Пакистан бир жылга жетпеген убакытта 700 миң афган качкынын өлкөсүнөн чыгарды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Афганистан соңку ондогон жылдардагы качкындардын эң чоң агымына туш болууда. Пакситандан эле, бир жылга жетпеген убакытта 700 миңге жакын афган качкындары чыгарылды. Өлкө дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризистин бирин башынан кечирип жаткан чагы. Гуманитардык уюмдар бул, келечекте туруксуз абалды ого бетер оорлотуп коюшу мүмкүн деп кооптонууда.
Ондогон жылдардан кийин мекенге суз маанайда кайтып келгендер.
Узун кезектер. Киши чыдагыс ысык. Пакистандан чыгарылган жүздөгөн оогандыктар мындайга күн сайын туш болууда.
Рахматулла үй-бүлөсүнүн он алты мүчөсү менен жаңы эле келди. Алар Пакистанда кырк алты жыл жашап, ал жакта жашоо тиричилигин кыйла жакшыртып алышкан эле.
Бул жерде аларды кендирин кескен жакырчылык, баш калка кылар ырыстуу үй-жайсыз турмуш, жумушсуздук жана өспүрүм кыздарды билимден өксүткөн туңгуюк келечек күтүп турат.
"Ачыгын эле айтам, көңүлүң ооруйт экен. Эми жаңы жашоо башташым керек. Себеби үйүмдөн айрылдым. Мында болгону бир бөлмөм жана короом бар",- деп кейийт Рахматулла.
Рахматулланын апасы 1978-жылы Советтер союзу Афганистанды көздөй басып кирердин алдында чыгып кеткен эле.
"Алар бизди сабап, өлкөдөн кууп чыгышты. Мына ушинтип кеттик, бул биздин жыргаган тандообуз эмес",- дейт ал.
Пакистан өткөн жылдын ноябрында чек арадагы козголоңдор күчөгөндөн кийин документи жок качкындарды биринин артынан бирин өлкөдөн чыгара баштаган.
Бул жерге, Пакистандан Торхамга келгендердин көбү мындай аптаптуу күндүн астында чек арадан бат өткөнүнө кубанышы мүмкүн, бирок алардын көбү үчүн, бул, белгисиз келечекке карай узак жолдун башталышы гана.
Розина жети ай мурун чыгарылып, ошондон бери ушул чатырда күн кечирип келе жатат.
"Мен Пакистанда чоңойгом. Азыр, мында кайын журтум менен турам. Алар мага балдарым менен жатканга чатыр берип турушту. Мындай болору оюма да кеген эмес эле, күткөн да эмесмин", - деп жалооруду Розина Сафи.

Пакистанда Розина балдарын багыш үчүн тикмечи болуп иштеген.
Талибдер көзөмөлдөгөн Афганистанда аялдарга жумуш табуу оңой болбойт.
Талибан өкмөтү кризис менен жалгыз күрөшө албасын моюнга алат.
"Биз менен жетимишке жакын уюм иштешет. Жардам көп келүүдө, бирок ал да жетишсиз. Биз жардамдын кеминде беш жыл уланышын каалайбыз",- дейт Баз Мухаммад Абдул Рахман.
Адамдардын минтип кайтып келиши афганистандагы гуманитардык кризисти ого бетер оорлотууда.
Жалгыз эле Пакистан дагы бир миллион качкынды өз өлкөсүнөн чыгарат. Калктын 90% жакыны жакырчылыктын чегинде жашайт жана каржылоо азайып баратат.
"Эң оору, кайтып келгендердин саны көп, алар туруксуз абалга туш болушуп, дароо коңшу өлкөлөргө кайтып кетишүүдө”,- дейт Арафат Жамал.
Шаардын четинде жашаган Розина аны кандай келечек күтүп турганын билбейт.
Ага окшоп кайтып келген көп адамдардын бул каатчылыкка чыдагандан башка аргасы жок.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Үч жыл мурунку өзгөрүш
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2021-жылдын 15-августунда талибдер Афганистандын бийлигин басып алган эле. Ошентип Талибан кыймылы дээрлик жыйырма жылдан кийин Афганистандын бийлигине кайрадан келген.
Ошол тушта АКШ өзү убада бергендей эле аскерлерин 2021-жылдын 31-августуна чейин чыгарып кетти. Анда АКШ Талибандын келишин расмий түрдө таанып-тааныбай турганы боюнча да билдирүү жасоого ашыккан эмес.
Жо Байден жетекчилик кылган АКШнын бийлиги талибанга кайрылып, Афганистанда аялдардын укугун сыйлоого, инклюзивдик өкмөт түзүүгө жана жардам көрсөткөн уюмдардын эркин иш алып баруусуна бөгөт койбоого чакырган.
“Эми Афганистандагы согуш аяктады... Мен президенттикке аттанып жатканда бул согушту аягына чыгарам деп Америка элине убада бергем... Афганистандагы мөөнөтсүз миссиябызда биздин башка максатыбыз жок болчу. Ал жакта 20 жылга созулган согуштан кийин Американын кийинки муундагы уул-кыздарын кармашка жөнөтүүдөн баш тарттым”, – деген эле Жо Байден Афганистандан акыркы аскерин чыгарып кеткен күндүн эртеси.








