Ичкилик ичүү канчалык кооптуу?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөнүн көп жерлеринде спирттик ичимдиги жок өткөн шаан-шөөкөт болбосо керек. Кээ бир кишилер үчүн бир чөйчөк шарап бейтааныш адамдар менен сүйлөшүүнү кыйла жеңилдетет.
Кишилер түрдүү себептен улам ичимдик ичет. Шаан-шөөкөт, таанышуу, ал тургай стресстен арылуу - ичимдик ичүүгө шылтоо болуп берет.
Айрым изилдөөлөрдө кээ бир алкоголдук ичимдиктерди, мисалы кызыл шарапты чеги менен ичкен учурда ден соолук үчүн пайдалуу болушу мүмкүндүгү айтылат.
Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, спирттик ичимдикти чеги менен ичүү деген норманын өзү жок.
ДССУнун изилдөөсү
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун акыркы отчетуна ылайык, жыл сайын 2,6 миллион киши спирт ичимдигинен улам көз жумат.
Алкоголь рактын кеминде жети түрүнө, анын ичинде ичеги жана эмчек рагына себеп болот.
ДСУнун кенен изилдөөсү боюнча, орточо ченге туура келген 1,5 литрге жетпеген шарап жана 3,5 литрден аз сыра да адам саламаттыгына кооптуу.
Аталган уюм алкоголду ичүү боюнча белгиленген норма жок экенин, ден соолукка коркунуч спирттик ичимдиктин биринчи тамчысынан эле башталарын айтат.
Керектөө төмөндөп жатат
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө киши башына алкоголдук керектөөнүн жалпы көлөмү 2010-жылы 5,7 литр болсо, 2019-жылы 5,5 литрге чейин бираз кыскарган.
Спирттик ичимдик ичүү жагынан эркектер аялдардан озуп өтөт. Жылына орточо эсеп менен аялдар 2,2 литр, эркектер 8,2 литр ичимдик ичет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Англиянын Беркшир аймагынын тургуну Анна Тайт алкоголду толугу менен таштады:
“Мен көп деле ичем деп айта албайм, бирок жума күндөрү көп ичет элем. Жумуштан кийин бир нече бөтөлкө сыра, андан соң жин ичип, ал жетпей калса, күйөөм менен бир бөтөлкө шарап бөлүшүп ичүүнү чыдамсыздык менен күтчүмүн".
Анна ишемби, жекшемби күндөрү да ичет эле, бейшемби күндөрү да майрамдачу.
Бирок ушул жыл башынан бери ал марафонго чуркай баштады. Машыктыруучусу ичкиликти таштоого үндөгөн экен. Күйөөсү да спорт менен машыгып, экөө тең ичкиликти азайтышкан.
"Бул чоң өзгөрүү болду. Мен өзүмдү күчтүү же жакшыраак сезип жатам", - дейт Анна.
Бирок түгөйлөр туугандары, дос-жары менен чогулган учурда ичпей койгон үчүн достору аларды анчалык деле жактыра бербегенин айтышат.
Германиянын Бавария аймагында жашаган жыйырма эки жаштагы Амели Хауенштейн досторунун колдоосу менен ичкиликти таштаган:
"Ичкиликсиз түнүм көңүлдүү өтпөйт эле. Бирок мен ичкиликти таштагым келди. Анткени эрте менен турганда түндө эмне болгонун билбей калчумун, бул абдан жаман сезим."
Анна сыяктуу эле Хауенштейн дагы жашоосундагы өзгөрүүлөргө кубанып турат.
Илим жаңылып жатабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алкоголдук ичимдикти таштоо ден-соолукка кандай пайда алып келерин биздин эки каарман жогоруда айтып өттү.
Канадада наркомания боюнча иштеген доктор Тим Стоквелл Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун изилдөөлөрү тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берүүдө:
“Алкоголь кооптуу, бирок коркунуч аны ичкенде башталат”.
Стоквелл 107 макаланы анализдеп, ичимдик менен өлүмдүн ортосундагы байланышты түшүнүүгө аракеттенген.
British Medical Journal медициналык басылмасы жүздөн бири өлсө орто коркунуч, миңден биринин өлүмү төмөн коркунуч деп жазды.
Бул аныктама өлкөгө жараша өзгөрүп кете берет.
Улуу Британиянын өкмөтү жумасына 14 бирдиктен ашпоону сунуштайт, бул болжол менен алты чөйчөк шарап же сырага барабар.
Спирттик ичимдикти нормасы менен колдонуу ден соолукка пайдалуу деген пикир изилдөөнүн начар методологиясынан келип чыкканын Стоквелл айтууда:
“Суроолор талаптагыдай деңгээлде болгон эмес. Мурда спирт ичимдигин ичкендер, айрым маанилүү факторлор эске алынбай калган. Алкоголду орточо ичкендер кирешеси жогору кишилер болушу мүмкүн. Алар жакшыраак тамактанышат, көнүгүү жасап, ден-соолукка көңүл бурат”
Пайда-зыяндын тең салмагы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок баары эле спирттик ичимдик коркунучтуу деп эсептебейт. Алардын бири Англиядагы Кембриж университетинин профессору Дэвид Шпигельхалтер:
"Күнүнө бир же эки стакан ичимдик ичүүнүн коркунучун иликтеп жаткандардын аракетине мен таң калам. Мисалы машина айдап баратканда аны коопсуз башкаруу деген норма жок.Коопсуз жашоо да ошондой. Биз пайда-зыяндын тең салмагын сакташыбыз керек. Менин оюмча, кишилер ырахат алуу үчүн ичет деп кабыл алышыбыз керек".
Анын айтымында, күнүнө бир саат телевизор көрүү же жумасына эки жолу бутерброд жеп коюу дагы ден-соолукка коркунуч келтирет.
“Ошондуктан чоңдор өздөрүнө эмне жакшы экенин өздөрү чечиши керек”,- дейт Дэвид Шпигельхалтер.
Доктор Тим Стоквелл да ичкенди жакшы көрөт жана аны таштап коюуну каалабайт:
"Эгер сиз алкоголду жашооңузга түс кошуп турган нерсе катары көрсөңүз, анда ал кичинекей тобокелчиликтерди алып келерин билип туруп ичип жатасыз". (ErA)












