Бишкек четиндеги айланма жолду кеңейтүү иши жана элдин үнү
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бул Бишкекти Түндүк тарабынан айланып өткөн жолдун бойлой жайгашкан үй. Жол кеңейтилет дегенден улам жарым-жартылай бузулганын көрүүгө болот. Буга чейин шаар мэриясы жана Транспорт министрлиги жол тыгынын азайтуу максатында Бишкек шаарын айланып өткөн жолду кеңейтүү иштери башталганын маалымдаган эле.
Иштин алкагында жол жээктериндеги кызыл сызыкка кирип калган курулуштар алынары айтылган.
Курулушу сүрдүрүлгөндөр эмне дейт? Аларда кайсы документтер, кандай жүйөлөр бар?
"Дордой" базарынын тегерегиндеги конуштарга барып, жергиликтүүлөрдүн пикирин уктук.
Барганыбызда жол жээгинде катар тизилген айрым үйлөрдү бузуу иштери кызуу жүрүп жаткан экен. Кээ бирөөлөр жумушчуларды жалдап иштетип жатса, айрымдары тууган-уруктарын чогултуп, өз колдору менен үйүнүн пайдубалын уратып жатканын көрдүк.
"Эч кандай компенсация төлөнгөн жок"

Жергиликтүү тургундардын көбү ачык сүйлөп билдирүүдөн чочуп жатышты. Бирок камерасыз жөн гана маектешкенибизде нааразычылыктары арбын экенин жашырышкан жок.
Алардын бири Теңдик жаңы конушунда он беш жылдан бери жашап келген Темирбек буларды айтып берди:
"Бул жерди мыйзамдуу сатып алгам, кызыл китебим да бар. Бирок кызыл сызыкты басып өткөн деп, бир нече метр жердеги курулуштарды буздуруп жатат. Жолчулар келип түрттүрүп салса, баары талкаланып, колдонууга жараксыз болуп калмак. Ошондуктан өзүбүз бузуп, жок дегенде айрым курулуш материалдарын сактап калууга аракет кылып жатабыз. Мэриядан бирөө дагы басып келген жок. Жок дегенде бузулган курулуш материалдарынын чыгымын же жумушчуларга төлөнүүчү каражатты камсыздап беришсе жакшы болмок. Бизге эч кандай компенсация төлөнгөн жок",- деп кейиди ал.
Темирбектин жашап жаткан турак-жайынын бир бөлүгү да кызыл сызыкка кирип калган экен. Ал үйүн бузганга колу барбай, сактап калууну өтүнүп жатыптыр.
"Мейли, сарайды бузайын. Бирок үйүмдүн жарым метрин сактап калууга жардам бергиле деп кайрылып жатам. Эгер аны да бузсам, өтө чоң чыгымга учурап калам. Азыр деле чыгымым аз эмес, бир топ каражат кетти", – деди Темирбек.
"Ыраазы болгон киши жок"

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошол эле конуштун дагы бир тургуну Алмаз аттуу кишиге кезиктик. Барганыбызда үч бөлмөлүү үйүнүн бир бөлмөсүн бузуп жаткан экен. Ал убагында тапкан ташыганынын баарын ошол үйгө жумшап, далай мээнет менен курганын айтып отурду.
"Архитектура белгилеп берген сызык боюнча курулуш жүргүзгөнбүз. Чектен чыккан эмеспиз. Карагылачы, эми минтип баарын бузуп жатабыз. Болгону курулуш материалдарын көчүрүү үчүн техника беребиз дешти. Башка эч кандай жардам болгон жок", – деди Алмаз нааразы болуп.
Айтымында, үйлөрү бузулган тургундарга мамлекет ипотекага деп курган көп кабаттуу үйлөрдөн бир бөлмөлүү батир сунуштап жатыптыр. Бирок беш кыздын атасы балдары менен бир бөлмөгө кантип батышабыз деп сарсанаа.
"4 пайыздык насыя менен 25 жылга батир беришти. Биз төлөп бүткөнчө ал батирдин жалпы баасы 4 миллион сомго жетип калат экен. Мамлекет болгону алгачкы бир жылдык төлөмдү жаап беребиз деп убада кылды. 25 жылда 4 миллион сом төлөө биз үчүн өтө оор болот экен. Жер тамдагыдай кенен жайылып жашай албайсың. Элдин баары нааразы, ыраазы болгон киши жок. Жок дегенде ипотекага берип жаткан батирдин баасын бир аз төмөндөтүп беришсе жакшы болмок", – деди Алмаз.
"Ичибиз муздап жатат"

Ислам агасына жардам берүү үчүн алыстан атайын келиптир. Алар агасынын үйүн толук бузуп жаткан экен.
"Кечээ көчүрүү үчүн алты бала жалдаганбыз. Бүгүн сыйырып, материалдарды алуу үчүн дагы сегиз бала жалдап келдик",- деди Ислам.
Ичи кылдат ремонттолгон, 130 чарчы метр турак-жайды Исламдын агасы жубайы экөө көп жылдар бою таксист жана тигүүчү болуп иштеп тургузган экен.
"Мамлекет деле жарандардын бала-чакасына карап анан үй бөлүп берсе болмок. 44 чарчы метрге жаңы үйлөнгөн эле жубайлар жашабаса бала-чакалуулар кантип батат? Бир тууганымдын үйүндө 5 киши жашайт. Чоңоюп калган балдары менен кантип бир бөлмөдө жатышат? Балдардын санына карап, ошого жараша бөлүп беришсе болмок. Учурда мамлекет буларды 25 жыл карыз кылып койду. Агам аны төлөп бүткүчө жашы 70тен ашып кетет экен. Ичибиз муздап жатат. Бул үйгө канча мээнет кетти. Жолдун кеңейгени биз үчүн деле жакшы, бирок берилген батирлер боюнча жеңилдиктер каралса туура болмок",- деди Ислам.
"Айлама жолдун тыгыны толук чечилет"
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, Бишкекти айланып өтүүчү жолдун курулушу февраль айында башталган. Долбоор эки жылдык мөөнөткө пландалып, эки багытка бөлүнгөн.
"Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 0-чакырымынан 9-чакырымга чейинки аралык жана Алматы-Бишкек-Ташкент жолунун 237-чакырымынан 255- чакырымга чейинки тилкеси. Жалпы узундугу 34 чакырымды түзөт," – деди Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин долбоор боюнча кеңешчиси Ташбек Жаналиев Би-Би-Сиге.
Анын маалыматына караганда, быйыл күзгө чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 0-чакырымынан тартып 9-чакырымга чейинки тилке бүтүшү керек.
Бул аймак Алма-Ата көчөсү менен айланма жолдун кесилишинен башталып, Кант шаарынын бурулушуна чейинки аралыкты түзөт.
Мындан тышкары, Алматы-Бишкек-Ташкент жолунун Алма-Ата көчөсү менен айланма жолдун кесилишинен башталып, Калыс-Ордо жаңы конушунун бурулушуна чейинки 6-чакырымы дагы быйыл курулат экен.
"Долбоордун жалпы мөөнөтү 2 жыл. Экинчи жылы "Азамат" машина базарына чейинки бөлүгү курулат. Жалпы узундугу 34 чакырым болот. Өзгөчөлүгү жолдо бир дагы жол чырагы болбойт. Эки деңгээлдүү он эки кесилиштүү В1 категориясындагы жол болот",-деп түшүндүрдү Жаналиев.
Жол куруу иштери толугу менен мамлекеттин эсебинен каржыланат жана курулушту Кытайдын "China Road" компаниясы жүргүзүп жатат.
Долбоор боюнча жолдун ар бир тарабы үчтөн алты тилкеге кеңейет. Ортосу атайын тосмолор менен бөлүнүп, эки капталы дагы коопсуздук үчүн тосулат. Андан тышкары жол жээгин жарыктандыруу каралган.
"Долбоор боюнча жөө адамдар үчүн жер алдынан өтмөктөр жана 7 көпүрө каралган. Алардын экөөсү жаңы курулат. Бул айланма жолдогу унаа тыгынын 100 пайыз чечет деп жатабыз. Жолдун сапаты боюнча атайын кеңешчилер жана лабораториялар иш алып барат. Ар бир материалдын сертификаты каралып, дыкат текшерүүдөн өтөт," – деп белгиледи Жаналиев.
Ошондой эле ал долбоорлоо жана жол куруу иштери параллель жүрүп жатканын айтып, жалпы чыгымдын суммасын так белгисиз экенин кошумчалады.
"Эч кандай менчик укугу бузулган жок"

Свердлов райондук администрациянын башчысы Капарбек Адиев Түндүк айланма жолун реконструкциялоо иштерине тоскоолдук жараткан 300гө жакын объект алынып жатканын билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү органдар тарабынан жеринде тактоо иштери жүргүзүлүп, аталган объектилердин көпчүлүгү муниципалитеттин карамагындагы ижарага берилген жерлерде курулганы аныкталган.
"Андан тышкары турак-жайлардын басымдуу көпчүлүгү тиешелүү документи жок болуп чыккан. Убагында өзүм билемдик менен эч кандай уруксаты жок турак -жай куруп алышкан. Аларга алдын-ала эскертүү берилип, өз ыктыяры менен бошотуу иштери жүрүп жатат. Бирок арасында мамлекеттик акты алган, менчик укугу катталган үйлөр дагы бар. Алардын саны өтө эле аз. Андай үй ээлери менен мыйзам чегинде тиешелүү иштер жүрүп жатат",- деди аким.
2022-жылы уруксатсыз курулган турак-жайларга документ берүү максатында "Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. Бирок ал бардык жер тилкелери үчүн жайылтылган эмес.
"Бул мыйзам кызыл сызыкка кирип калган үйлөргө тиешелүү эмес. Азыркы учурда бузулуп жаткан турак-жайлар дал ошол категорияга кирет",– деди администрация башчысы.
Акимдин айтымында, турак-жайы толук бузулуп, башка жашай турган жери жок тургундар райондук администрацияга арыз менен кайрылган. Мыйзам ченемдүү колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен алардын арыздары мэрияга жиберилип, жыйынтыгына ипотекага көп кабаттуу үйлөрдөн батирлер берилген.
"Бул жерде эч кандай менчик укугу бузулган жок",- деди аким.
Түндүк айланма жолу республикалык мааниге ээ болуп, бир нече аймакты байланыштырган маанилүү жол катары кызмат кыла турганы айтылууда.












