өтүп, аны эки секунддай тосуп турган болот.

"Ай күндөн кыйла кичинекей, бирок жерге жакын жайгашкандыктан күндүн жарыгын тосуп тура алат",-дейт астроном Таня де Сейлс.

Low angle view of solar eclipse in sky during foggy weather.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күндүн тутулушун түз кароо абдан кооптуу. Аны атайын көз айнектер менен гана караса болот

Күндүн тутулуусу жылына беш жолу катталат. Ал эми күндүн толук тутулуусу бир жарым жылда бир гана жолу катталат. Эмдиги жолу 2021-жылы декабрь айында Антарктикада катталмакчы, андан кийин 2023-жылы Индонезия менен Австралияда.

21-декабрь: Юпитер менен Сатурндун жакындаганы

The trio of (L to R) Saturn, Mars and Jupiter in conjunction in the dawn twilight, taken from home in Alberta on March 26, 2020. This is a stack of 10 exposures.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Юпитер менен Сатурн акыркы жолу 397 жыл мурун бири-бирине жакын келген

Юпитер менен Сатурн - кечинде жакшы көрүнгөндүктөн, бул планетага байкоо салгандар абдан көп. Эки планета бири-бирине жакын келип, биригип калгандай сезилет. Бул кубулушка 21-декабрда күбө болобуз.

Юпитер Жер планетасынан 800 млн чакырым аралыкта жайгашкан, ал эми Сатурн Юпитерден дагы болжолу менен ушундай эле аралыкта турат. Эгерде колдо мыкты телескоп же дүрбү болсо кубулуш менен бирге Юпитердин айланасындагы төрт айды - Ио, Европа, Ганимед жана Каллистону дагы көрүүгө мүмкүн болот.

Artwork of Jupiter and its largest four (Galilean) moons. From left to right the bodies are Io, Callisto, Jupiter (with the shadow of Io cast upon it), Ganymede and Europa. The bodies are all shown to the correct scale, as viewed from a distance somewhere beyond the orbit of Callisto

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жөнөкөй эле дүрбү менен Юпитердин сол тарабындагы эки айды Ио менен Каллистону жана оң тарабынан эки айды Ганимед менен Европаны көрүүгө мүмкүн

Юпитер менен Сатурн 19 жарым жылда бир жакындайт. Бирок бул ирет эки планета абдан жакын келгендиктен, кубулуш өзгөчө болору айтылууда. Мындай көрүнүш акыркы жолу XVII кылымда катталган.