"Дүйнөдөгү эң чоң маалымат кениндеги" добуштар үчүн күрөш

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мерил Себастьян, Би-Би-Си Жаңылыктар кызматы, Дели
Индияда смартфондорго суроо талап абдан чоң болуп жатканда, ошол эле мезгилде жеке компанияларга маалыматтарды сатууга жол бербеген катаал эрежелердин жоктугу көпчүлүк саясий партияларга "бүгүн сиз эмне жеп жатканыңызга" чейин билүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө.
Таксиге, тамак-ашка буюртма берүүчү, жолугушууларды уюштуруучу тиркемелер ар бир индиялыктын телефонунда бар. Мындайча айтканда, бүткүл дүйнө жүзү боюнча миллиарддаган адамдар үчүн зыянсыз, күнүмдүк оокат десек да болот.
Анткен менен Индияда булар – саясатчыларга сиз жөнүндө билгиси келген нерселердин бардыгын кааласаңыз да, каалабасаңыз да айтып бере турган тиркемелер.
Кеминде ондогон аты аталбаган депутаттар менен шайлоо өнөктүгүндө иштеген саясий стратег Рутвик Джошинин айтымында, адамдын дини, эне тили, "социалдык медиадагы досуңузга билдирүү жазуу ыкмаңыз" - мунун баары саясатчылардын колундагы керектүү маалыматтарга айланды.
Индияда смартфондорго болгон зор керектөөнүн бардыгы, ошол эле мезгилде жеке компанияларга маалыматтарды сатууга жол бербеген катаал эрежелердин жоктугу көпчүлүк саясий партияларга "бүгүн сиз эмне жеп жатканыңызга" чейин билүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө.
"Аларды бул эмне үчүн кызыктырууда?",- деген суроо туулат
"Жөнөкөй сөз менен айтканда",- дейт Джоши мырза, - "мындай маалымат деңгээли добуш берүүнүн жүрүшүн алдын ала айта алат жана бул божомолдор эч качан жаңылбайт".
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мурункудан да маанилүү "Эмне үчүн бул сиздин тынчыңызды алышы керек?" деген суроо туулат
Privacy International уюму тарабынан жеке маалыматтарды колдонуу катары сүрөттөлгөн микротаргетинг же "сизге болуп көрбөгөндөй жекелештирүү деңгээлинде маалымат берүү жана жарнактарды көрсөтүү" аракети - бул шайлоолордогу жаңы нерсе эмес.
Бул тууралуу маалыматтар АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын 2016-жылдагы жеңишинен кийин чындап эле гезиттерге чыккан болчу.
Ал кезде Cambridge Analytica саясий консалтинг компаниясы ага Фейсбук тарабынан сатылган маалыматтарды колдонуп, адамдардын жеке профилине кирип, аларга Трампты колдогон мазмунду жөнөткөн жана жеңишке жетишүүгө жардам берген деп эсептелген. Компания болсо бул айыптоолорду четке какканы менен, башкы директор Александр Никсти убактылуу кызматтан убактылуу четтеткен эле.
2022-жылы Мета Cambridge Analytica менен байланышкан маалыматтардын ачыкка чыгышы боюнча доо арызды канааттандыруу үчүн 725 миллион доллар (600 миллион фунт стерлинг) төлөөгө макул болгон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул адамдарда өздөрү көргөн жарнамалар алардын добуштарына таасир эттиби деген суроону жаратты. Дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр да буга жетиштүү тынчсызданышты.
Индияда болсо Cambridge Analytica компаниясынын жергиликтүү филиалы башкаруучу Бхаратия Жаната партиясы менен оппозициялык Конгресс партиясы анын кардарлары экенин айтып чыкты - бирок экөө тең муну четке кагууда.
Өлкөнүн ошол кездеги маалыматтык технологиялар министри Рави Шанкар Прасад дагы Индия жарандарынын маалыматтарын кыянаттык менен пайдаланса, компанияга жана Facebook'ка каршы чара көрүлөрүн эскерткен.
Фейктерди терең изилдөө Индиядагы шайлоолордогу чындыкты көрсөтөт. Бирок андан бери деле шайлоочуларга байланышкан микротаргетингди токтотуунун жолу болбой келет, - дейт маалымат жана коопсуздук боюнча изилдөөчү Сринивас Кодали.
"Бардык башка шайлоо комиссиялары - Улуу Британиядагы жана Сингапурдагыдай - шайлоолордогу маалыматтардын жана микро-таргетингдин ролун түшүнүүгө аракет кылышты, көзөмөлдөөнүн жана тең салмактуулукту сактоонун белгилүү формаларын түзүштү, муну адатта шайлоо комиссиясы жасашы керек, бирок биз Индияда мындай болуп жатканын көрбөй жатабыз",- дейт ал.
Индияда көйгөй "өкмөт тарабынан эч кандай кепилдиксиз пландаштырылган жана курулган маалымат коому" экендиги менен татаалдашат, - дейт Кодали.
Анын айтымында, Индиядагы көйгөй "өкмөт жарандардын маалымат базасын түзүп, аны жеке сектор менен бөлүшкөнүндө турат".
Чынында эле, өлкөдө 650 миллионго жакын смартфон колдонуучулары бар - алардын бардыгы өз маалыматтарын үчүнчү тарап менен бөлүшө турган тиркемелерге ээ.
Бирок сизге аялуу болуу үчүн сөзсүз эле смартфондун кереги жок: жеке маалыматтардын эң чоң ээлеринин бири - бул өкмөттүн өзү, ал өздүк маалыматтарды жеке компанияларга каалагандай сатып келет.
"Өкмөт жарандардын чоң маалымат базасын түзүп, аны жеке сектор менен бөлүштү",- дейт Кодали.
Мунун баары жарандарды көзөмөлдүн алдында алсыз кылып, кайсы маалымат купуя бойдон калаарын бүдөмүк бойдон калтырды, деп эскертет Пратек Вагре, Интернет Эркиндиги Фондунун санариптик укуктар боюнча аткаруучу директору.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал ортодо өткөн жылы өкмөт тарабынан кабыл алынган маалыматтарды коргоо мыйзамы ишке аша элек дейт эксперттер. Эрежелердин жоктугу бир топ көйгөй жаратууда, дейт Кодали:
"Мында интернеттен башкасынын баары, жапайы батышты эске салат."
Ал эми бул бардык маалыматтардын натыйжасы эмнеге алып келди? Джоши айткандай, Индия шайлоо жылына "учурда дүйнөдөгү эң чоң маалымат кени" катары кирди.
"Эч ким мыйзамсыз иш кылбайт", - дейт Джоши мырза.
"Мен [тиркемеден] "Канча колдонуучуңуз бар жана ошол колдонуучулардын бардык байланыш номерлерин бериңиз" деп сурабайм. Бирок мен: "Сиздин аймакта адамдар жашылча жейби же жебейби" - деп сурай алам дейт ал.
Колдонуучулар өздөрү уруксат беришкен үчүн мобилдик тиркемелер маалымат менен шыр бөлүшөт.
"Мисалы, уюлдук телефонуңузда он чакты Индия колдонмолору бар дейли - сиз байланыштарыңызга, галереяңызга, микрофонуңузга, динамиктериңизге, жайгашкан жериңизге, анын ичинде реалдуу жайгашкан жериңизге кирүү мүмкүнчүлүгүн бердиңиз", - дейт Neeti I компаниясы белгилүү бир шайлоо округдарындагы шайлоочулардын жүрүм-турум үлгүлөрүн түшүнүү үчүн маалыматтарды колдонуп келген Джоши.
Ал эми дал ушул маалыматтар – партиялык кызматкерлер тарабынан чогултулган маалыматтар менен бирге, талапкер ким болушу керектигин, талапкердин аялы пужа же аарти (дуба кылуу) үчүн кайда барышы керектигин, алар кандай сөз сүйлөшү керек экендигин, жада калса эмнени кийиши зарылдыгын аныктоого жардам берет.
Бирок таргетингдин ушундай деңгээли чындап эле адамдардын оюн өзгөртүү үчүн иштейби? Бул түшүнүксүз бойдон калууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок үгүтчүлөрдүн айтымында, бул адамдардын жеке турмушунун купуялуулугун бузуу болуп саналат. Муну андан ары ашкере жылмалоо келечекте адамдарга каршы колдонулушу мүмкүн.
"Болуп жаткан нерсенин өзү эле көйгөйлүү маселе",- дейт Internet Freedom Foundation уюмунун санариптик укуктар боюнча аткаруучу директору Пратик Вагре,
"Биз кимдир-бирөө мамлекеттик схеманын бенефициары болгондо, маалыматтар кандайча иштетилип жатканы менен, ал маалыматты ошол саясий партия кандайча колдонуп жатканынын ортосунда так айырма жоктугун, ошондой эле кайсыл бир штатта же улуттук деңгээлде бийликте болгондон кийин, белгилүү бир партия аны өзүнүн үгүт билдирүүлөрүндө адамдарды микро бутага алуу үчүн колдонгонун көрөбүз".
Мыйзам өкмөткө жана мамлекеттик органдарга өзүнүн кароосу боюнча кеңири бөлүмдөрдө жоопкерчиликтен буйтап өтүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле алар бул жеке маалыматтарды иштетүү, колдонуу же үчүнчү жактар менен бөлүшүү ыйгарым укуктарына да ээ.
Вагре мырза келечектеги администрациялар муну улантышы мүмкүн деп кооптонууда.
"Ошондой болушу ыктымал": " Келгиле, ким бизди колдоп жатканын чогуу карап көрөлү жана аларга колдоо көрсөтөлү."
Мындай маалыматтарды колдонуу Индиянын туура эмес маалымат көйгөйүнүн фонунда курч жүрүүдө, - дейт Кодали. Ал эми сунуш кылынган маалыматтардын көлөмү менен айкалышканда, бул чыныгы көйгөйгө айланып отурат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Жасалма интеллект, максаттуу жарнамалар, шайлоочуларга карата микротаргетингди колдонуу жөнүндө сөз кылганда, мунун көбү компьютердик пропаганда идеясы менен байланышат" деп түшүндүрөт ал.
"Бул суроолор 2016-жылдагы Трамп шайлоосунда катуу көтөрүлгөн, анткени анда шайлоо тышкы оюнчулардын таасири астында өткөн".
Кодалинин айтымында, шайлоо таза өтүшү үчүн шайлоо өнөктүктөрүндө маалыматтарды жана технологияларды колдонуу учурда жарнамага кетүүчү акча жана чыгымдар кандай жөнгө салынса, ошондой уюштурулушу керек.
"Эгерде сизде шайлоолорго оюнчу катары катышкан, бул технологияларга жеткиликтүү саясий партиялардын же топтордун бир же бир нече топтому бар болсо, анда алар эркин болушу мүмкүн, бирок адилеттүү көрүнбөй калышат" деп эскертет ал. (МА)












