Amazon асмандан акча табууга кириштиби?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бала кезинде McDonald's бургерин бышырып, кийин эң бай компаниянын бирин негиздеп, кезинде космоско учуп, өз айлыгын өзү чектеген миллиардер Жефф Безос бизнесин дагы күчтөндүрүп, жүк жеткирүүдө технологияга басым жасаганы турат. Ал 28 жыл мурун гаражында китеп дүкөнү катары негиздеген компанияда учурда 1млн 300 миңдей киши иштейт. 2021-жылкы эсеп боюнча анын Amazon компаниясынын капиталы 1,7 трлн долларды түзүп, өзүнүн байлыгы 200 млрд долларга жакын деп эсептелген.
Эми жүктөр "учабы"?
Amazon компаниясы келерки жылдын аягынан баштап Британияда буюртмаларды бир сааттын ичинде жеткирүү үчүн дрондорду колдоно баштаарын жарыялады. Интернет-соода гигантынын айтымында, кызмат көрсөтүү адегенде бир аймакта башталат, бирок ал кайсы аймак экени азырынча тактала элек. Буга чейин мындай кызмат АКШнын Калифорния штатынын айрым бөлүктөрүндө иштей баштаган.
Онлайн буйуртма кылганыздан кийин, жүк ташуучу унааны акыя күтүп жол кароо кандай экенин баарыбыз билебиз.
Бирок жакында жолду карабай асманды карап калат окшойбуз. Технология ошого алып бара жатат.
Кезектеги кардардын суранычы аба жиреп учуп келе жатат. Бул көрүнүш Калифорниянын чакан Локфорд шаарында болду. Amazon компаниясы кардарларга буюртмаларды жеткирүү үчүн дрондорду барган сайын кенен-кесир колдонууда.
Эми мындай кызмат Британияга да келе жатат. Жаңы көрүнүш болгондуктанбы кардарларга бул өтө жакты.
"Абдан кызыктуу. Буюртма кылган нерселерди алып келип, үйүмдүн артындагы бакчама таштап кетишет деп оюма да келбептир. Сиз буюртма кылгандан кийин эле буюмуңуз жыйырма же отуз мүнөттүн шуулдаган бойдон келип калат экен. Бул, өзүңүз дүкөнгө чуркап барып, сатып келгенден да тезирээк болот экен",- деп таң калды Жеф.
Дрондун бир аз ызылдап чыккан үнү эч кимди деле ойго салбайт өңдүү. Жеф ал добушту капарына да албаганын айтты.
Жүк ташыган чабарман кандай иштейт?

Сүрөттүн булагы, AMAZON
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си Амазон компаниясы аны кантип ишке ашыраарын биринчилерден болуп көрдү.
Мында бир буюртма кардарга жөнөтүлгөнү жатат.
Анын салмагы беш килограммдан ашпай, бут кийим кутусунун көлөмүнөн чоңураак болбошу керек.
Дрон беш жарым чакырым алыстыкка чейинки аралыктагы кардарларга жеткире алат.
Эрежелер так. Ар бир каттам көзөмөлгө алынып, бир киши ага байкоо салып турат.
Учуучу робот кайда барарын так билет.
Бара жатканда канатуулардан баштап имараттар, бак дарактын бутагы, мамылар сыяктуу ар кандай тоскоолдуктар көп. Бирок технологиянын күчү анын баарын эске алган.
Зымырап учкан "сез жана кач" аттуу технологиясы асмандагы же жердеги коркунучту байкап, андан качып, кардарларга аман-эсен жеткирүү жолун таба алат.
Дрондор азырынча фургондордун ордун баса албайт. Бирок бул келечектин бир көрүнүшү, буюртманы бир нече мүнөттүн ичинде жеткирген онлайн кызматы.
Ал эми Сиэтлдеги Amazon кампасында жаңы дронду көрсөтүштү.
“Бул Британияга келчү дрон, ал кичирээк жана жеңил. Бул учуучу аппарат алысыраак аймакка уча алат. Эң негизгиси, мурунку учкучсуз учактарга караганда үнү кырк пайызга акырын чыгат. Албетте коопсуз. Буюртманы унаа менен дүкөнгө жеткирүүгө караганда бул ыкма жүз эсе коопсуз",- деди адис.
Дронду ишке киргизүү үчүн бир жер тандалат. Ал кантип жана кайда уча ала турганын дагы деле такташууда.
"Биз анын санын акырындык менен көбөйтөбүз. Коомчулуктар менен бирге жана ченемдик укуктук актылардын уруксаттарынын негизинде көбөйтүүгө аракет кылабыз.”
Amazon мындай кызматка суроо-талап бар дешет. Бул жерде, Америкадагыдай тез убакытта өсүш болбосо да, анын чоң амбициялары бар. Алар 2030-жылга чейин дүйнө жүзүндө дрон менен беш жүз миллион жолу товар жеткирүүнү максат кылууда.
Атактуу миллиардер тууралуу кызык фактылар
Дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири деп эсептелген Жефф Безос атактуу Amazon компаниясынын негиздөөчүсү. 2019-жылдагы эсеп боюнча Жефф Безостун жылдык айлыгы 81,840 долларды түзөт. Бул АКШдагы орточо айлык катары саналат жана ал 1998-жылдан бери өзүнүн айлыгын көтөрбөй келет.
Жефф Безос космоско учуу кыялы менен 2000-жылы атайын компанияны негиздеп, даярдык көрө баштаган. Ага мындай кыял качан, кантип келгени так белгисиз. Ал ондогон жылга созулган даярдыктан кийин саналуу адамдан турган чакан топ менен 2021-жылы New Shepard деп аталган комсомстук кеме менен учуп, космоско сапары кандай болгонун , YouTube аркылуу түз трансляция кылган.

Сүрөттүн булагы, BLUE ORIGIN
Чакан топтун ичинде 82 жаштагы америкалык учкуч, өзунүн агасы жана 18 жаштагы нидерландиялык физик студент дагы болгон. Учуучу кемесине Безостун Техастын батышындагы жеке менчик космодромунан старт берилген. 100 км бийиктикке чейин көтөрүлүп, атайын капсуласы парашют менен ийгиликтүү конгон.











