Алымкул Исаков: Шекспирдин мекенинде сахнага чыгуу кыялым эле

Исаков Алымкул - Ош Улуттук драма театрынын режиссеру, актеру.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Исаков Алымкул - Ош Улуттук драма театрынын режиссеру, актеру.
    • Author, Акчолпон Койчиева
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын продюсери

19 ноябрьда Оштогу Бабур атындагы мамлекеттик академиялык музыкалык-драмалык өзбек театрынын артисттери Лондондогу Кортярд театрында Шекспирдин "РичардIII" трагедиясын коюшмакчы.

Мындан тышкары аталган тетардын артисттери Лондондогу борбор aзиялык "Орзу-артс" театры уюштурган концертке да катышат. Оюнду койгон режиссер Исаков Алымкулду маекке тартып, Лондондогу сапары тууралуу сурадык:

Алымкул Исаков: Бул театрда 37 жылдан бери эмгектенип келе жатам. Театр искусствосуна кокустан келип калган эмесмин. Ташкенттеги А. Н. Островский атындагы көркөм-театралдык институтунун актердук факультетин бүтүргөм. Андан кийин Алматы мамлекеттик театралдык институтунда Н. Жантуриндин классында окугам. Ошондон баштап Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрында эмгектенип келе жатам. Биздин Англияга келип калышыбызга жакшы себептер болду. Былтыры англиялык улуу драматург Уильям Шекспирдин 450 жылдыгы белгиленбедиби. Бир жагы ушуга арналды десек болот. Экинчиси, кыргыз-британ дипломатиялык байланыштарынын 25 жылдыгы эске алынды. Негизи бул долбоордун башында Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев жана Британиядан режиссер Юлдаш Жоробаев турат. Лондонго Шекспирдин "РичардIII" трагедиясын алып келдик. Кыргыз, өзбек, орус, англис тилдеринде ойнолот. Оштогу эки театрдын артисттери биригип "РичардIII" трагедиясын алып чыгабыз.

Алымкул Исаков

Би-Би-Си: Шекспирдин "РичардIII" трагедиясын атайын британдык аудиторияга ылайыктуу деп тандасаңыздар керек. Мындан тышкары театрдын репертуарында дагы кандай оюндар коюлат?

Алымкул Исаков: Албетте, дүйнөлүк классика, орус классикасынан, негизинен улуттук дараматургия басымдуулук кылат. Коңшу өлкөлөрдүн драматургдары менен дагы байланышып, алардын чыгармаларын дагы сахнага алып чыгып турабыз.

Би-Би-Си: Оштогу Бабур атындагы мамлекеттик академиялык музыкалык-драмалык өзбек театрынын артисттерин жетектеп келдиңиз. Сиз өзүңүз иштеген театр менен бул театрдын ортосундагы кызматташтык кандай? Биргелешип сахнага чыккан учурлар көп эле болобу?

Алымкул Исаков: Бул боюнча Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова эжебизден үлгү алдык. Ал киши "Манастын уулу Семетей" спектаклинде, Султан Раевдин "Ханышанын көз жашында" Бабур театрынын артисттери менен бирге ойноду. Мурда иш-чараларга чогуу катышканыбыз менен эки театр бир шаарда туруп, сахнада биргелешип оюн койгон учуру ушундан кийин гана жанданды.

Би-Би-Си: Бабур атындагы театрдын Англияга биринчи жолу келиши болсо керек?

Алымкул Исаков: Ооба, биринчи жолу келип жатабыз.

Би-Би-Си:Демек, толкунданбай бул жактагы көрүүчүлөрдү дагы таң калтырабыз деген ишеним барбы?

Алымкул Исаков: Кесипкөй актер катары спектакль башталганга чейин толкунданбай коео албайм. Өзүмө өзүм ишенем, кыйратып жиберем дегенден дайыма алысмын. Анткени дайыма өзүмө сын көз менен карайм. Ошол ирмемдерде көрүүчүлөр менен кандайча байланышка кирип кетем? Мына ушул адамды дайым толкундантып турса гана ийгилик жаралышы мүмкүн. Бул жердеги жердештердин алдында, өзгөчө жергиликтүү көрөрмандар кандай кабыл алат деген жоопкерчилик бар. Себеби чыгарма менен автор булардыкы да. Англияда театрлар негизинен сахнадагы кепке басым жасашат. Эмоция биздин Азиянын театрларына караганда экинчи планда болуп калат. Биздин актерлордун ички динамика, темпераменти, эмоциясы менен ойногон спетаклди көргөндой бул жактагылар таң калат деди биздин режиссер. Эми эртең сахнага чыкканда көрөбүз деп күтүп турам.

Би-Би-Си: Жеке сиз үчүн, ошондой эле Бабур атындагы театр үчүн Лондонго келип оюн коюп кетүүнүн кандай өзгөчөлүгү, мааниси бар?

Алымкул Исаков: Маселен, биз Шекспирдин чыгармаларын мурдатан эле өзүбүздүн сахнада коюп келгенбиз. Ушул эле "РичардIII" трагедиясы, "Гамлет" биздин театрда 1980-жылдары өтө жогорку деңгээлде коюлган. Кыргыздын улуу режиссеру Искендер Рыскулов агабыз кыргыз-театр искусствосунда, дегеле "кыргыз Шекспириядасында" жаңылык жасаган. Мурдагы СССРдин менминсинген театр чеберлерин, сынчыларын таң калтырган. Мындай ийгиликтерге күбө болуп эле келгемин. Бирок Англия жеринде ошол улуу чеберлер салган жолду даңазалай алабызбы деген толкундануу бар. "РичардIII" трагедиясынын коюлушун мен сурандым. Актер өзүнүн өмүрүндө, чыгармачылыгында мыкты режиссерго туш келмейинче сахнада ролдорду жаратуу кыйын. Искендер Рыскулов агайыбыздын учурунда мен жаш болчумун. 39 жыл күткөн кыялдарымдын бири дал ушул Ричарддын ролун жаратуу болчу.