Кытайда Чикунгунья вирусун жуктургандардын саны жети миңден ашты

Гуандун бийлиги вирустун жайылышын токтотуу үчүн болгон аракетин жасай турганын айтууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гуандун бийлиги вирустун жайылышын токтотуу үчүн болгон аракетин жасай турганын айтууда
    • Author, Келли Нг
    • Reporting from, Би-Би-Си, Сингапур

Кытайдын Гуандун провинциясында июль айынан бери Чикунгунья вирусун жуктургандардын саны жети миңден ашты. Провинция бийлиги вирустун жайылышын токтотуу үчүн COVID пандемиясы маалында колдонулган ыкмаларга окшош чараларды көрүп жатканын айтууда.

Инфекциянын очогу болгон, 10 миллион калкы бар Фошань шаарында вирус жуктургандарды ооруканаларда атайын чиркейге каршы торлор тартылган керебеттерде кармашууда. Алар бир жума бою же анализдери таза чыкмайынча көзөмөлдө болушат.

Чикунгунья вирусун чиркейлер таратат. Ал дене табынын көтөрүлүшүнө жана муундардын катуу оорусуна алып келет. Айрым учурларда бул белгилер бир нече жылга чейин созулушу мүмкүн.

Бирок бул вирус адамдан адамга жукпайт — аны бир гана чиркей таратат. Башкача айтканда, вирусту жуктурган адамды чаккан чиркей башка бирөөнү чакканда гана вирус жугат.

Кытай бийлигинин маалыматына караганда, азырынча ооругандардын баарында белгилер жеңил формада өтүп жатат жана бейтаптардын 95 пайызы бир жуманын ичинде айыгып, ооруканадан чыгууда.

Бирок, өлкөдө анча белгилүү эмес вирустун пайда болушу эл арасында бир аз чочулоо жаратты.

Чикунгунья вирусу Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азияда, ошондой эле Африкада көп кездешет. Кытайда мындай учурлар сейрек катталат.

Бул вирус биринчи жолу 70 жыл мурда Танзанияда аныкталган. Аны жергиликтүү маконде тилинде "чикунгунья" деп атап коюшкан. Ал жыйрылып же тырышып калуу деген маанини билдирет.

Фошань шаарынан тышкары, Чикунгунья вирусу Гуандун провинциясынын дагы кеминде 12 шаарында катталды. Өткөн жума ичинде дээрлик 3000 жаңы учур аныкталды.

Дүйшөмбү күнү бул вирус коңшу Гонконгдо да чыкканы маалым болду: Июль айында Фошанга барган 12 жашар баланын дене табы көтөрүлүп, исиркектеп, муундары ооруп баштаган.

Адистер чиркейдин жумурткалары болушу мүмкүн болгон жерлерди изилдеп жатышат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адистер чиркейдин жумурткалары болушу мүмкүн болгон жерлерди изилдеп жатышат
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Гуандун провинциясынын бийлиги жаңы инфекциянын жайылышын токтотуу үчүн чечкиндүү чараларды көрө турганын билдирди.

Окшош симптомдорду байкаган адамдарга дароо жакынкы ооруканага барып, вируска текшерүүдөн өтүшү керек экенин сунуштоодо.

Бийлик суу топтолгон жерлерди дезинфекциялап жатат. Ошондой эле үйлөрдө гүлдүн идиштеринде же кофе даярдоочу аппараттарда топтолуп калган сууларды жок кылууну буюруп, бул талапты аткарбагандарга 10 миң юанга (болжол менен 1400 доллар) чейин айып салынарын эскертти. Себеби чиркейдин жумурткалары туруп калган сууда жашайт.

Мындан тышкары адистер "пил чиркейлерин", башкача айтканда узун буттуу, кан сорбогон чиркейлерди коё берүүдө. Алар адамдардын канын сорбойт, бирок Чикунгуньяны тараткан кадимки чиркейлерди жеп жок кылат. Ошондой эле суу сактагычтарга чиркейдин личинкаларын жеген балыктарды коё берип жатышат. Өткөн жумада Фошанда 5000 балык сууга кое берилди.

Кээ бир коңшу шаарлар Фошанга барып келген адамдар үчүн 14 күндүк үй карантинин киргизген, бирок азыр ал талап алынды.

Бул аракеттерди айрымдар COVID-19 маалындагы чаралар менен салыштырып, бул жолу мындай күчтүү аракеттер чын эле керекпи деген суроо узатууда.

"Бул ошол учурду эске салат. Бирок чындап эле мунун баары керекпи?" – деп жазган кытайлык Weibo социалдык түйүнүнүн колдонуучусу.

"Карантиндин эмне кереги бар? Оору жуктурган адам айланасындагыларды барып тиштебейт да" – деп жазат дагы бир колдонуучу.

Ошентсе да, COVID-19 пандемиясы маалында Кытайда катуу чаралар колдонулган: адамдар көп кабаттуу үйлөрдө камалып, бүтүндөй шаарлар узакка карантинге жабылган.

Чикунгунья деген эмне?

Көпчүлүк учурда Чикунгунья вирусун алып жүргөн чиркей чаккандан кийин 3–7 күн аралыгында оорунун белгилери билине баштайт.

Жогорку температура менен муундардын оорусунан тышкары, бул вирус денени исиркектетип, баш, булчуң оорулары жана муундардын шишиши менен коштолушу мүмкүн.

Көбүнчө бейтаптар бир жуманын ичинде жакшы болуп кетет, бирок өтүшүп кеткенде муун оору айлап, атүгүл жылдап созулушу мүмкүн.

Чикунгуньянын оор формасына көбүнчө жаңы төрөлгөн ымыркайлар, кары-картаңдар жана жүрөк оорусу же кант диабети сыяктуу өнөкөт илдети бар адамдар кабылышы мүмкүн.

Чикунгуньяга каршы атайын дарылоо ыкмасы жок, бирок өлүмгө алып келген учурлар дагы абдан сейрек.

Бул вирус алгач 1952-жылы Танзанияда аныкталып, андан кийин Африка менен Түштүк-Чыгыш Азиянын башка аймактарына жайылган. Учурда ал дүйнө жүзүндөгү 110 өлкөдө катталган.