"Украина эгемендиги үчүн күрөшүп жатканда жардамыбызды беребиз". Үч лидердин Киевге сапары

Алар поезд менен келгени айтылууда

Сүрөттүн булагы, Ludovic MARIN / POOL / AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алар поезд менен келгени айтылууда

Украинага Германия, Франция жана Италиянын лидерлери келишти. Италиянын премьер-министри Марио Драги, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольц Украинага келишкен эле.

"Бул маанилүү учур. Бул биз украиналыктарга багыттап жаткан биримдиктин кайрылуусу",- деди Макрон Киевге келгенинде.

"Үч өлкөнүн лидерлери бул өлкөнү колдоого умтуларын көрсөткүсү келет",- деп жазды Германия өкмөтүнүн расмий өкүлү Твитердеги баракчасына.

Киевге келгенден кийин Драги, Макрон, Щольц жана Йоханнис Ирпенге барышты. Бул Украинанны баш калаасынан алыс эмес, Орусиянын армиясы кол салып киргенде катуу кыйраган шаар.

Олаф Шольцтун кийинки кадамдары кандай болот деген суроо турат

Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинага эмнелерди сунуш кылды? Олаф Шольц Украинага келип, жөн эле сүрөткө түшүп кетип калбасын убада кылды. Украинанын Германиядагы элчиси Андрей Мелник Киев Германиядан оор куралдарды, атап айтканда, «Леопард» жана «Мардер» танктарын үмүт кылып жатканын бүгүн эртең менен ачык айтты. Шольц Украинага артиллерия жана оор куралдарды убада кылган, бирок ал убадалар ишке аша элек. Германия башка аскердик техникаларды жана жардамдарды жөнөткөн, бирок анын улуттук ИДПсынын көлөмүн эске алганда, Германиянын жардамы Балтика өлкөлөрү менен Польшанын Украина үчүн жасап жаткан иштерине салыштырмалуу аз эле болуп калат. Киев Шольцту Украинага колдоо көрсөтүү менен Орусия менен мамилени сактап калуу каалоосун тең салмактоого далалат кылып жатат деп айыптады. "Бир аз чечкинсиздиги менен аты чыкты" деп сындалып жаткан жаңы канцлерди украин жетекчилиги эле эмес, германиялыктар да тыкыр көзөмөлдөп турушат. "Орусия Украинага басып кирген тушта өлкөнү коргоо жана аскерий маселелерде жаңы доор ачтым",- деп Шольц ынандырууда. Бирок, өз армиясына чыгымдарды көбөйтүү убадаларынан тышкары, ал дагы эмнени айткысы келип жатканына кызыккандар арбын. Ошентип, сүрөткө түшүү менен эле чектелбеген бул сапар жаңы канцлерге көптөн берки убадалары боюнча чечкиндүүлүк көрсөтүүгө "шарт" түзчүдөй.

Орусиянын аскерлери Украинада согуштан сырткары талап-тоноп жатат деген сындар да байма-бай айтылууда. Орусия муну кескин четке кагып келет

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын аскерлери Украинада согуштан сырткары талап-тоноп жатат деген сындар да байма-бай айтылууда. Орусия муну кескин четке кагып келет

Түрдүү божомолдор...

RaiNews24 телеканалы поездде столдо отурган үч лидердин сүрөтүн жүктөгөн. Сүрөттү "тарыхый" деп атап, La Repubblica басылмасы да жарыялады. Саясатчылар Киевге Варшавадан келишкени айтылууда. Алар Киевге визит жасоону пландап жатканын украин жана француз өкмөттүк чөйрөлөрүндөгү булактарга таянуу менен мурда Германиянын Bild am Sonntag гезити билдирген болчу.

Коопсуздук маселелеринен улам бул сапар тууралуу расмий маалымат берилген жок. Макрон жакында Украинанын эки кошунасы Румыния менен Молдовага барган. Шаршемби күнү Румынияда ал жакта жайгашкан француз аскерлери менен жолуккандан кийин сүйлөгөн сөзүндө Макрон Евробиримдик бир нече ай бою баатырларча каршылык көрсөтүп жаткан Украинага жана украин элине ачык саясий сигналдарды бериши керектигин айтты. Европанын үч лидери Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушат. Бул Европа лидерлеринин Орусия Украинага февраль айында кол салгандан кийинки биринчи сапары. Буга чейин ал жерге АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Британиянын премьер-министри Борис Жонсон барган. Бул сапар Киевдин Евробиримдикке мүчө болууга катуу умтулган учуруна туш келди. Еврокомиссия жакын арада Украинанын биримдикке мүчөлүгүнүн келечеги боюнча сунуштарын берерин билдирген.

Буга чейин Франциянын президенти Макрон эки тарап менен тең сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турган. Анын мамилесин жана билдирүүлөрүн "өтө астейдил болуп жатат" деп сындагандар дагы болгон. Макрондун "Украинага эмне талап кылынса дагы болушунча колдойбуз" деген мазмундагы жаңы билдирүүсү бул сапарга чейин жарыяланган эле. Ошондон тарта Франция дагы Украинага жардамдын көлөмүн көбөйтөбү деген божомолдор айтылууда.