"Маски-шоу" кылбай иш алып баргыла дедим". УКМКдагы камоолор

кернакр

Сүрөттүн булагы, official

Окуу убактысы: 7 мүнөт

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдөн убактылуу чыгып кетти. Ал эми атайын кызматтын борбордук жана аймактык аппараттарынын жетекчилери иштен алынып, айрымдары камалууда. Бул арада уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жүргүзүп келген УКМКнын айрым мүчөлөрү өздөрү криминалдашып кеткени жөнүндө пикирлер айтылып жатат.

Атайын кызмат бүгүн өзү да билдирүү таратып, мыйзам бузган кызматкерлери жумуштан алынып, айрымдары камалганын ырастады.

УКМКнын 17-февралда тараткан маалыматында президенттин тапшырмасына ылайык, Аскер прокуратурасы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгы менен биргеликте кызматта турган учурда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелген УКМКнын мурдагы айрым кызматкерлерине каршы бир катар тергөө жана оперативдик иш-чаралар жүргүзүлгөнү айтылат. Анын жыйынтыгында айрымдар иштен алынган.

Бүгүн эле УКМКнын төрагасынын дагы бир орун басары Тимур Шабданбеков кызматынан бошотулду. Президенттин башка тескемеси менен анын ордуна Акылбек Намазов орун басар болуп дайындалды.

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди отставкага кетирер замат эле УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Курванбек Авазов, УКМКнын төрагасынын орун басары, Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору Даниэль Рысалиев, УКМКнын төрагасынын орун басары, Терроризмге каршы борбордун директору Элизар Сманов кызматтан алынган эле.

"Эду жана анын кырк чоросу" кайдан чыкты?

уеир

Сүрөттүн булагы, Social Media

Бул арада кечээтен бери УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын жетекчисине байланыштуу кармоо, камоолор кызуу талкууланып жатат.

Атайын кызматтын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков иштен алынганы жана кармалганы 10-февралдан тарта эле айтылып жаткан. Бирок ырастала элек болчу. Кечээ Башкы прокуратура анын кармалганын тастыктап, кийин 15-апрелге чейин камалганы кабарланды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 16-апрелде чыгарды. Жакыпбековго Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча айып тагылууда.

Ал ортодо соцалдык тармактарда "Эдунун кырк чоросу" деген видео тарап, алардын айрымдары атайын кызматта иштеп келгени жана өздөрү криминалдашып, ишкерлерди опузалап жүргөнү айтылып жатат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул окуянын фонунда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы Элдар Жакыбековдун чоролорунун бири делген, "Пито" каймана аты менен белгилүү Садыр Дүйшөмбиевди кармады. Ал УКМКнын 6-башкармалыгында иштегени белгилүү.

Ушул эле күнү милиция атайын кызматтын Чүй облусу боюнча тергөөчүсү, "Вазелин" каймана аты бар жаранды кармаганы кабарланды.

Мындан тышкары Элдар Жакыбековдун жездеси Руфат Абдуразаков Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кадр бөлүмүнүн башчысы кызматынан алынды.

Жакыпбековдун жакын досу делген Чыңгыз Төкөлбөшев Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчылыгынан кетти.

Дагы бир санаалашы Айзатбек Үчбаев Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматынан бошотулду.

Элдар Жакыпбековду тааныган булактардын айтымында, ал 42 жашта. Нарын шаарындагы Чкалов атындагы орто мектепти бүтүргөн.

"Эду байке деп эле жүрчүбүз. Кичи пейил, сылык байке катары тааныйм. УКМКда иштей турганын билчүмүн, бирок кайсы бөлүмүн жетектей турганын деле таңазар албаптырмын. Эду байкени жарым жыл мурун эле көчөдөн жолуктурган элем. Керсейбей, жылуу-жумшак учурашкан. Болбосо, көптөн бери көрүшө элек болчубуз. Эду байке адамкерчиликтүү, жакшы байке деп койгом. Ошентсе да кечээ интернетке тараган видеолорду көрүп таң калдым. Кырк чоросу бар бекен чын эле? Билчү эмесин. Бирок кечээки "Эдунун кырк чоросу" деген видеодогу Чыңгыз Айманбаевди тааныйбыз. Ал кимдир бирөөлөрдү сабап салыптыр деп угуп калчубуз", – деди атын атабоону сураган өз булак.

Өз булак кеп кылган Чыңгыз Айманбаевге келсек, ачык булактардагы маалыматтарга караганда, 2020-жылы Чыңгыз Молдокеев аттуу жаран социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жасап, Айманбаев менен ошол кездеги вице-мэр Алмаз Бакетаев достору менен аны топтошуп сабап салганын билдирген. Бул окуядан соң эки Чыңгыз тең ооруканага жатып чыкканы айтылган. Ал кезде УКМК бул окуя боюнча комментарий берген эмес.

Чыңгыз Молдокеевдин ысымы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын аппарат жетекчиси Абдикарим Гапаровдун өлүмү боюнча иште да аталат. Гапаров атайын кызматтын өкүлдөрү тарабынан кармалган учурда каза тапкан. Расмий маалыматта ал жүрөгү кармап өлгөнү белгиленген. УКМК кызматкерлери, анын ичинде Чыңгыз Айманбаев шалаакылык үчүн айыпталган, кийин сот аларды актаган. Бирок Гапаровдун жакындары маркум коркутуп-үркүтүүгө кабылганын айтып чыгышкан. Окуу жайдын маалымат кызматы Гапаровдун денесинде ур-токтоктун белгилери болгонун билдирген.

Элдар Жакыпбековдун жакындары же адвокаттары анын жана тарапташтарынын кармалганы боюнча үн ката элек.

"Президент УКМКда тартип орнотууну чечсе, адам укугу көңүл борборунда болушу керек"

еп

Сүрөттүн булагы, social

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, УКМКнын имараты

Кыйноо демекчи, Камчыбек Ташиев жетекчилик кылган беш жыл аралыгында УКМК эбегейсиз бийликке ээ болуп, кайсы бир көйгөйлүү маселе боюнча жеке пикирин билдирген жарандарды да эл алдында кечирим суратып, кылмышка шектелген айрым адамдарга күч колдонуп келгени айтылып жүргөн.

Маселен, былтыр февралда УКМКнын Оштогу тергөө абагында кылмышка шектүүлөр катуу сабалган делген видео тарап, коомчулукта кызуу талкууга алынган.

Ур-токмокко кабылды делген жарандардын бири Нурбек Хасанов социалдык тармактар аркылуу бийликке кайрылып, ага атайын даярдыктагы "Альфа" тобунун кызматкерлери кордук көрсөткөнүн айткан. Анын билдиришинче, төрт сол кабыргасы, бир оң кабыргасы, оң буту, оң колу, жаагы, алдыңкы тиши сынган, мээси чайкалган:

"Башка чаап жатышты жана мушташ болгон жерде бар болчусуң деп, күнөөнү мойнума алышымды талап кылышты. Мен мойнума алган жокмун. Анан мени УКМКга алып барышты, мыйзамга ылайык алар мени тергөөгө жеткириши керек эле, бирок андай болгон жок. Мени жертөлөгө алып барып эки сааттай сабашты".

Бул окуяны укук коргоочулар кескин сынга алып, күнөөлүү адамдарды сот гана жазалашы керектигин айтышкан. УКМКнын ал кездеги башчысы Камчыбек Ташиев бул боюнча комментарий берген эмес. Бирок президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков укук коргоочулардыоор кылмышка шектелген адамдарды актоо аракет жасап жатат деп айыптаган:

"Силер ыйык туткан Батыш өлкөлөрүндө мындай тентектик, мыкаачылык аракеттер үчүн, керек болсо чекеге атып салышмак. Биздикилер гумандуу экен, кармап барып түрмөгө салып коюшту! Биз адам укуктарынын сакталышын колдойбуз. Бирок ошол эле учурда бейкүнөө адамдардын укугун тебелеп, майып кылган кылмышкерлерди актап, аларды коомчулукка "бей-бечара" катары көрсөткөндөрдүн аракети адилеттүүлүккө жатпайт! Өздөрү зомбулукка барып, кылмыш кылып, мыйзамды одоно бузуп жаткандарды коргоп чыгуу - бул кылмыштуулукту жайылтуу менен барабар деп эсептейм. Бейөкмөт уюмдар, силер кимдин таламын талашып жатасыңар? Бычактап, кордоп, адамдардын тагдырын талкалаган кылмышкерлердиби?"

Былтыр 11-декабрда Freedom for Eurasia уюму Кыргызстанда интернетте сын пикирин билдиргени үчүн кармалган жарандарга карата Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) ырайымсыз мамиле жасап жатканы жөнүндө билдирүү тараткан. Уюм акыркы айларда кармалган көптөгөн адамдар менен жүргүзүлгөн маектердин негизинде ушундай тыянак чыгарылганы белгиленген.

"Көптөгөн күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө ылайык, социалдык тармактарда бийликти сындаган билдирүүлөрү үчүн кармалган адамдар Бишкек шаарындагы УКМКнын жакында салынган имаратынын жертөлөсүнө (Чыңгыз Айтматов №1 көчөсүнө) жеткирилген. Мурда кармалгандар аларды терезеси жок чоң бөлмөгө алып киришкенин айтышат. Ал бөлмөнүн полу боз түстөгү килем менен төшөлгөн, мурдагы кыйноолордон калган кан жана башка биологиялык суюктуктардын тактары байкалып турган. Дубалдары үн өткөрбөгөн, кыйкырык сыртка угулбашы үчүн орнотулган жумшак, жылууланган материал менен капталганы айтылат", - деп жазылган билдирүүдө.

Ошондой эле жабырлануучулар сабалганын, электр тогу менен кыйноого алынганын, муунтулганын жана сууга думуктурулганын билдиришкенин, андан соң жаракат алган абалда жана күчтүү психологиялык басым алдында "жасаган кылмышы" үчүн видеокайрылуу аркылуу кечирим суроого мажбурланганын айтып беришкени белгиленген.

Күн мурун укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбуктагыбаракчасына кыйноого кабылды делген жарандын денесинин сүрөтүн жүктөп, бул учур УКМКнын Бишкектеги башкармалыгында болгонун жана даттануулар көп экенин жазды:

"Бирок, эмнегедир ар сапар Аскер прокуратурасы текшерүү жүргүзүүдөн жана кылмыш ишин козгоодон баш тартып келген. Бул коркунучтуу кыйноону башынан өткөргөн адам өзү төрөлүп-өскөн өлкөсүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Сүрөттөрдүн биринде электрошокерге мүнөздүү издер ачык эле көрүнүп турат. Бирок дарыгерлер "үйүндө күйүк алган" деп жазып коюшкан. Башкача айтканда, адам өзүн өзү электрошокер менен кыйнагандай болуп калат, ал эми прокуратура бул маселени тактоого да аракет кылган эмес. УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноо колдонулары тууралуу мен буга чейин эле айтып келем. Электрошокер колдонулганын сотто акын Аскат Жетиген да билдирген, бирок сот бул арызды да эске алган эмес. Мен муну эмне себептен жазып жатам? Эгер өлкө президенти бул башкармалыкта тартип орнотууну чечкен болсо, анда адам укуктары да анын көңүл борборунда болушу керек".

"УКМКны актабайм, бирок офицерлерди эл алдында басмырлоо туура эмес"

аерив

Сүрөттүн булагы, official

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев болсо уюшкан кылмыштуу топтордун анабашчысы Камчы Көлбаевди жок кылуу менен караларга каршы аёсуз күрөшүп жатканын дайыма белгилеп келген. Ошондой эле мамлекеттин мал-мүлкүн тоногондор жазаланып, акча казынага кайтарылып жатканы байма-бай айтылып турган.

"Мен коррупция менен күрөшүүдө үрөй учурган, чачты тик тургузган көрүнүштөргө күбө болдум. Коррупцияны жок кылуу боюнча ниетимди, максатымды кээ бири олуттуу кабыл алган жок. Ошол себептен мени коррупцияга аралаштырууга, акчанын күчү менен жолдон адаштырууга катуу аракет кылышты. Үйүмө коробка толгон акчаларды көтөрүп алышып, тигил же бул маселени чечип берүүнү суранышты. Мен алардын өздөрүн коррупциялык иштер үчүн кармап, камадым", - деген Камчыбек Ташиев былтыр жыл соңунда "Регион" телеканалына берген маегинде.

Быйыл 26-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жыйыны өтүп, мекеме Кыргызстанда акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн мал-мүлк, каражат түрүндө мамлекетке 352 млрд сом кайтарылганын кабарлаган.

Түшкөн акча толугу менен президенттин турукташтыруу фондунун атайын эсебине которулуп, мамлекет башчынын буйругу менен ар кандай долбоорлорго, инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалып жатканы айтылган. УКМКнын криминалга жана коррупцияга каршы күрөшүн президент да кубаттап келген.

Анда УКМКнын катарында чоң муштум, мыйзамсыз аракеттерге барган кызматкерлер болгону эмне үчүн азыр айтылып жатат?

Саясат таануучу Алмаз Тажибай Би-Би-Сиге курган маегинде,соңку кармоо жана камоолор боюнча жыйынтык чыгаруу али эрте экенин айтат:

"Тирешүү болбосун деп Камчыбек Ташиевге жакын адамдар кызматтан алынып жаткандай. Айрымдары кылмыш ишине аралашкан деп айтылып жатат. Бирок алар канчалык криминалга аралашканын сот аныктайт да. Сот чечим чыгарганда гана бир нерсе деп айтса болот. Ага чейин эле социалдык тармактарда айрым адамдар соттун ордуна бүтүм чыгарып коюп жатышат. Эл ага ынанып калууда. Бул туура эмес. "Кырк чоро" сыяктуу топтор Ташиевдин тушунда түзүлгөн деп ким кесин айта алат? Балким ал андан мурда эле түзүлгөндүр".

Бул арада президент Садыр Жапаров кечээ, 16-февралда "Кабар" мамлекеттик маалымат агенттигине курган маегинде криминалга каршы күрөш ийгиликтүү болгонун, ал эми коррупцияга каршы күрөш уланарын билдирген.

"Криминалды жок кылыш бизге кыйынга турган жок. Бир күндө тынчыттык. Ал эми коррупцияны беш жылдан бери жок кыла албай келе жатабыз. Кудай буюрса, келечекте коррупциянын пайызын болушунча азайтканга аракет кылабыз. Ага күч да акыл да жетет. Күч органдарына "Криминал, коррупция менен күрөшүүдө силерге жашыл жарык, болгону "маски-шоу" кылбай, пиар кылбай, иш алып баргыла" деп тапшырма бердим", - деген Садыр Жапаров.

аротапр

Сүрөттүн булагы, жеке архив

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Адилет" укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова

Ал эми "Адилет" укуктук клиникасынын башчысы, мурдагы депутат Чолпон Жакупова Би-Би-Сигекурган маегинде УКМКны реформалоого эбак эле мезгил жеткенин, себеби бир мекемеге эбегейсиз бийликти ыйгаруу туура эмес болгонун билдирди. Ал бийлик бутактарынын ортосунда баланс бузулганда кызматынан кыянат пайдалануу күчөй турганын кошумчалады. Юрист ошол эле маалда атайын кызматтын офицерлерине карата жүрүп жаткан соңку аракеттерди да кубаттабай турганын айтты.

"УКМК менен ИИМдин, Прокуратура менен УКМКнын ортосундагы "согуш" буга чейин деле болуп келген да. Дагы канчага чейин уланат?! Азыр турмуш ансыз деле оор да. Биз эле эмес, чөлкөм, дүйнө кыйчалыш абалда турат. Тынчсыздануу ансыз да көп. Мындай учурда сабырдуулукту сактап, кылдат болуу маанилүү. Азыркыдай атайын операциялардын жүрүшүн камерага тартуу деген эмне? Атайын операциялар, тергөө жабык болушу керек да. Тергөөнүн купуялуулугу деген түшүнүк бар го акыры. Анын үстүнө кеп атайын кызматтын офицерлери жөнүндө болуп жатат. Мен УКМКнын аракеттерин актаган жокмун. Алар кызмат абалынан кыянат пайдаланган учурлар көп болду. Канчалаган ишкерлер, журналисттер даттанып жүрүштү. Бирок алардын (УКМКнын) жолуна түшпөй, баарын мыйзам чегинде жасоо керек да. Болбосо кесепети оор болот. Кайсы бир бийлик институттары репутациясын жоготсо, бул бара-бара жалпы башкаруу системасынын авторитетине доо кетирет. Ошол жөнүндө да ойлонуу керек. Аларды "зектердей" бир катарга тизип, бүкүрөйгөн абалда алып кетип баратышканын видеого тартуу туура эмес. Басымырлоонун кереги жок. Сот боло элек али. Кесепетин ойлоо керек. Кийин башкалар келет, алар бүгүн кемсинтип жаткандарды кемсинтишет. Натыйжада, эл мамлекеттик бийлик институттарына ишенбей калат. Ал эми улуттун кадыр-баркы бир адамдын кадыр-баркынан башталат", - деди Чолпон Жакупова.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ал күнү Германияда жүргөн Ташиев бул чечим ага күтүүсуз болгонун айткан. Жапаров болсо чечим кабыл аларда досуна телефон чалганын билдирген.