"Калптын желесин токушкан". Өздөрүн аргентиналык катары көрсөткөн орус тыңчылары кантип иштеген?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Матиас Сибелл
- Role, Би-Би-Синин испан кызматы - Mundo
2024-жылдын 1-августунда Москвадагы аэропортко конгон учактан башка жүргүнчүлөр менен бирге төрт адамдан турган бир үй-бүлө да түштү. Жубайлардын балдары алардын бүтүндөй жашоосу калпка негизделгинин учакта гана билди.
София да, Даниэль да орусча бир сөз билишчү эмес. Экөө тең Аргентинага төрөлгөн. Ошондуктан аларды траптан эки гүлдесте менен тосуп алган балдарга "кутман кеч" деген сөздү славян акценти менен испанча айтышты.
Балдардын бири да бул адам ким экенин аңдаган жок. Бирок бейтааныш киши аларды, ыйлап турган энесин, жылмайып турган атасын кучак жайып тосуп алды.
Анын аты Владимир Путин эле…
Балдар 2000-жылдардын ортосунда Буэнос-Айрестеги италиялык төрөтканалардын биринде жарык дүйнөгө келишкен. Алгачкы бир нече жылын Аргентинанын баш калаасында өткөрүшкөн. Андан кийин үй-бүлө Словенияга көчүп кеткен.
Үй-бүлө өлкөнүн борбору Любляна шаарында отурукташып калган. Ошол жерде тынч жашап жатканда, 2022-жылдын декабрь айынын бир түнүндө үйлөрүнө куралчан адамдар кирип келет.
Экөөнү тең — апасын да, атасын да камакка алышат. Ал эми балдар социалдык кызматтын карамагына өткөрүлүп, жарым жылдан ашык убакыт алар менен жашоого аргасыз болушат.
Балдар ошол түнү эмне болгонун, эмне үчүн жалгыз калышканын түшүнүшкөн эмес. Бул суроолорго жоопту Москваны көздөй учуп баратканда гана алышты: көрсө, алардын ата-энеси тыңчылар экен.
Даниель муну укканда каткырып күлүп жиберди. София ыйлады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
София менен Даниэль жарык дүйнөгө келе электе алардын ата-энеси такыр башка ысым менен жашаган. Людвиг Гиш өзүн Артём Викторович Дульцев деп тааныштырып жүрсө, анын жубайы Мария Майер — Анна Валерьевна Дульцева деген ысымды колдонуп келген.
Бул чындык бүт дүйнөгө 2023-жылдын январь айында гана белгилүү болду. Так ошол кезде Словениядагы сот аларга расмий айып таккан.
Аргентинада бул кабар журналист Уго Альконада Мондун көңүлүн өзгөчө буруп, ал дароо Словениянын чалгын кызматы, полициясы, прокуратурасы жана ишти карап жаткан сот менен байланышууга киришет.
Суроолорунун көбүнө жооп ала алган жок. Тергөө иштери жашыруун болгондуктан, алар көп маалымат бере алышкан эмес. Бирок журналист билген аз маалыматтын өзү деле тыңчылардын көмүскө жашоосун бираз ачыкка чыгарууга жетиштүү эле.
"Бул бакчадагы ташты көтөргөндөй эле болду. Анын алдында курт-кумурскалар кайра жерге сиңип кеткиче сүрөткө тартканга үлгүрдүм", — деп түшүндүрөт журналист.
Уго Альконада Мон өз иликтөөсүнүн жыйынтыктарын Аргентинадагы La Nación гезитине жарыялай баштаган. Кийинчерээк ошол материалдарын бириктирип, китеп кылып чыгарган. Ал "Топос. Буэнос-Айресте тыңчылык базасын түзгөн орус тыңчыларынын чыныгы тарыхы" деп аталган.
Би-Би-Синин испан кызматы Mundo бул китептин автору менен маек куруп, орус тыңчылары Аргентинада эмне иш менен алектенишкенин, кандайча үй-бүлөлүк "легенда" түзүшкөнүн жана бул жасалма жашоо аркылуу эмне үчүн Евробиримдикке мүчө өлкө болгон Словенияга кирүүгө аракет кылышканын сураган.
Мыйзамсыз жүргөндөр
Журналист Уго Альконада Мон Людвиг менен Мария (Артём жана Анна) кадимки дипломаттар эмес, "нелегал агенттер" болгонуна көңүл бурат.
Башкача айтканда, алар өлкөгө чыныгы ысымдары менен кирип келип тыңчылык кылган эмес (адатта чалгын кызматынын кадрлары өздөрүнүн аты-жөнүн эле колдонушат). Ал эми бул түгөйлөрдүн окуясы таптакыр башкача. Журналисттин айтымында, жубайлардын ар бири, жок дегенде, төрт башка ысым менен белгилүү.
Мындан сырткары экөө тең Аргентинадагы орус элчилигинде расмий түрдө иштеген эмес. Ал тургай орус бийлиги менен расмий эч кандай байланыштары жок болчу.
2009–2012-жылдары алар Түштүк Америкадагы бул өлкөгө бир нече жолу каттап турушкан. Ал эми 2013-жылы толук көчүп келишкен.
"Ошол учурда эркек киши өзүн Людвиг Гиш деп тааныштырган. Ал Намибияда төрөлгөнүн, апасы — аргентиналык Элга Татшке, атасы — австриялык экенин ырастаган. Колунда апасы Элганын 1942-жылы Аргентинада төрөлгөнү, 2010-жылы Венада өлгөнү тууралуу күбөлүктөр болгон. Ал апасы аргентиналык болгондуктан, ага аргентин жарандыгы берилиши керек деген жүйө келтирген.
Бирок мунун баары жалган эле... Тактап айтканда, чындык менен фантазиянын чебер аралашмасы болгон.
Австриядан берилди делген өлүм тууралуу күбөлүк кийинчерээк жасалма экени ачыкка чыккан.
Ал эми Аргентинада төрөлгөнү тууралуу күбөлүк чын болгон. Болгону, күбөлүктө аты жазылган Элга чындыгында 1942-жылы төрөлүп, төрт жашында каза болуп, Буэнос-Айрестеги немис көрүстөнүнө көмүлгөн.

Сүрөттүн булагы, Hugo Alconada Mon
Айырбашталган агенттер Москвага жетери менен Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "жашыруун агенттердин" балдары Путиндин ким экенин билишпей турганын айтты. Бул аркылуу ал алардын ата-энеси миссияны аткаруу үчүн кандай курмандыкка барышканын көрсөткүсү келгенсиди.
Путин аларды тосуп алуу учурунда агенттерге "антка, милдетке жана Ата Мекенге берилгендиги" үчүн ыраазычылык билдирди.
Британиялык Guardian гезитинин кабарчысы Шон Уокер Дульцевдердин Словенияда кармалганы тууралуу кабарлап жатып, Украинада толук масштабдуу согуш башталгандан тарта Батыш өлкөлөрү Европадагы элчиликтерде дипломатиялык атка жамынып алып иштеген жүздөгөн "легалдуу" орус тыңчыларын өлкөдөн чыгарганын эске салды.
"Бул Москваны мыйзамсыз агенттерге көбүрөөк кайрылууга, ошондой эле башка түрдөгү бейформал тармактарды колдонууга аргасыз кылган болушу керек", — деп жыйынтыктады ал.
Легенда
Аргентинага келгенде ал өзүн Мария Роза Майер Муньос деп тааныштырып, Грецияда төрөлүп, Мексикадагы Керетаро шаарында чоңойгонун айткан.
Альконада Мондун билдиришинче, бул маалыматтардын баары жалган. Ошондой эле анын Людвиг менен Буэнос-Айресте башталган сүйүү романы да карандай калп.
"Алар бул жакта бүтүндөй бир спектакль ойношту: „О, биз жолуктук, сүйүшүп калдык, үйлөнөлү!" — дешти. Чын эле Буэнос-Айресте үйлөнүштү. Бул аргентиналыкка турмушка чыккан аял катары Аргентина жарандыгын алуу үчүн жасалган аракет эле. Чындыгында алар буга чейин эле Орусияда никеге турушкан. Менде алардын Орусиядагы тоюнун сүрөтү да бар”, — деп түшүндүрөт журналист.
"Аргентиналык никеден" 2013-жылы София, ал эми 2015-жылы Даниэль аттуу балдар төрөлгөн.
Бирок бул купуялуулук, жасалма документтердин баары Аргентина бийлигин алдоо үчүн эмес болчу.
Негизги максат — агенттерге эч кандай шек жаратпаган "легенда" жаратуу эле.
"Легенда — бул чындыкка окшошуп көрүнгөн, бирок жалган маалыматтардан куралган ири конструкция. Ал кийин кээ бир эшиктерди ачууга жардам берет, болбосо алар жабык бойдон калмак", — деп жыйынтыктады аргентиналык журналист.
"Элестетип көрүңүзчү, сиз Израил жаранысыз жана Иранга кире албайсыз. Ошондо Колумбияга барасыз, ал жакта иштей баштайсыз, окуйсуз, үйлөнөсүз, балалуу болосуз Андан кийин бизнес ачып, колумб паспортун аласыз да, Тегеранга колумбиялык жаран катары жөнөйсүз. Ал жерде өзүңүздү колумбиялык кофе экспорттоочумун деп көрсөтөсүз, бирок иш боюнча отчетторду Тель-Авивге жөнөтүп турасыз".
Альконада Мондун айтымында, Латын Америкасы орусиялык агенттер үчүн ишенимдүү "легендаларды" түзүүгө эң ылайыктуу жер болуп калган.
"Бул боюнча аты-жөнү менен белгилүү учурлар бар.
Орусиялык тыңчылар Аргентина, Уругвай, Чили, Перу, Колумбия, Никарагуа жана Мексика арасында каттап турушканы белгилүү. Бул өзүнчө бир-эки учур эмес! Мындай легендаларды түзүү системалуу түрдө жүргүзүлөт жана мамлекеттик деңгээлде координацияланып турат", — дейт Альконада Мон.
Би-Би-Си өз өлкөсүнүн чалгын кызматтары боюнча адис, учурда чет жакта жашап жаткан орусиялык иликтөөчү журналист Андрей Солдатов менен да байланышкан. Ал аргентиналык кесиптешинин пикири менен макул экенин билдирген.
"Ооба, бул чындык. Латын Америкасы орусиялык тыңчылар үчүн алардын "легендаларын" түзүүдө абдан маанилүү аймакка айланды", — деп ырастайт орус эксперти.
"Бул жерде тыңчылар көп жашайт дегенди билдирбейт; тескерисинче, ал жак документтерди, мисалы, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү алуу аркылуу "легендаларды" жаратуу үчүн колдонулган аймак. Бул документтер жашыруун тыңчылар үчүн абдан маанилүү, анткени алар кийин башка өлкөлөргө жиберилет", — деп кошумчалайт ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Альконада Мондун белгилешинче, Латын Америкасы орус тыңчылары үчүн ушунчалык жагымдуу аймак болуп калганынын негизги себеби — алардын Канада аркылуу "легенда" түзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганы.
Канадада Трейси Ли Энн Фоли менен Дональд Говард Хитфилддин окуясынан кийин көзөмөл чаралары кыйла күчөтүлгөн. Бул эки орус шпиону өз "легендасын" дал ошол Канадада түзүшкөн.
Чындыгында "Трейси менен Дональддын" чыныгы ысымдары — Елена Вавилова жана Андрей Безруков. Алар 2010-жылы АКШда ФБР тарабынан кармалган. Бул окуя кийинчерээк "Америкалыктар" аттуу телесериалга негиз болуп, анда АКШда жашыруун иштеген эки орус агентинин окуясын чагылдырылган.
АКШда Елена менен Андрейдин камакка алынганынан он эки жыл өткөн соң, Люблянада Дульцевдер кармалганда Словениянын эл аралык иштер жана коопсуздук боюнча мамлекеттик катчысы Войко Волк: "Булар өтө маанилүү, олуттуу агенттер экенинен эч кандай күмөн санабайбыз. Алар "америкалыктарга" окшош. Болгону Словенияда", — деди.
Антенналар жана мектептеги ата-энелер
"Идея — байкалбай калууга мүмкүндүк берүүчү калптардын желесин токуу; балким, башка жакка даярдап жатканда, сиз күтпөгөн башка мүмкүнчүлүктөр да пайда болушу мүмкүн", — дейт Альконада Мон.
Анын айтымында, Артем жана Анна Дульцевдер Аргентинада активдүү жашоо образын өткөргөнү тууралуу далилдер көп. Бул фактылар анын китебинде да камтылган.
Мисалы, Анна балдары окуган мектептеги үч окуучунун ата-энелери тууралуу Москвага маалымат жөнөткөн. Анткени балдары үчүн мектеп тандоо да кокусунан эмес болгон.
"Бир баланын ата-энеси мунай жеткирүүчү компанияда иштечү; экинчиси, мунай чалгындоо тармагында, ал эми үчүнчүсү, газ өндүрүүчү холдингде иштечү. Бул үчөөнү бириктирген нерсе — Вака Муэрта деген аймакка болгон кызыгуу. YPF мамлекеттик мунай компаниясынын маалыматына ылайык, ал жерде дүйнөдөгү экинчи эң ири чалгындалган газ кени, жана мунай боюнча төртүнчү орундагы кен жайгашкан", — дейт Альконада Мон.
"Словенияга көчүп баргандан кийин да алар так ушул эле ыкманы колдонушкан: балдарын атайын мектепке беришкен, ал жерден окуучулардын ата-энелерин аныкташып, алардын бири Европа Биримдигиндеги эң маанилүү энергетикалык агенттиктин жетекчиси экени тууралуу Москвага отчет жөнөтүшкөн", — деп маегин улантты журналист.

Сүрөттүн булагы, Hugo Alconada Mon
"Башында Дульцевдер жашаган үйгө барган сайын мени дайыма Антонио аттуу швейцар тосуп алчу. Ал таптакыр мен менен сүйлөшчү эмес. Бирок бир жолу ошол жерде үй башкаруучусунун орун басары Хуан менен жолуктум. Ошондо ал колунан келишинче бул үй-бүлө тууралуу баарын айтып берди", — деп эскерет журналист.
Хуандын айтымында, Дульцевдер тынч, токтоо, бирок абдан сылык жана боорукер адамдар болчу. Алардын кызы София Хуанга дайыма таттууларды берчү; Рождестводо нуга тартуулаган. Словенияга көчүп кетип жатканда алар Хуанга батирдеги эмеректерди сунушташкан.
"Алар көчүп жатканда мага айткан жалгыз өтүнүчү — чатырга орнотулган антеннаны алып салууга мүмкүнбү сураганы болду", — деген Хуан.
"Ошондон кийин мен бул жактан төрт квартал ары жакта жайгашкан Людвиг иштеген кеңсеге бардым. Ал жерде да швейцардан так ушундай эле антеннаны чечүүгө мүмкүнбү деп сурадым", — дейт Альконада Мон.
Аргентинадагы кыска толкундуу антенналар катталышы керек болгон мамлекеттик мекемеде бул эки антенна тууралуу эч кандай маалымат болгон эмес. Журналисттин айтымында, эң кызыгы, антенналардын жайгашкан жери болгон:
"Эгерде сиз батир менен кеңсенин ортосуна элестүү түз сызык тартсаңыз (Мендоса көчөсү менен), анда бул сызык түз эле Орусиянын соода өкүлчүлүгүнө барып такалат. Демек, ал жерден шифрленген билдирүүлөрдү кабыл алып, жөнөтүү мүмкүн беле деген суроо жаралат".
Жашыруун операция ойрон болду
Альконада Мон Би-Би-Сиге берген маегинде, 2022-жылы Дульцевдер эмне себептен Словениянын атайын кызматтарынын көзөмөлүнө түшүп калганы боюнча эки божомол бар экенин айткан.
"Биринчи версия — кайсы бир тыңчы аял Батыштын чалгын кызматтарына иштеп кетип, жанындагы шпиондорду ашкерелеп койгон. Экинчи версия — МИ-6 же ЦРУнун бир агенти шектүү бирөөнү көзөмөлдөп жүрүп, анын Дульцева менен жолукканын байкаган. Ошентип, Дульцева, андан соң күйөөсү дагы, өздөрүнүн катасы үчүн эмес, башка иликтөө учурунда кокустан көзгө урунуп калган", — дейт журналист.
Башында бул жубайлар Аргентина жарандары катары аныкталган, бирок кийин өздүгү ачыкка чыгып калган жана Москва менен сүйлөшүүлөр дароо башталган.
Натыйжада бул үй-бүлө Берлин дубалы кулагандан кийинки Орусия менен Батыштын ортосундагы тыңчыларды алмашуу боюнча эң ири операцияларынын бирине киргизилген.
Бирок Дульцевдер Орусияга биротоло кайтардан мурун мекенине бир жолу келип кетишкен. Ал сапар да абдан ыңгайлуу шылтоо менен ишке ашкан: 2018-жылы бүтүндөй үй-бүлө Аргентина курама командасын колдоп, футбол боюнча дүйнө чемпионатында күйөрман катары Орусияга барышкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Журналисттин билдиришинче, алар Орусияда тыңчылык кызматы менен тыгыз кызматташкан журналга маек куруп жатып, чемпионатты шылтоо кылып, Орусияга барып келгенин моюнга алышкан:
"Мүмкүн, алар Орусияда жүргөндө өз жетекчилери же куратору менен жолугушкандыр. Же кандайдыр бир маалымат алышкандыр, же болбосо жаңы, заманбап техника тапшырылгандыр? Бул — азырынча божомол гана".
Орусияда бул үй-бүлө Анна Валерьевна Дульцева төрөлгөн Нижний Новгород шаарында өткөн оюнга барышкан. Баары Аргентина курама командасынын футболкасын кийип алышкан. Ошол беттеште Аргентина Хорватияга 0:3 эсебинде утулуп калган.
"Оюндун соңуна жубайлар кайдыгер эле. Бирок алардын кызы, аргентиналык кыз, жеңилип калганына ыйлады. Элестетиңиз, бул кандай сезимге түртүшү мүмкүн. Анткени ал (атасы) өз өмүрүн арнаган өлкө кызы үчүн эч кандай мааниге эмес экенин, ал эми кызынын мекени ага (атасына) бөтөн экенин түшүнгөн" , — дейт Альконда Мон.
Канадада жашыруун жашаган Фолинин үй-бүлөсүнүн окуясы ушундай ички кагылыштардын ачык мисалы болуп саналат. 2019-жылы бул жубайлардын кичүү уулу Александр Вавилов Канада соттору аркылуу өзүнүн жарандыгын калыбына келтирүүгө жетишкен. Анын жарандыгы АКШда ата-энеси кармалгандан кийин жокко чыгарылган эле.
Жоопсуз калган суроолор
Дульцевдер Орусияга кайтканы менен, Аргентинадагы иликтөөгө байланыштуу бир катар жагдайлар алигиче белгисиз.
Мисалы, ким немис көрүстөнү жайгашкан Чакарита аймагына барып, мүрзөдөн Эльга Татшке деген ысымды тандап, ал атты Людвиг Гиштин апасы катары колдонгон?
"Мен сизге дагы бир нерсеге ишарат кылган маалымат берейин. Дал ошол туулгандыгы тууралуу күбөлүк тыңчы Буэнос-Айреске келерден бир нече ай мурун эле кимдир бирөө тарабынан Аргентинада анонимдүү түрдө суралган. Документти онлайн эмес, жеке барып сурашкан, себеби из калбасын дешкен", — дейт Альконада Мон.
Журналисттин айтымында, белгисиз адам Уругвай көчөсүндөгү калкты каттоо кеңсесине барып, ошол жерден күбөлүктүн көчүрмөсүн алган. Бул кеңседе видеокамера да болгон эмес. Документти алып, аны Людвигге өткөрүп берген. "Бул — Аргентинада дагы бир адам бар экенин жана ал логистикалык жактан көмөк көрсөтүп турганын далилдеген факт", —деп кошумчалады иликтөөчү журналист.
Ошондой эле ушул күнгө чейин белгисиз бойдон калган дагы бир суроо бар. Людвиг менен Мариянын (Дульцевдер) Аргентинадагы нике күбөлөрү — эки колумбиялык жаран ким болгон?
Би-Би-Синин журналисти Андрей Солдатовдон жашыруун тыңчыларга жардам берүү үчүн көп агент керекпи деген суроо узаткан.
"Алар анча көп эмес. Айрымдары ушул максат үчүн гана ишке тартылган агенттер болушу мүмкүн", — деп жооп берди Солдатов.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Шпиондор Орусияга кайтып келгенден кийин Альконада Мон алар менен байланышууга аракет кылган.
"Мен аларга электрондук кат жөнөттүм, Орусиянын чалгын кызматтары менен байланышууга аракет кылдым, атүгүл Аргентинадагы Орусия элчилигинин өкүлү менен да сүйлөштүм. Мен ага бул иш ачыкка чыкты, аларга сыйлык да ыйгарылды деп айттым. Ошондуктан, мен ким менен сүйлөшө аларымды сурадым. Бирок алар мага жооп беришкен жок", — дейт журналист.
Би-Би-Си Mundo аргентиналык журналисттен: эгер Дульцевдер менен жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүлсө, алгач аларга кандай суроо бермексиз? — деп сураган.
Альконада Мон "суроо бербей эле, сиздерди угуп жатам деп сөз баштамакмын" деп жооп берди.
"Баарын айтып берчи. Мен чындык менен жалганды өзүм аныктаганга аракет жасайм. Бирок мен сени угууга даярмын", — дейт ал.












