Бразилияда апасын «көзү ачыктар» менен 140 миллионго сызга отургузган аял кармалды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бразилиянын полициясы улгайган апасынан 142 млн доллардан ашуун баадагы зер буюмдарын жана искусство чыгармаларын алдап алыш үчүн кызык жана татаал кылмыш схемасын түзгөн аял кармалганын кабарлады.
82 жаштагы Женевьева Богичи маркум күйөөсүнөн бразилиялык сүрөтчүлөрдүн чоң коллекциясын мурастап калган. Ал эми анын кызы Сабина Богичи баалуу буюмдарды амакөйлүк менен ээлеп алган
Бул шылуундук иш 2020-жылы Женевьевага “кызынын ажалы” тууралуу айтып берген "көзү ачыктан" башталган.
Андан соң амалкөй аял апасын башка “көзү ачыктарга” жетелеп бара баштаган. Аны “айыктыруу” үчүн башы маң болгон аялдан алдап акчасын ала башташкан. Жолугушууларда “көзү ачыктар” Сабинанын өзү берген маалыматтарды пайдаланышкан.
Полициянын айтымында, кийинки айларда кызы апасын үйүндө күчкө салып кармаган, ал эми шылуундар аны коркутушкан. Сабина жана анын жардамчы “көзү ачыктары” “терс энергияга толгон” көркөм чыгармаларды “тазалоо” шылтоосу менен үйдөн алып чыга башташкан.
Полициянын өкүлү Гилберт Рибейронун айтымында, бир жылдык азаптан кийин Женевьева шектене баштаган жана полицияга кайрылууну чечкен.
Полициянын маалыматы боюнча, андан жалпысынан 16 сүрөт уурдалган - анын ичинде Сисеро Диас, Рубенс Герхман жана Альберто Гиньяр сыяктуу белгилүү бразилиялык чеберлердин эмгектери да бар.
Мындан сырткары, бразилиялык модернизмдин негиздөөчүлөрүнүн бири Тарсила ду Амаралдын үч сүрөтү уурдалган – алардын баасы 140 миллион долларга барат.
10-августта Рио-де-Жанейродо полиция “көзү ачыктардын” биринин үйүн тинтип, уурдалган он бир сүрөттү, анын ичинде керебеттин астына катылган Амаралдын “Күн батышы” сүрөтүн тапкан. Дагы үч сүрөт Сан-Паулудан табылды. Арам ойлуулар эки сүрөттү Буэнос-Айрестеги музейге сатып жиберишкен. Алар азырынча кайтарыла элек.
Жалпысынан күч органдары “бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу”, “тоноо”, “опузалап акча талап кылуу”, “мыйзамсыз эркинен ажыратуу” жана “кылмыштуу топ түзүү” боюнча кылмыш иш козгоп, жети адамга айып такты. Сабинадан тышкары кылмыштуу схеманын төрт катышуучусу кармалды. Дагы экөө - Диана Роса Апаресида Станеску Вулетич (бул бир адам) жана Славко Вулетич - качып жүрөт. (ЕВ)








