Британияда эмне болуп жатат?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ливерпулдун жанындагы Саутпорттогу балдардын бий клубунда бир апта мурун үч кыз киши колдуу болгондон кийин тополоң башталган. Ал Британиянын башка шаарларына да жайылып, өлкөнү таң калтырып турган учуру.
Адгенде чыккан катышуучулардын санынын аздыгына жана бардык саясий партиялар зордук-зомбулукту айыптаганына карабастан нааразылык токтогон жок. Өткөн аптанын аягында кагылышуулардын географиясы кескин түрдө кеңейди. Көптөгөн саясатчылар бул окуяны күчкө салып жок кылуу деп атады. Айрымдары премьер-министрден өзгөчө кооптуу аймактарга аскерлерди жөнөтүүнү да талап кылышты.
Биз бул окуялар британ саясатына, укук коргоо органдарына жана иммиграция мыйзамдарына кандай таасир этээрин түшүндүрүп, британ гезиттери жазган "орус изин" талдайбыз.
Интернеттен — жумушчу шаарлардын чет жакаларына чейин
Акыркы беш күндүн ичинде Англиянын ар кайсы аймактарында - Ливерпуль, Бристол, Манчестер жана башка шаарларынан Түндүк Ирландиянын Белфастына чейин жайылып кетти. Анда топтолгон кишилер мигранттардын жатаканаларын талкалап, мечиттерди өрттөп, мечиттерди коргоп турган полицияга кирпич жана бөтөлкө ыргытышты. Мусулмандарга жана мигранттарга акаарат келтирген сөздөрдү да кыйкырышкан.
Жекшембиде Йоркширдеги Ротерхэм шаарында 500 чамалуу кишиден турган топ 100дөн ашуун мигрант убактылуу жайгаштырылган мейманкананы курчоого алды. Полиция кырдаалды көзөмөлдөй албай, чогулгандар мейманканага таш жана "Молотов коктейлдерин" ыргыта башташты.
Башка шаарларда баш аламандык улутчулдардын ортосундагы кагылышуулар, кафелерге чабул жана дүкөндөрдөгү уурулук менен коштолду. Ливерпулда тополоңчулардын натыйжасында китепкана өрттөнүп, ондогон полиция кызматкерлери жарадар болгон. Дүйшөмбүнүн кечине карата 400гө жакын адам камакка алынган.
Нааразылык акциясына "Саутпортто балдарды бычактап өлтүргөн жигиттин аты Али Аль-Шакати, ал иммигрант жана мусулман" деген жалган маалымат себеп болгон. Чынында, шектүү 17 жаштагы британиялык Аксел Муганва Рудакубана аттуу жигит болгон. Анын ата-энеси Руандадан келген. Бул үй-бүлө христиан динин тутушат жана полиция азырынча кылмыштын ыктымал мотивин аныктай элек, бирок терроризм деген мотивди жокко чыгаргандай болду.

Сүрөттүн булагы, PA
Өспүрүмдөр мыйзам тарабынан корголгондуктан жана коомдук тартипти сактоо максатында соттун чечими менен уруксат бермейинче полиция кылмышка шектүүнүн кимдигин ачыктай албагандыктан, анын атын ачыктоого убакыт талап кылынган. Бул убакыттын ичинде социалдык тармактарда мусулман мигрант тууралуу туура эмес маалыматтар тарап жатты.
Социалдык тармактар ошондой эле баш аламандыктарды координациялоонун негизги жолу болуп берди. Балдар каза болгон Ливерпулдун түндүгүндөгү Саутпорттогу биринчи тополоңдордон кийин полиция аларга “Англиянын Коргоо Лигасынын” тарапкерлери тартылганын билдирди.
Анткен менен мигранттарга каршы жана исламофобиялык топ эбак ишин токтотуп, Би-Би-Синин талдоосунда ар кайсы шаарлардагы нааразылык акцияларынын артында бир дагы уюштуруучу жок экени аныкталган.
Социалдык тармактарда жайылып жаткан баш аламандыктын негизги хэштеги #EnoughlsEnough («Жетишет!»), неонацисттик тобу тарабынан сунушталган.
Маалыматты (же туура эмес маалыматты), ошондой эле сүрөттөрдү жана видеолорду жайылтуу үчүн негизги платформа X (мурдагы Twitter) бойдон калууда. Бирок өз алдынча уюмдашуу, Facebook, Tiktok жана WhatsAppтан тартып Telegramга чейин бардык негизги платформалардагы топтордо да чакчелекей маалымат тарап жатты.
Жаңы премьер-министр үчүн сыноо

Сүрөттүн булагы, PA
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бир ай мурун Британияда парламенттик шайлоо өткөн. Анда консерваторлордун соңку он жылдагы башкаруусунан кийин бийликке Лейбористтик партияны жетектеп кайтып келген.
Жаңы премьер-министр сэр Кир Стармер адептүүлүк менен чынчылдыкты саясатка кайра алып келүүнү убада кылган жана өлкө ага бул үчүн убакыт берүүгө даяр болчу. Ушул жумада ал Корнуоллдо деңиз жээгинде эс алышы керек болчу, бирок эс алуусун токтотуп турууга туура келди.
Ошентип тополоңдор жаңы өкмөттүн жана британ шайлоочуларынын "бал айын" үзгүлтүккө учуратты. Стармер бийликке келгенине бир ай эле болгондуктан оппозиция аны акыркы окуялар үчүн толук айыптап жибере албайт.
Бейшемби күнү Стармер бүткүл өлкө боюнча полиция башчылары менен жолугуп, аларга "жек көрүүнү жайылтууга аракет кылган экстремисттерге" каршы күрөштө толук колдоо көрсөтөрүн убада кылды. Ал ошондой эле өлкөнүн бардык аймагында экстремизмдин алдын алуу жана ага каршы күрөштү координациялай турган жаңы бөлүм түзүүнү убада кылды.
Премьер-министр ошондой эле баш аламандыктын жана экстремизмдин алдын алуу, аймактык ички иштер бөлүмдөрү ортосунда маалымат алмашуу боюнча жаңы бөлүм түзүлгөнүн жарыялады. Мындан сырткары милицияга видеобайкоо камераларынан жүздү таануу технологиясын колдонуу боюнча кеңейтилген ыйгарым укуктарды берүүнү убада кылды.
Көптөгөн Европа өлкөлөрүнөн айырмаланып, Британияда француз жандармериясы же италиялык карабинерлер сыяктуу бирдиктүү улуттук полиция күчтөрү жок. Англия менен Уэльсте укук коргоо органдары аймактык департаменттерге бөлүнсө, Шотландия менен Түндүк Ирландияда өз полиция кызматтары бар.
Жекшемби күнү Стармер дагы бир жолу билдирүү жасап, анда өлкөнүн көчөлөрүндө болуп жаткандар мыйзамдуу нааразылык акциялары эмес, эч кандай актоого мүмкүн болбогон "ультраоңчул бандиттик" экенин айтты.
Бирок өлкө өкмөттөн билдирүүлөрдү жана реформаларды эмес, башаламандыктарды токтотуу үчүн токтоосуз чара көрүүнү күтүүдө. Бул жерде, балким, Стармерди мурунку министрлерден да катуу баалашы мүмкүн. Саясий карьерасын баштаганга чейин ал Королдук прокуратура кызматын жетектеген жана бул кызматтагы ийгилиги үчүн ханыша Елизавета II тарабынан Бани орденинин кавалер командири болуп дайындалып, ага "Сэр" деген наам берилген.
Сэр Кир шайлоо өнөктүгү маалында кылмыштуулук менен күрөшүү тажрыйбасын үзгүлтүксүз айтып келген жана азыр шайлоочулар андан кризисти чечүүсүн күтүп жатышат.
Шотландиянын мурдагы биринчи министри Хамза Юсуф премьер-министрди армияны тартууга чакырды, анткени ал полиция кырдаалды жөнгө сала албай жатат деп эсептейт.
Бирок азырынча өкмөт башаламандыктарды басуу үчүн аскер күчтөрүн жиберүүнү көздөбөйт.

Сүрөттүн булагы, PA
Сайттын "тамыры" кайда?
Бейшемби күнү Daily Mail гезити биринчи бетине: "Баш аламандыктарга жол ачкан фейк маалыматты тараткан сайт менен Орусиянын байланышы бар", деген мазмундагы баш сөз менен чыкты.
Гезит Channel3now деп аталган сайтка көңүл бурган. Ал абдан ишенимсиз булак катары белгиленген. Анда фейктер, жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн макалалар, ошондой эле башка сайттардан уурдалган билдирүүлөр бар. Сайттын Твиттер аккаунту Саутпорттогу бий студиясына мусулман мигрант кол салган деген жалган кабардын таралышы үчүн маанилүү канал болгон.
Бул сайт Youtube каналынын негизинде түзүлүп, мындан он бир жыл мурун Ижевсктеги окуяны жарыялаган. Ошол эле маалыматка таянып, Daily Telegraph да баш аламандыктардын чыгышындагы Орусиянын изи жөнүндө жазды .
Бирок дезинформация жана орусиялык маалыматтык операциялар боюнча эксперттер бул маалыматтарды ар кандай чечмелешүүдө. Скептиктердин белгилешинче , баштапкы Youtube каналы кийинчерээк иш жүзүндө пакистандык аудиторияга багытталган жана анын негизинде түзүлгөн веб-сайт жөн эле спам-агрегатор сыяктуу көрүнөт. Алар мунун баары ресурс ээлери бир нече жолу алмашканынан кабар берет деп эсептешет .
Орусиянын мамлекеттик RT телеканалы Channel3nowго шилтеме берип, балдардын өлүмүнө шектүү мусулман мигрант деген маалыматты кайталады. Бирок, RT сайтындагы билдирүү кийинчерээк оңдолуп, мурунку версияда ката маалымат бар деген эскертүү берилген.

Сүрөттүн булагы, Daily Mail
Миграция саясатындагы оош-кыйыш
Тополоңдун баштапкы себеби Саутпортто балдардын өлтүрүлүшү деген менен андан кийинки мечиттерге жана мигранттар жашаган мейманканаларга жасалган чабуулдардагы чакырыктарда Саутпорт шаары тууралуу сөз да болгон эмес. Алар иммиграция жана жалпысынан көп маданияттуулук саясатына нааразы экендиктерин билдиришкен.
Улуу Британиядагы абал Франция, Италия, Германия жана башка Европа өлкөлөрүнөн бир топ айырмаланат. Аларда мыйзамсыз миграциянын күчөшү парламентке улуттук популисттик партиялардын келишине өбөлгө болуп берди.
Аралда жайгашканына байланыштуу Британия өз чек араларын бир топ жакшыраак көзөмөлдөй алат — бирок мыйзамдуу иммиграциянын деңгээли көп жылдар бою өтө жогору бойдон калууда жана бул бардык акыркы өкмөттөрдүн, лейбористтердин да, консерваторлордун да аң-сезимдүү тандоосу болду.
Былтыр 29 миңдей адам Ла-Манш аркылуу визасыз жана документсиз сүзүп өткөн. 1,2 миллиондон ашык адам өлкөгө мыйзамдуу түрдө жумуш, студенттик жана үй-бүлөлүк визалар менен келишкен.
Бирок бул калктын саны бул көрсөткүчкө көбөйдү дегенди билдирбейт. Кеткендерди эсепке алганда иммиграциянын эсебинен калктын таза өсүшү 685 миң адамды түздү.
Иммигранттардын айрымдары бийликтин чакыруусу жана көпчүлүк жарандардын макулдугу менен келишкен. Атүгүл миграциянын каршылаштары украиналык качкындардын, Гонконгдун тургундарынын, ошондой эле дарыгерлер менен медайымдардын чакырылуусуна каршы эмес, аларсыз улуттук саламаттык сактоо системасы (NHS) азыркы абалында жашай албайт.
Андан тышкары, келгендердин баары эле Британияда мыйзамдуу түрдө кала алышпайт — мисалы, украиналык качкындар үчүн визалардын мөөнөтү чектелген жана учурда туруктуу жашоого жана жарандыкка жол бербейт.
Бирок бул миграциянын рекорддук деңгээли — буга чейин Британияга мынчалык көп чет элдиктер келген эмес. Миграциянын бул туу чокусунун себепкери болгон консерваторлор легалдуу иммиграцияны кыскартууга тынымсыз убада берип, мезгил-мезгили менен кандайдыр бир жаңы чараларды киргизишти, бирок акырында алар төмөндөө эмес, тез өсүүгө алып келген.
Ал эми исламофобияга келсек, Британияда жашаган мусулмандардын басымдуу бөлүгү Британияда төрөлгөн жана көптөгөн жамааттар — мисалы, Пакистан жамааты падышалыкка британ бийликтеринин чакыруусу менен келишкен, алар мурунку колониялардан келген иммигранттардын эсебинен, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жумушчу күчүнүн жетишсиздигин толтурушкан.
"Мен англис экениме сыймыктанам. Бирок кээ бирөөлөр мени андай эмес деп ойлошот, - деди Сандерленддеги таксист Заф Икбал Би-Би-Сиге өз шаарындагы мечитке кол салууга реакция кылып. — Мен Сандерлендде туулуп-өскөм. Мен өмүр бою ушул жерде жашадым".
Британ парламентинде акыркы шайлоого чейин европалык оңчул популисттик күчтөрдүн аналогу болгон эмес, алардын шайлоо жыйынтыгы калктын маанайын өлчөө жана миграциялык саясатка нааразылыктын чыныгы масштабын көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мурда мажоритардык шайлоо системасынын британ версиясы эки негизги саясий партиянын үстөмдүгүн камсыз кылган.
Жалпысынан алганда, дагы деле ошондой, бирок акыркы шайлоолордо брекзит идеологу Найджел Фараж өзүнүн жаңы "Реформа" партиясынан (Реформа Улуу Британия) дагы төрт жолдошу менен бирге сегизинчи аракетинде парламентке кирүүгө жетишти. Фараж салттуу эки партияны сынга алып, өзүн Вестминстердеги элитаны уккусу келбеген карапайым элдин үнү деп эсептейт. Анын программасынын негизги элементи – миграцияны кескин кыскартуу.
Соңку күндөрдө болуп жаткан баш аламандыктарга комментарий берип жатып, ал зомбулукту жана баш аламандыктарды айыптап, ошол эле учурда парламентти каникулдан кайтарып, миграция саясатын олуттуу талкуулоо зарылдыгын билдирди.
Бир катар башка депутаттар да, анын ичинде лейбористтик партиядан да парламенттин каникулдан кайтып келишин талап кылышты.












