Кыргызстан Орусияга эки илбирс жиберет. Экологдор буга каршы
Сталбек Абдижалил, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan
Кыргызстан изилдөө иштери үчүн деген жүйө менен Орусияга эки ак илбирс жибере турганы маалым болду. Учурда атайын топ сейрек кездешүүчү бул жаныбарды кармоонун үстүндө иштеп жатат. Айрым экологдор менен илбирсти коргоо боюнча иш алып баргандар жырткыч жаныбарды байырлаган жеринен башка жакка көчүрүп барып изилдөөнү колдобой тургандыгын айтышты. Илбирстерди коргоо боюнча түзүлгөн дүйнөлүк уюм дагы бул демилгеге тынчыздануусун билдирди.
Сейрек кездешүүчү бул жаныбарды кармоо үчүн дайындалган экспедициялык топту Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун бөлүм башчысы Аскар Давлетбаков жетектөөдө.
Илбирс кармамакчы болгон топ азык-түлүктөрү түгөнгөндүктөн экспедициядан кайтып келишкенин, жакынкы убакта керек-жарактарын камдап алышып ишти кайра улантышарын Давлетбаков Би-Би-Сиге айтып берди:
"Эки топ 15 күндөй жүрдүк. Бирөө Тескей Ала-Тоодо, экинчиси Көк-Шаалда (Какшаал-Тоо кыркасы – ред.) иштедик. Илбирсттер көзгө урунду, бирок биз койгон тузактарга келбей жатышты. Бир илбирс тузакка түшүп, бирок кайра чыгып кетти. Бизге эки-үч жаштагы илбирсттер керек, анткени 5-6 жылга созулган изилдөө иштеринен кийин алар кайтып келиши керек да".
Илбирстерди кармоо үчүн олдрич кылтагы колдонулууда. Давлетбаковдун айтымында, бул шаймандан жырткыч жаныбар эч кандай жаракат албайт. Илбирстерди кармайбыз деген аймактарга жалпысынан 15 тузак коюлган.

Сүрөттүн булагы, 24.kg
Мамлекеттер аралык келишимдин максаты
Аскар Давлетбаков белгилегендей, Орусияга илбирстерди жиберүү боюнча долбоор жыл башында кабыл алынган. Ал ошондой эле бул үчүн Татарстадын башчысы менен Кыргызстандын президенти атайын келишимге кол коюшканын да айтты.
Долбоорду ишке ашыруу Экология министрлигинин алдындагы Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментине жүктөлгөн. Мекеменин директору Эмил Ибраевдин айтымында, ак илбирстерди чогуу изилдөө боюнча Орусиянын Северцов атындагы эволюция жана экология маселерин изилдеген институттан сунуш түшкөн:
"Бизде көп жылдан бери ак илбирсти коргоо боюнча ар кандай долбоорлор иштеп келгени менен изилдөө боюнча алгылыктуу жумуштар жасалган жок. Анын үстүнө илбирс аябай сак жаныбыр, окумуштууларыбыз да жок. Мындан улам биз келип түшкөн сунуштун негизинде ак илбирсттерди изилдөө боюнча программа иштеп чыкканбыз. Учурда эки илбирсти кармоонун аракетиндебиз. Биз бул жаныбарды коргоп, сактап калыш үчүн биринчи алардын биологиясын, оорусун, кандай коркунучтары бар экенин билишибиз керек".

Сүрөттүн булагы, undp.org
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Келишимге ылайык Орусияга бир ургачы, бир эркек ак илбирс жиберилет. Алар кармалгандан кийин карантинде болуп, тукум улаганга жөндөмдүү экендиги текшерилет. Башкча айтканда Кыргызстандан барган илбирстер Орусияда алатоолук ак илбирстердин тукумун калтырышы керек.
"Ме деп эле берип койбойбуз, илбирстер биздин менчик болуп эсептелет. Алар изилдөөнүн обьектиси болот да бизге кайтарылып берилет. Учурда Орусиянын Алтай Республикасында ак илбиртти коргоо боюнча “Ак илбирс” деген илимий-техникалык база курулуп жатат. Ошол жакка жиберилет. Биз өзүбүздүн жаныбарлардын биялогиясын билип, ошолордогу ар кандай ооруларга каршы иш жүргүзгөнүбүздө гана аларды сактап калуу багытын колго алабыз. Азыр жаратылыштан келген оорулар жаныбарлар менен адамдарга залалын тийгизип жатат. Үч жыл мурун Казакстанда 250 миңден ашык бөкөн кырылып калды. Кавказда дагы кызыл китепке кирген жаныбарлар өлдү”, – деди Ибраев.
Ал кошумчалагандай, бул долбоорду Татарстандын башчысы Рустам Минниханов да колдоого алган.
"Татарстандын башчысы менен Алтайдын бийлигинин сүйлөшүүсүнөн кийин илбирстерге деп тогуз миң гектар жер бөлүнгөн. Анан илимий база куруу тууралуу ойлорун биз менен бөлүшүштү. Биз жөн эле берип койгонго каршыбыз, андан көрө чогуу изилдейли, чогуу көбөйтөлү дедик. Биздин өлкөдө ак илбирсти генетикалык жактан изилдей турган технология жок. Керек болсо азыр да заңын, канын изилдөө үчүн Америкага алып кетишет. Алар биз сураганда гана берет. Эми Орусия менен биз чогуу иш жүргүзөбүз. Ошол борбордо биздин илимпоздор дагы иштейт, студенттер барып практика өтүшөт. Бул долбоордун алкагында Кыргызстанга “Ак-илбирс” илимий борборунун филиалы курулат”.

Сүрөттүн булагы, Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan
Советтер Союзу кулагандан кийин Кыргызстанда илбирстин саны кыскарып кеткенин окумуштуулар бир-нече жолу айтып чыгышкан. Акыркы жылдары өлкөдө ак илбирсти коргоо боюнча Эл аралык уюмдардын колдоосу менен ар кандай долбоорлор ишке ашырылып келет. Өлкөдө илбирстерди коргоо жаатында иш алып барган төрт-беш коомдук уюм бар.
Эксперттер эмне дейт?
Жапайы жаратылышты сактоо жаатында иш жүргүзгөн "Илбирс" фонду сүрөт капкандарды коюп, илбирстердин моюнуна каргы тагып, спутник аркылуу алар байырлаган аймактарды жана жан багуу айласы кандай экенин иликтеп келет.
Фондун төрагасы Заирбек Кубанычбеков Орусияга ак илбирсти жиберүү программасына карата өз оюн ортого салды:

Сүрөттүн булагы, social media
"Мен ал келишим менен таанышпагандыктан, концепцияда эмнелер камтылганын көрбөгөндүктөн, бул программанын илимий жактан туура же туура эмес экенин айта албай турам. Жалпы оюмду билдирсем, эгер ооруларын изилдөө үчүн муктаждык жаралса анда ошол ооруган илбирстти алып барып изилдесе болот. Бирок жалпы илбирсттерге изилдөө жүргүзүү керек болсо анын башка жолдору бар. Мисалы илбирстерге кыйыр түрдө зыяны тие турган факторлорду да изилдөө керек. Алсак илбирстер азыктанган жапайы жаныбарларга кандай коркунучтар болуп жатканы ж.б. Ал эми генетикасы боюнча сөзсүз түрдө илбирстерди коргоо боюнча эл аралык уюмдар, атайын лабороториялар менен биргеликте иш жүргүзүү керек".
Экология боюнча эксперт Калия Молдогазиева бул долбоорду кескин сындады. Ал оорусу менен генетикасын изилдөө үчүн илбирсти сөзсүз эле кармап, бир жерден экинчи жерге алып баруунун зарылдыгы жок деген пикирде.

Сүрөттүн булагы, Daniar Zharkynbaev
"Эгер чын эле изилдөө максаты коюлса анда ушул жерден эле изилдөө керек. Аны алып барып кайра алып келгенде аларга эмне болорун кайдан билебиз? Ошол жактан ар кандай ооруларды жугузуп алышы мүмкүн, жыйынтыгын эч ким билбейт да. Эки илбирс Кыргызстандагы жалпы илбирсттерге мүнөздөмө бере албайт. Бул илимге да туура келбейт. Кеминде жыйырма илбирске изилдөө жүргүзүү керек", – деди Молдоказиева.
Анын оюн көз карандысыз эксперт жана эколог Гамал Сооронкулов да кубаттады:
"Мен бул долбоорго каршымын. Эмне үчүн илбирстерди Орусияда изилдөөбүз керек? Бир нече жылдан бери илибрсти коргоого багытталган долбоорлор эмнеге өздөрү изилдей албайт? Мен дагы бир кезде Таластын тоолорунан илбирстерди изилдөө программасына катышкам. Биз илбирстин жүндөрүн, заңдарын, ж.б калдыктарын таап, адистерге жибергенбиз. Эмне үчүн бир ургаачы бир эркек илбирс жиберилиши керек деген суроо пайда болуп жатат. Бизде ансыз да илбирстин саны аз болсо, аны сактап калуу үчүн баарыбыз илбирс-илбирс деп жүрсөк, анан аларды башка жакка жиберген эмне деген жорук? Эки илбирстин чыгып кеткени бул биздин тоолордогу эки илбирс жок болду деген сөз. Эгер бул чын эле ишке ашырылып жатса, анда долбоорго жоопту адамдар учуру келгенде жооп берип калат".
Эки адис тең жиберилген илбирстер кайра Кыргызстанга алынып келинет деген кепилдик барбы деген суроо кабыргасынан турат дешет. Экинчи жагынан репродукциясы ансыз да чектелүү делген жырткычтар так ошол тукум улай турган учурунда Ала-Тоодон алынып кетсе кандай болот дешет.

Сүрөттүн булагы, social media
Дүйнөлүк Ак илбирсти коргоо уюмунун билдирүүсү
Ак илберстер дүйнөдөнүн 13 өлкөсүндө – Ооганстан, Бутан, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Монголия, Непал, Орусия, Пакистан, Тажикстан, Ɵзбекстанда деңиз деңгээлинен 1000 метрден 5400 метрге чейинки бийиктикте байырлайт. Бул жырткыч жаныбарлар тукуму кыскарып, жоголуу коркунучунда болгондуктан аны коргоо максатында бүткүл дүйнөлүк Ак илбирстерди коргоо тармагы түзүлгөн. (Snow Leopard Network).
Дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн 601 адам мүчө болгон бул уюм, жеке адамдардын, бирикмелердин жана өкмөттөрдүн ортосундагы кызматташтык аркылуу жоголуу коркунучунда турган ак илбирстерди коргоодо илимий жактан негизделген тыянактарды сунуштап келет.
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын "Илим менен технология өнүккөн заманда илбистерди бир жерден экинчи жерге которуп барып, изилдөө канчалык натыйжалуу?" деген суроосуна Ак илбирстерди коргоо тармагы тынчыздануусун билдирген жообун узатты. Биз анда айтылгандарды кыскартып беребиз.
"Дүйнө жүзү боюнча илимпоздор менен жаратылышты коргоочулар ортосунда консенсус бар. Ага ылайык илбирстерди изилдөө, коргоо максатында же жаныбар менен болгон конфликтти жөнгө салуу үчүн кармап алып кетүүгө болбойт. Илбирс ооруп калганда же жапайы жаратылышта калтырууга болбогон өзгөчө жагдайларда гана кармоого уруксат берилет. Кармоо – башка бардык арга түгөнгөндөн кийин, акыркы чара катары каралышы керек. Ак илбирстер Азиянын улуу тоолорунда эркин жашоого татыктуу. Ак илбирсти кармоо жана курчалган аймакта жашоого мажбурлоо этикага туура келбейт. Өзгөчө учурларды эске албаганда, мындай чаралар эч кандай илимий же жаратылышты коргоо максатын көздөбөйт", – деп жазылат уюмдун бизге жолдогон катында.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ак илбирстерди коргоо тармагы илибрсти изилдөөдө GPS-трекерди колдонуу, фотокапканга түшүрүү, заңдын ДНК анализи, заңдын микрогистологиялык анализи жана жүрүм-турумга байкоо жүргүзүү сыяктуу изилдөө ыкмалары негизги ролду ойной тургандыгына токтолгон.
Ак илбирсти коргоо тармагынын позициясы уюмдун жетектөөчү комитет жетекчилери жана мүчөлөрү тарабынан даярдалганы айтылып, төмөнкү адамдардын ысымдары көрсөтүлгөн.
- Сандро Ловари – комитет төрагасы
- Жастин Шанти Александр – аткаруучу директор
- Белинда Райт
- Мадху Четри
- Пуревжав Лхагважав
- Сяо Лингюн
- Вали Модакик
- Оржан Йоханссон
Кыргызстанда ак илбирстер көбөйүп жатабы?
Илимпоздордун маалыматы боюнча, Кыргызстандагы ак илбирстер 3000 метрден кем эмес бийик жерлерди байырлайт. Улуттук илимдер академиясы учурда өлкө аймагындагы ак илбирстердин саны 450 экенин айтууда. Так саны белгисиз болгону менен көзгө көп урунуп жатканын эске алганда алардын саны акырындан көбөйүүдө дешет айрым адистер.

Сүрөттүн булагы, Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan
Кыргыздар ак илбирсти ыйык тутуп, аяр мамиле кылып келген. Бирок колунда бийлиги бар кишилер сөөлөт күтүп, илбирстин терисинен ичик, тебетей кийип, бири-бирине тартууга берген учурлар болуп турган. Совет мезгилинде зоопарктар үчүн ак илбирсти Кыргызстандан алдырып кеткен мисалдар болгон. Кийин илбирстерге аңчылык кылууга жана кармоого тыюу салынып, 1980-жылдары алардын саны 1500гө чамалаганы айтылат.












