Кан донорлоруна кам көрүү аракети

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кан тапшыруу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстандын Министрлер кабинети кан тапшырган жарандарга төлөнүүчү кенемтени көбөйтүү тууралуу токтом кабыл алды. Мындай кадам ыктыярдуу донорлордун санын көбөйтүүгө багытталганы айтылууда. Улуттук кан борбору болсо өлкөдө кан жетишсиздиги дале олуттуу маселе бойдон калып жатканын белгилеп келет.

Донор болуу өзгөчө эркектер үчүн пайдалуу

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча ар бир миң адамга кеминде 40 донор туура келиши керек. Кыргызстанда бул көрсөткүч нормадан кыйла төмөн. Расмий маалыматтарга ылайык, учурда 1000 кишиге болгону 6 гана донор туура келет.

Республикалык кан борборунун директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиеванын айтымында, өлкөдө канга болгон суроо-талап күн сайын жогору бойдон калып жатат.

"Төрөт, онкогематологиялык оорулар, жол кырсыктары булардын баары күн сайын болуп жатат. Ошондуктан канга муктаж бейтаптар абдан көп. Күнүнө орточо 200 донордон кан алып жатабыз, бирок бул дагы жетишсиз,"- деди ал.

Айтымында, 2024-жылы республика боюнча 55 миңге жакын адам кан тапшырган. Анын 53 пайызы Бишкектеги Кан борборуна туура келет. Калганы Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен жана Ысык-Көл облустарындагы бөлүмдөрдө катталган.

Республикалык кан борбору жети күн, 24 саат бою тынымсыз иштеп, өлкө боюнча кан жана анын компоненттери менен үзгүлтүксүз камсыздап турат.

Мекеме өкүлдөрүнүн айтымында, борборго өз ыктыяры менен келип кан тапшырган жарандардын саны аз. Ошондуктан негизинен көчмө топтор аркылуу жогорку жана орто окуу жайлар, мекемелер менен түзүлгөн келишимдердин негизинде канды чогултуп турушат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Ошондой эле борбор үгүт-насаат иштерин жүргүзүп, элдин маалыматын жогорулатууга аракет кылып жатат. Айрыкча Орозо айында, эс алуу мезгилинде жана каникул учурунда донорлордун саны кескин азайып, кандын тартыштыгы күчөйт. Бул өтө чоң маселе. Азыр плазманын запасы жакшы, анткени тиешелүү температурада үч жылга чейин сактай алабыз. Эритроцитти сактоо мөөнөтү чектелүү, 35 күн гана, аны көпкө сактап туруу мүмкүн эмес"- деди директордун орун басары.

Медицинада кан тапшыруу - бул жөн гана башка адамдарга жардам берүү эмес, ошол эле учурда жарандын өзүнүн ден соолугуна кам көрүүнүн бир түрү катары дагы каралат.

Адистердин айтымында, донор болуу өзгөчө эркектер үчүн пайдалуу. Кан тапшырган кишинин компенсатордук механизми жакшырат.

Мындай өзгөрүүлөр жүрөк-кан тамыры, айрыкча инфаркт миокард сыяктуу кооптуу оорулардан алдын алууга жардам берет. Кан тапшыргандан кийин зат алмашуу жакшырып, иммунитет дагы жогорулайт.

"Адамдын кан алмашуусу жакшырып, организми жеңилдеп, сергектик пайда болот. Донорлордун көпчүлүгү өздөрүн физикалык жана эмоционалдык жактан жакшы сезип калат",- деди Сатыбалдиева.

"Бетим чыңалып, кара көк тартып турчумун"

Кан тапшыруу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

56 жаштагы Бактыбек Жумабаев он жылдан бери үзгүлтүксүз кан тапшырып турат. Айтымында, ал узак жылдар бою жогорку кан басымынан жабыркап келген.

"Кээде кан басымым 180-200гө чейин көтөрүлүп, абалым оорлошуп кетчү. Дарыгер анда-санда кан тапшырып тур деп кеңеш берди. Бир-эки жолу тапшырып көрүп, акырындап адатка айланып калды. Азыр жылына 4-5 жолу 500 граммдан тапшырып турам",- дейт ал.

Жумабаевдин айтымында, үзгүлтүксүз кан тапшыруунун натыйжасында анын кан басымы турукташкан.

"Азыр жогорку кан басым жоголду. Айрым учурда гана 140ка чыгып калбаса, негизинен 120-130 менен жүрөм. Мурун бетим чыңалып, кара көк тартып турчумун, азыр андай эмес. Өзүмдү жеңил, сергек сезем. Ден-соолукка чынында эле пайдалуу экен",- деди донор

Ал өзү менен кошо уулун дагы үгүттөп, көндүрүп койгонун айтат.

"Кан тапшырууга бир апта калганда, уулум экөөбүз даярданабыз. Ачуу жана майлуу тамактардан баш тартып, жашылчаларга өтөбүз",- дейт ал.

Жумабаев азыркы учурда эмгек сиңирген донор статусуна ээ жана ай сайын төлөм алып турат.

"Пенсия катары ай сайын 1000 сомдон төлөп турушат. Бирок азыркы компенсация сыяктуу бул сумманы дагы жогорулатып беришсе жакшы болмок. Мага окшогон эмгек сиңирген донорлор көп эле. Баарыбыз туруктуу донор болуп калдык, бул кайсы бир деңгээлде стимул дагы болмок"- деп кошумчалады Жумабаев.

Министрлер кабинетинин токтому

Кан тапшыруу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Республикалык кан борборунун маалыматына ылайык, буга чейин донорлорго 100 сомдон 500 сомго чейинки суммада гана акчалай компенсация төлөнүп келген. Бирок Министрлер Кабинетинин жаңы токтомунун негизинде, төлөм бир топ жогорулады. Эми донорлор төмөнкүдөй суммада акча алышат:

  • Ыктыярдуу кан тапшырган донор – 300 сом
  • Акы төлөнүүчү кан тапшырган донор – 800 сом
  • Эки жолку плазма тапшырган донор – 1200 сом
  • Тромбоциттин эки дозасын тапшырган донор – 1200 сом
  • Эки жолку иммундук плазма тапшырган донор – 1600 сом

Төлөмдөрдүн жогорулашы донордук маданиятты калыптандыруу жана канды үзгүлтүксүз камсыздоо максатын көздөйт. Мекеме өкүлдөрү бул өзгөрүүлөр коомчулуктун донор болуу демилгесин арттырат деген ишенимде.

"Мурун төлөнүп келген 100 сом алардын жол киресине да жетчү эмес. Мындай кадам кайсы бир деңгээлде ыктыярдуу кан тапшырган жарандардын санын көбөйтүүгө жардам берет деп ойлойбуз"- деди Республикалык кан борборунун директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиева.

Кимдер кан тапшыра алат?

Кан тапшыруу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстанда 18 жаштан 60 жашка чейинки, саламаттыгы чың, жугуштуу жана өнөкөт оорулары жок жарандар донор боло алат.

Бирок кан тапшыргысы келген адам эки күн аралыгында алкоголдук ичимдик, дары-дармек ичпеши керек жана майлуу, оор тамактардан баш тартуу зарыл. Андан тышкары адам төмөнкүдөй шартта убактылуу донор боло албайт.

  • Жакында вакцина алса;
  • Дене табы көтөрүлгөн болсо;
  • Гемоглобин деңгээли төмөн болсо;
  • Жакында эле ооруп айыкса.
  • Кош бойлуу болсо же бала эмизип жатса

Андан тышкары, ВИЧ/СПИД илдети менен жашагандарга, гепатиттин В жана С түрү менен ооругандар, кургак учук жана башка оор жугуштуу оорулар менен жабыркагандар донор боло албайт.