Орусия өзөктүк объектилерин тымызын жаңылоодо. Жашыруун документтер ачыктаган сырлар

Орусия

Сүрөттүн булагы, Wikimedia Commons/ISC Kosmotras

Орус бийлиги бир нече жылдан бери өздөрүнүн өзөктүк объектилерин тымызын жаңылап, бул жаатта масштабдуу модернизациялоо иштерин жүргүзүп жатканын немец журналы Spiegel жазып чыкты. Басылма даниялык Danwatch изилдөө борбору менен биргеликте иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгын жарыялады.

Иликтөөдө айтылгандай, эки тараптын тең журналисттери жана аналитиктери жүздөгөн деталдуу чиймелерге жана башка жашыруун документтерди талдоого мүмкүнчүлүк алышкан. Аларда Оренбург облусунда, Түштүк Урал тоолорунда жайгашкан Ясный базасынын мисалында "эбегейсиз өзөктүк модернизациялоо" жүрүп жатканы көргөзүлгөн.

Ясный – Орусиянын территориясындагы маанилүү 11 пункттун бири. Ал жерден алыс аралыкка жерден учуучу ракеталарды, анын ичинде өзөктүк дүрмөттөр менен жабдылган ракеталар менен сокку урууга мүмкүн.

Орусия

Сенсация жараткан макаланын авторлорунун айтымында, Орусиянын аскердик сатып алууларына байланыштуу эки миллионго чукул документтерди талдап чыгышкан. Аларды бир нече ай бою жалпыга жеткиликтүү маалымат базасынан системалуу түрдө чыгарып алышкан.

"Орус бийлиги маалымат базалары менен колдонууну барган сайын чектей баштаган. Ага карабай, биз ар кандай санариптик технологиялардын жардамы менен, анын ичинде Орусияда, Казакстанда жана Беларуста жайгашкан серверлер аркылуу бул чектөөлөрдү "айланып өтүп", маалыматтарды чыгарып калууга жетиштик", – деди макаланын авторлору.

Ал жактагы жүргүзүлүп жаткан мерчемдүү иштин чен-өлчөмүн визуалдык түрдө дагы байкаса болот – журналисттер жарыялаган спутник сүрөттөрүндө так байкалат. Тартылгандардын аралыгында бир нече жыл айырма бар.

Орусия

Эгер мурда "ракеталык шахтанын чатырын жана жапыз тосмо менен курчалган кадимдикей имараттарды" гана көрүүгө мүмкүн болсо, азыр ал жерге бүтүндөй аскердик комплекстер пайда болду.

Баардык жерди байкоочу камералар көзөмөлдөп, керектүү коргонуу чаралары кабыл алынган. Анын ичинде дистанциялык ок атуу пункттары, зым менен тартылган жардыргычтар жана абадан коргонуунун заманбап системалары орнотулган.

Кээ бир сүрөттөрдө имараттардын, атап келсе, байкоочу мунаралардын ачык-айкын контурларын көрүүгө болот.

"Ондогон жылдар бою изилдөөчүлөр Орусиянын өзөктүк потенциалынын өнүгүшүн дал ушундай жол менен байкоо жүргүзүп келишкен – спутник сүрөттөрү аркылуу", – деди иликтөөгө Danwatch басылмасынан катышкан журналисттер.

Айта кетсе, Danwatch басылмасы коомдогу орчундуу темаларды, анын ичинде бийликти кыянаттык менен пайдалануу, уурулук жана башкалар боюнча иликтөөлөрү менен кеңири белгилүү.

"Бирок спутник чатырдын астында эмне болуп жатканын көргөзө албайт, жер астына кире албайт. Ошондуктан өзөктүк базаларды көзөмөлдөө ушул күнгө чейин ушуну менен гана чектелип келген", – деп Danwatch авторлору белгилешти.

Орусия

Сүрөттүн булагы, Danwatch

Эми, купуя документтердин "массалык түрдө" ачыкка чыгып кетиши иликтөөчү журналисттерге жабык аймакта так эмнелер жайгашканы (формалдуу түрдө ЗАТО статусуна ээ болгон – Жабык административдик-аймактык түзүм), бул объекттер кандайча жашгаштырылганын жана кантип көзөмөлгө алынгандыгы тууралуу көбүрөөк билүүгө жетишти.

Ачыкка чыгып кеткен "жүздөгөн деталдуу схемалар" журналисттерге "Путиндин жашыруун пландарынын көшөгөсүн ачууга" мүмкүндүк берди.

"Бул чиймелер менен биз имараттардын ичин карап, жада калса жер астындагы түзүлүштөрүн талдай алабыз. Бул таптакыр болуп көрбөгөндөй окуя", – дейт Danwatch басылмасынын негиздөөчүлөрүнүн бири, өзөктүк курал боюнча дүйнөдөгү алдыңкы эксперттердин бири Ханс Кристенсен.

Орусия

Сүрөттүн булагы, Danwatch

Путиндин коркутуулары реалдуу боло баштадыбы?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Владимир Путин 2018-жылдын 1-мартында Москвада сенсациялык билдирүү жасап, өлкөнү Батыш менен куралдануу жарышында алдыга сүрөй турчу бир катар жаңы өзөктүк курал системаларын түзөрүн жарыялаган.

"Бизди эч ким уккусу келбей койду эле, анда эмесе эми уккула", – деген Путин.

Ошол кезде Путин өздөрүнүн өзөктүк комплекстин масштабдуу модернизациясы тууралуу жашырып койгон.

Модернизациялоо планын иштеп чыгууга 10 жылдан ашык убакыт талап кылынган. Бирок Путин Москвада билдирүү жасап жаткан учурда ал жактагы (анын ичинде Ясныйда да) иш кызуу жүрүп жаткан эле.

Журналисттер жүз миңдеген документтерди изилдеп чыгышса, Орусиянын аймагында жаңы объектилер акыркы жылдары гана курулганы байкалган.

Совет доорундагы эски базаларды жаңыдан салып чыгышкан: алардын аймагында жүздөгөн жаңы казармалар, кароол мунаралары, командалык борборлор жана кампалар пайда болгон. Ошондой эле имараттарды бири-бири менен байланыштырган жер астындагы тоннелдер курулган.

Орусия

Сүрөттүн булагы, Danwatch

Би-Би-Синин аскер талдоочусу Павел Аксеновдун баяндамасы:

Spiegel жана Danwatch жарыялаган документтерде орусиялык аскер объектинин аймагындагы имараттардын биринин архитектуралык чиймелери камтылган. Имараттын так максатын аныктоо кыйын, бирок анын түзүлүшүндө "башкаруу бөлмөсү" жана коопсуздук бөлмөсү көрсөтүлгөн.

Бул көп имараттардын бири гана. Чет мамлекетке мындай схемалардын өтүп кетиши Стратегиялык ракеталык күч түзүмдөрүнүн коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирет.

Туруктуу ядролук объектилер, мисалы, ракета учуруучу шахта же боеголовкаларды сактоочу жайлар адаттагыдай эле аба соккуларынан жакшы корголгон. Алар жогорку тактыктагы ракеталык соккуга да, жакын жердеги өзөктүк жарылууга да туруштук бере алат деп айтылат.

Ракета учуруучу шахталардын коопсуздугу инженердик тактык жана терең жер астындагы курулуш менен гана камсыз кылынат. Анчалык корголбогон мобилдик учуруу комплекстеринен ушунусу менен айырмаланат.

Орусия

Сүрөттүн булагы, Danwatch

Стационардык объектилер ракеталык соккуларга гана эмес, атайын күчтөр уюштура алчу саботаждардарга дагы алсыз.

Ушундан улам мындай объектилерди атайын даярдалган бөлүкчөлөр, анын ичинде стратегиялык ракеталык күчтөр жана башка коопсуздук органдары кайтарышат. Эгерде мындай объектилердин архитектуралык чиймелери ачыкка чыгып кетсе, ал жакты басып кирүү мүмкүнкүлүгүн оңойлоштурат.

Чертёжу батыш журналисттердин колуна тийген объекттердин бири орус-казак чек арасынан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Аталган өлкө Орусия менен достук мамиледе жана анын аймагынан өзөктүк объектилерге чабуул жасалаарын элестетүү кыйын.

Бирок мындай объектилердин принципиалдуу түрдө аялуу болуп калышы орус аскерлеринин тынчсыздануусун жаратышы керек. (КВ)