АКШ менен Украина сейрек минералдарды чогуу иштетүү боюнча келишимге кол коюшту

АКШ менен Украинанын каржы министрлери келешимге кол коюп жатышат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ менен Украинанын каржы министрлери келешимге кол коюп жатышат

Вашингтон менен Киев шаршемби күнү сейрек кездешүүчү кен байлыктарды биргелешип казуу жана Украинаны калыбына келтирүү үчүн инвестициялык фонд түзүү тууралуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлиги билдирди.

Министрликтин расмий сайтына жарыяланган билдирүүдө келишим "Орусиянын толук масштабдуу баскынчылыгы башталгандан кийин АКШ эли көрсөткөн олуттуу каржылык жана материалдык колдоого" таазим катары кабыл алынганы айтылат.

"Бул экономикалык кызматташтык эки өлкөгө материалдык активдерин, жөндөмүн жана адистерин бириктирип, Украинанын экономикасын калыбына келтирүү иштерин тездетүүгө жол ачат", – деп белгиледи АКШнын Каржы министрлиги.

Министрлик мындан тышкары программа кандайча башкарылары такталып бүтө электигин, өнөктөштүктү бекемдөө иштери улантыларын кошумчалады.

АКШнын каржы министри Скотт Бессент макулдашууну тарыхый келишим катары атады:

"Президент [Дональд Трамп] айткандай, кошмо штаттары бул ырайымсыз жана маанисиз согушту токтотуу үчүн жардам берүүгө милдеттүү. Трамптын администрациясы эркин, эгемен жана гүлдөгөн Украина үчүн узак мөөнөттүү тынчтык планына умтулат жана ушул келишим аркылуу Орусияга ачык белги берет".

Министр Скотт Бессент жана министр Юлия Свириденко

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Министр Скотт Бессент жана министр Юлия Свириденко

Ушул тапта Вашингтондо жүргөн Украинанын экономика министри Юлия Свириденко да келишимге кол коюлганын Фейсбук аркылуу ырастады.

"Президенттерге лидерлиги үчүн ыраазычылык билдирем. Макулдашуу боюнча иштеген, анын мазмунун жакшырткан бардык адамдарга ыракмат. Азыр бул документ эки тарапка тең ийгилик алып келе турган деңгээлге жетти", – деп жазды украин министри.

Свириденконун айтымында, эми бул келишимди Украинанын Жогорку Радасы ратификациялашы керек.

Келишимдин деталдары

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Келишимдин шарттарына ылайык, Украинадагы сейрек кездешүүчү минералдардан, инфраструктуралык объектилерден жана башка активдерден түшкөн кирешелерди башкарып турган биргелешкен фонд түзүлөт. Ал түшкөн кирешенин эсебинен каржыланмакчы.

Би-Би-Си буга чейин таанышкан долбоордун текстинде жазылгандай, АКШ келишим түзүлгөнгө чейин Украинага көрсөткөн аскердик жардамы үчүн акы доолабашы керек.

Бирок келишимге кол коюлгандан кийинки бардык жардам инвестиция катары эсептелет. Мурда берилген жардамды "карыз" катары карабоо Киев койгон негизги шарт болду.

Дональд Трамп президет болуп шайлангандан кийин бир нече жолу Америка Украинага берген курал-жарактын акысын алышы керек деген. Ал жардамдын ордуна сейрек кездешүүчү металлдарга ээлик кылуу укугуна АКШ ээ болушу керек деп айткан эле.

АКШ келишим боюнча артыкчылыктуу укуктарга ээ. Бирок ал Вашингтонго кен байлыктардан же инфраструктурадан түшкөн кирешеге ээ болууга автоматтык түрдө укук бербейт.

Украинанын өкмөт башчысы Денис Шмыгал белгилегендей, бул келишим "толугу менен өнөктөштүккө" негизделет.

Инвестициялык фондду башкаруу жана аны каржылоо иштеринин үлүшү 50/50 болот. Украина ресурстары, кендери жана инфраструктурасы боюнча көзөмөлдү сактап калат. Жаңы лицензияларды берүүдөн түшкөн акчаны биргелешкен фондго которот.

Фонд он жыл аралыгында Украинага инвестиция тартууга багытталат. Бул узак убакытта пайда бере турган инвестиция же "ал же төлө" (take or pay*) принциби менен украин продукциясын сатуу болушу мүмкүн.

Шмыгалдын айтымында, бул келишим Украинанын Европа Биримдигине кошулуу процессине тоскоол болбойт.

*(Take or pay келишими – сатып алуучу тарап келишим түзүү учурунда белгилүү бир көлөмдөгү товарды сатып алууга макулдашат. Бирок ал көрсөтүлгөн көлөмдү албаса да акчаны толук төлөөгө милдеттүү болот).

Келишимге жетүүдөгү кыйынчылыктар

Келишим түзүүгө катышкан эки тараптын өкүлдөрү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Келишим түзүүгө катышкан эки тараптын өкүлдөрү

Шаршемби күнү АКШ менен Украина Вашингтондо көптөн күткөн сейрек минералдар боюнча келишимге кол коюуга камынып жатканын Bloomberg менен Reuters жазган.

Муну украин премьери Шмыгал да ырастап, негизги маселелер макулдашылып, текст англисчеден украинчеге которулганын айтып, кол коюуга ыйгарым укуктуу болгон министр Юлия Свириденко Вашингтонго жөнөп кеткенин билдирген.

Эки тарап 18-апрелде экономикалык өнөктөштүк келишимине карай маанилүү кадам таштап, меморандумга кол коюшкан.

"Ниет тууралуу меморандум" деп аталган бул макулдашуу Украина менен АКШнын ортосунда толук кандуу Экономикалык өнөктөштүк келишимин түзүүгө жана Украинаны калыбына келтирүү боюнча инвестициялык фондду негиздөөгө жол ачкан.

Андан кийин сейрек кездешүүчү минералдар боюнча келишим түзүлмөк. Бирок ага аз калганда тараптар ортосунда келишпестик жаралганын Financial Times басылмасы украин өкмөтүндөгү булактарына таянуу менен жазып чыккан.

FT кабарлагандай, АКШ тарап негизги келишим менен катар фондду түзүү жана каржылоо шарттарын камтыган кошумча документтерге да кол коюлушун талап кылган. Буга албетте украин каршы болгон, анткени деталдуу макулдашуулар биринчи кезекте Жогорку Рада тарабынан ратификацияланышы керек.

АКШнын Каржы министрлигинин кызматкерлери Свириденкону "бардык документке кол коёт же үйүнө кайтат" деп демиткен.

Көп өтпөй америкалык министр Скотт Бессент украин тарап документке өзгөртүү киргизүүнү көздөп жатканын, алар даяр болсо эле келишимге келе турганын айтты .

Келишимдин тарыхы

Келишимге чейин эки тарап узак жана татаал сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Украинанын баалуу кен байлыктарына Батыш тараптан көз арткан ачык пикир 2024-жылдын июнунда таасирдүү республикачыл сенатор Линдси Грэминин оозунан чыккан. Ал сейрек минералдарды АКШ менен бирге казуу мүмкүнчүлүгү тууралуу айткан эле.

"Украиналыктар 10-12 триллион долларга тете кен байлыктарды басып жатат. Бул аларды Европадагы эң бай өлкөгө айланта алмак. Путин бул байлыктарды Кытай менен бөлүшүүнү каалайт. Эгер азыр жардам берсек, Украина биздин мыкты өнөктөшүбүз болуп калат", – деген ал.

Муну кийинчерээк украин президенти Володимир Зеленский колго алып, 2024-жылдын сентябрында Дональд Трамп менен жолугушканда АКШга жаратылыш ресурстарынан жана маанилүү кендерден экономикалык үлүш алууну сунуштаган. Бул идея 2024-жылдын октябрында "жеңиш планы" деген ат менен Европалык кеңешке да көрсөтүлгөн. Зеленский анда уран, титан, графит жана литийди биргелешип пайдалануу боюнча сунуш киргизген. Украин лидери ал байлыктардын баасын триллиондогон долларга баалаган.

Трамп президенттикке киришкенден кийин АКШда бул тема кайра жанданып, бирок башкача өңүттө кеп боло баштады. Трамп мурда берилген аскердик жардамды кайтарып алуу үчүн Америка Украинанын кен байлыктарына ээ болушу керек деп ачык эле айтты.

Февраль айында АКШнын каржы министри Скотт Бессент келишимдин алгачкы долбоорун көтөрүп, Киевге келген. Бирок украин бийлиги ал вариантта коопсуздук кепилдиктери жок болгондуктан документти артка кайтарган.

Маалымат каражаттары жазгандай, келишимдин биринчи версиясында Украина менен АКШ биргелешкен фонд түзүп, баалуу кенди казып алуудан түшкөн киреше тең бөлүштүрүлүшү керек болчу.

Бирок кийинчерээк Ак үй өзүнүн шарттарын кескин өзгөртүп, фондго 100% ээ болууну каалаган. Украина болсо келечектеги казып алуудан түшкөн кирешелеринин үчтөн эки пайызын фондго которушу керек болчу. Ал эми калган бөлүгү буга чейин берилген аскердик жардамдын ордуна АКШга берилмек.

Бул шарттар Украинада кескин сынга кабылып, Батыштагы айрым аналитиктер муну Биринчи дүйнөлүк согуштан кийинки репарациялык келишимдерге салыштырышты.

2025-жылдын 20-февралында Axios басылмасы АКШ жакшыртылган сунуш бергенин кабарлады. Жаңы вариант украин мыйзамдарына жана алардын кызыкчылыгына туура келээри айтылган.

Акыры эки тарапка да жаккан вариант даярдалып, март айында декларациялык негиздеги макулдашууга жетишти. Бул декларация инвестициялык фондду түзүү жана тең укуктуу башкаруу тууралуу болгон. Зеленский аны "парламенттик ратификацияны талап кылбаган алгачкы келишим" деп мүнөздөгөн.

2025-жылдын 26-февралында украин өкмөтү документти бекитти, ал эми 27-февралда Вашингтон тарап да макулдашылганын жарыялады. 28-февралда Зеленский баш болгон делегация АКШга келип, салтанаттуу кол коюу күтүлүп жаткан.

Зеленский менен Трамп Ак үйдө кайым айтышкан күн. 2025-жылдын 28-февралы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Зеленский менен Трамп Ак үйдө кайым айтышкан күн. 2025-жылдын 28-февралы

Кырдаалдын курчушу жана жаңы баскыч

Володимир Зеленский менен Трамптын келишим түзүү алдындагы маанилүү жолугушуусу Ак үйдө курч кайым айтышуу менен аяктады. Зеленский колун силкип туруп кетти. Ал эми Трамп "тынчтыкка даяр болгондо кайра келет" деп билдирген.

Ал күнү Ак үйдүн расмийлери Зеленскийди галстугу жок деп да сынга алышкан. Ошентип келишимге кол коюу үзгүлтүккө учураган.

Сенатор Грэм анда да үн катып, Зеленский "отставкага кетсин же башка өкүл жиберсин" деген.

Зеленский андан соң Лондонго учуп, анда Франция, Британия, Канада жана Түркиянын өкүлдөрү менен жолуккан. Макрон арачага түшүүгө аракет кылып, Украина менен АКШнын ортосундагы байланыш калыбына келиши керектигин тынбай айтып турду. (SA)