“Учак толо кош бойлуулар”. Аргентинага агылган орусиялык айымдардын максаты эмне?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Аргентинанын соту Буэнос-Айрес аэропортунда кармалган орусиялык алты аялга өлкөгө кирүүгө уруксат берди. Ошого карабастан, акыркы бир жылда ай-күнү жакындап калган орусиялык кош бойлуу аялдардын агымына өлкө бийлиги нааразы. Миграция кызматы алардын өлкөгө келүүсүнүн башкы максаты – Аргентинанын “ынгайлуу” паспортун алуу деп шектенет.
Буга чейин Буэнос-Айрес аэропортунда кармалган орусиялык аялдардын баары бошотулганын алардын адвокаты Кристиан Рубилар билдирди.
Кош бойлуу орусиялык аялдар Аргентинанын борбору Буэнос-Айреске учуп барышкан, бирок өлкө аларды кабыл алган эмес. Орусиянын Аргентинадагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Георгий Полиндин айтымында, келиндердин бири 7-февралдан бери аэропортто жашап жаткан.
"Алар камакта эмес", - деди имиграция кызматынын өкүлү. Учурда аялдарды өлкөсүнө кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды.
“Аялдар коштоосуз келишти, акчасы аз, кайтуу үчүн билети да жок жана кош бойлуу болгонуна 7,5 айдан ашкан”, - деп жазды ишемби күнү британиялык Guardian басылмасы.
Буга чейин Аргентинанын миграция кызматынын башчысы Флоренсия Кариньяно орусиялык аялдар сапардын максаты тууралуу жалган маалымат бергендиктен өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынганын билдирген. Анткени алар ай-күнү жакындап калса да баары өлкөгө турист катары кирип жатабыз дешкен.
Кариньяно 33 кош бойлуу орус жараны бейшемби күнү кечинде бир рейс менен Аргентинага келгенден кийин билдирүү жасап, бул көрүнүш миграция кызматкерлеринин шектенүүсүн пайда кылганын билдирди.
Аргентина өлкөдө төрөлгөн балдарга жарандык берет. Ымыркайдын ата-энелери ушул негизде туруктуу жашоого уруксат ала алышат. Андан кийин Аргентинанын паспортун алуу жеңилдейт. Паспорт Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө визасыз кирүү сыяктуу көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө жол ачат.
"Каратып туруп калп айтышына жол берейбиз!"
Көптөгөн жеңилдиктерден улам кош бойлуу аялдар Аргентинага келип көз жарчу, бирок Орусия Украинага басып киргенден кийин кош бойлуу орус аймыдарынын агымы алда канча көбөйгөн.
Кариньянонун айтымында, былтыр өлкөгө Орусиядан 10 500гө жакын кош бойлуу айым кирген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Миграция кызматынын башчысы кош бойлуу орус аялдардын бир учакка толуп алып келгенине нааразы.
"Аялдардын жарымы ай-күнүнө жетип калса, калгандары 33 же 34 жумалык боюнда бар экенин айтышкан", - деди чиновник жергиликтүү телеканалга.
Аэропортто кармалган орусиялык аялдардын адвокаты Кристиан Рубилар, орус аялдары согуштан жана репрессиядан качууга аракет кылып жатканын маалымат каражаттарына билдирген.
"Путиндин режиминде согушка каршы болгон бир эле пикир адамдын түрмөгө отурушу же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн фронтко жөнөтүлүшү үчүн жетиштүү", - деди ал LN+ кабелдик телеканалына.
Ал эми миграция кызматынын жетекчиси адвокаттын аргументтери менен менен макул эмес.
Болжол менен россиядан келген аялдардын 7 миңдейи дроо төрөтканадан чыгары менен ымыркайларга, андан кийин өздөрүнө жарандык алуу маселелери менен аргентиналык юристтерге кайрылышкан дейт Кариньяно.
"Маселе, алар келип, балдарын төрөп, анан кайра кайтып келбеш үчүн Аргентинаны таштап кетишинде. Биз аларга “туристбиз” деп уялбай туруп жалган айтышына жол бере албайбыз, анткени алар турист эмес", - деди чиновник.
Кариньяно акошумчалагандай, бул көрүнүш Аргентина бийлигин көңүлүн бурган, ушул тапта "туризмдин" бул түрү боюнча иликтөө башталды. (S.A)












