"Жаны кыйналбай, мүрт кеткендерине сүйүндүм". Титаникке жетебиз дегендер кабылган кырсык

"Титаник" тасмасы кезинде өтө популярдуу болгон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Титаник" тасмасы кезинде өтө популярдуу болгон

Эбак чөгүп, окуясы легендага айланган атактуу “Титаникке” жетүүгө аракет кылгандар азыр да жок эмес. 2023-жылдын июнь айында ошондой максат менен океандын тереңине сапар тартып, бирок чөгүп кеткен “Титан” батискафынын апаатына күбө, түздөн-түз катышуучусу болгон киши Би-Би-Сиге башынан өткөргөндөрдү баяндап берди. Анын коркунучу жана жалган үмүтү.

Titanic түбөлүккө чөгүп жаткан жерге жетүү үчүн 2023-жылдын июнь айында Рори Голден Oceangate компаниясы тарабынан камсыздандырылган Polar Prince чакан муз жаргыч кемесинин бортунда каргашалуу экспедицияга катышкан.

PA Media

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, PA Media

Сууга киргенден эки саат өтпөй, суу астындагы чакан кеме менен байланыш күтүлбөгөн жерден жок болуп кетип, ошол бойдон калыбына келген эмес. Бортто беш киши бар эле.

“Баарыбыздын мээбизди окшош ой ээлеп алды, - деп эскерет ал. — мындай сөөк какшаткан суукта алар кантти экен? Кычкылтектери түгөнүп бара жатканы алардын жүрөгүнүн үшүн алып жатса керек”.

Көп узабай эле ал суу астындагы чакан кеме дароо жарылганын билгенде ал кадимкидей жеңилдей түшкөнсүгөнүн эскерди. Жок эле дегенде борттогулар азап тартып, жандары кыйналбай мүрт кетишти деген аргасыз ой соороткон.

Рори Голден Пол Анри Наржоле менен соңку ирет кездешкен учуру

Сүрөттүн булагы, Renata Rojas

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Рори Голден Пол Анри Наржоле менен соңку ирет кездешкен учуру

Анын айтымында, адегенде байланыш жоголгондо анчалык деле тынчсызданган эмес. Себеби океанда байланыштын үзгүлтүккө учурашы — кадимки эле көрүнүш. Качан гана кораблдин капитаны коңгуроо какканда Рори олуттуу бир нерсе болгонун түшүнгөн.

АКШнын Жээк коопсуздук кызматы кеңири масштабдуу издөө-куткаруу операциясынын башталганын жарыялаган. Бир нече күндөн кийин издөө учактары дайынсыз жоголгон суу астындагы чакан кемеден чыгышы мүмкүн деген сигналды табышкан.

Кийинчерээк Атлантика океанынын түбүндө жаткан “Титаникке” жакындаганда “Титан” укмуштай чоң басымга туруштук бере албай жарылып, борттогулардын бардыгы бир заматта көз жумганы белгилүү болгон.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Бирок биз төрт күн бою жалган үмүт менен жашадык,— деп эскерет Рори Голден. —Биз дагы эле көптөгөн суроолорго жооп табышыбыз керек”.

Каза болгондордун арасында британ окумуштуусу Хамиш Хардинг, Пакистандан чыккан британиялык ишкер Шахзада Дауд жана анын уулу Сулеман, Oceangate компаниясынын башкы директору Стоктон Раш жана франциялык суучул Пол Анри Наржоле бар эле.

Рори Пол Анри менен жакын дос болгон: Наржоле бүт өмүрүн суу астындагы тереңдикти изилдөөгө арнаган. Океан тереңине карай каргашалуу сапар алдында алар коштошкон, кийин билингендей бул акыркы коштошуу болгон экен.

"Ал кемени жакшы маанайда жана сонун абалда таштап кетти, — деп эскерет Голден. — Ал бактылуу болчу: анткени, ал өзү эңсеген жакка бара жаткан”.

Азыр Голден кайрадан “Титаникке” барчу дагы бир экспедицияда — “Титан” трагедиясынан кийинки биринчи экспедицияда. Ал эми бул экспедицияны мурдагы план боюнча Наржоле жетектеши керек болчу.

Анын урматына суу астында жүрүүчү кайык кыйраган жерге мемориалдык такта орнотулуп, андан кийин “Титандын” бортунда каза болгондордун бардыгына кемеде кечиктирилген эскерүү кечеси өткөрүлдү.

Рори Голден өзү буга чейин “Титаникке” бир жыл мурун, башка “Oceangate” суу астындагы кемеси менен түшкөн.

Чөккөн эбегейсиз кеменин сыры азыр да толук ачыла элек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чөккөн эбегейсиз кеменин сыры азыр да толук ачыла элек.

Экспедицияда ага окшогондор көп. Трагедия менен аяктаган каргашалуу сапар га чейин “Титан” “Титаникке” түшүп, 15 жолу кайра көтөрүлгөн.

Кийинчерээк болуп өткөн кырсыктан улам кемеге түшүүсүн кайра карап чыгуу керекпи деген суроого Рори философиялык түрдө жооп берет.

"Бул менин убактым эмес болчу, - деп колун көтөрөт ал. — Кимдики качан келээрин эч качан билбейсиң. Ошентсе да бул трагедия, албетте, баарыбызга муну түшүнүүгө жардам берди”.

Жоголгондон төрт күндөн кийин табылган “Титан” батикафынын сыныктарынын табылышы борттогу адамдардын тагдыры эмне менен аяктагандыгын дагы бир ирет тастыктады.

“Суу астындагы кеменин калдыктары табылганда баарыбыз ыйладык”, - дейт ал.

“Ошол жумада кемеде болгон баарыбыздын ортобузда өзгөчө байланыш түзүлдү. Жана бул байланыш ар дайым болот”.

Сууга түшөөрдүн алдында тармактык эксперттер “Титан” суу астындагы кеменин коопсуздугу боюнча көптөгөн олуттуу суроолорду көтөрүшкөн.

АКШ жана Канаданын Жээк коопсуздук кызматы тарабынан иликтөө иштери дагы эле уланууда.

Алар мындай трагедия кайра кайталанбашы үчүн өзгөрүүлөрдү талап кылышы мүмкүн.