Евробиримдик “Вагнерди” Беларустан чыгарууну талап кылууда. Үч өлкө чек арасын жабууга даяр

Сүрөттүн булагы, Reuters
Польша, Литва жана Латвиянын бийликтери эгер “Вагнер” тобунун жалданма аскерлери Беларуста кала берсе, чек арасын толугу менен жабууга даяр. Евробиримдиктин (ЕБ) өлкөлөрү аларды потенциалдуу коркунуч деп эсептешет. Расмий Минск менен Москва болсо бул кооптонууну ого бетер күчөтүп жатышат.
Беларустагы “Вагнер” тобу жөнүндө эмнелер белгилүү?
“Вагнердин” жалданма аскерлери 2023-жылдын 23-24-июнундагы Евгений Пригожиндин козголоңунан кийин дароо Белоруссияга келишкен. Бул Владимир Путин, Пригожин жана күтүүсүз жерден ортомчулукту алган Александр Лукашенконун ортосундагы макулдашуунун натыйжасы болду.
Беларустун аймагындагы жалданма аскерлердин так саны расмий түрдө айтыла элек, “Вагнерге” жакын Gray Zone телеграм каналы өлкөгө жети миң жалданма аскер киргенин билдирди. Аларга Минсктен жүз чакырымдай алыстыктагы Осиповичи кыштагынын жанынан, кароосуз калган аскер бөлүгүндө чатыр лагери үчүн орун берилген.
Аймактын спутниктен тартылган сүрөттөрүн анализдеген “Азаттык” радиосунун маалыматы боюнча, азыр лагерде ар бири жыйырма кишилик жүз жетимиш чатыр турат. Башкача айтканда, лагерде 3 миңдей адам болушу мүкүн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Евгений Пригожин менен "Вагнердин" командири Дмитрий Уткин 23-августтагы авиакырсыктан каза болгон. 25-августта Александр Лукашенко "Башкалар анын жок болушун канчалык каалабасын, “Вагнер” жашап келген, “Вагнер” тирүү жана “Вагнер” Беларуста жашай берет," деди. Ал тургай жакынкы күндөрү өлкөдө жалданма аскерлердин саны 10 миңге чейин өсүшү мүмкүн экенин кошумчалады.
30-августка карата Белоруссияда “Вагнер” жоокерлеринин санынын өсүшү байкалган эмес.
“Вагнер” Европа өлкөлөрүнө коркунуч келтирдиби?
Белоруссия менен чектеш Польшага, Литвага жана Латвияга “Вагнердин” согушкерлеринен тике жана ачык коркунуч болгон жок. Бирок алардын Беларуска жайгашканы Евробиримдик өлкөлөрү үчүн дестабилдештирүүчү факторго айланган.
“Биз Беларуста бир нече убакытка калабыз деп чечтик. Бул убакыттын ичинде Беларус армиясын дүйнөдөгү экинчи армияга айландырабыз, зарыл болсо, биз алар тарапта согушуп да беребиз, - деген эле Евгений Пригожин Белоруссияга келген согушкерлерге кайрылып. (Мындай видео 19-июлда ага байланыштуу телеграм каналдарда пайда болгон).
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
20-июлда Беларустун Коргоо министрлиги жалданма аскерлер Беларус-Польша чек арасындагы эң жакын өткөрмө бекеттен он үч чакырым алыстыкта жайгашкан Брест полигонунда армия менен биргелешкен машыгууларды өткөрүп жатканын кабарлады. Машыгуулар 24-июлга чейин созулду.
25-июлда Санкт-Петербургга келген Александр Лукашенко Владимир Путинге айрым “вагнерчилер” аны “кыйнай баштады” деп даттанды: алар Варшавага жана Польшанын чек арага жакын Жешов шаарына “экскурсияга” барып келүүнү суранышкан имиш. Ал шаар аркылуу Батыштын курал-жарактары Украинага жеткирилип жатат, деп билдирген Лукашенко.
Августтун башында Пригожинге жакын телеграм каналдары аскер кийимин кийген адамдын бети жабык сүрөтүн жарыялашкан. Ал Польшанын чек ара мамысынын фонунда сүрөткө түшкөн, анын колунда “Вагнердин” шеврону болгон. Сүрөт жасалма болуп чыкты (шеврон поляк жоокеринин жеңиндеги Польша желегинин үстүнө чапталган), бирок ал Евробиримдиктин өлкөлөрүндө да, Украинада да кескин реакцияга кабылды.
Дагы бир туруктуулукка доо кетирген фактор Лукашенконун, Путиндин жана россиялык чиновниктердин тынымсыз билдирүүлөрү болду. Аларда Польша болжолдуу түрдө батыш Украинанын аймактарын өзүнө алгысы келгени – жана, эгерде бул операция (батыш өлкөлөрүндө аны эч ким олуттуу талкуулаган жок) Беларустун аймагына таасирин тийгизсе, анда Орусия муну өзүнө каршы агрессия катары кабыл алат деп айтылат.
Евробиримдиктин Беларус менен чек аралаш өлкөлөрү “Вагнер” тобун кандай кабыл алышты?
Алар чек араны көзөмөлдөө чараларын акырындык менен күчөтүү.
8-августтан тарта Латвия өкмөтү Беларус жана Орусия менен чек араны кайтаруунун күчөтүлгөн режимин 2024-жылдын февралына чейин киргизди.
Литванын ички иштер министри Агне Билотайте 18-августта Литва дагы эки чек ара пунктун жабышы мүмкүн экенин жана коңшу өлкөлөр менен бирге чек араларды толук жабууга даяр экенин билдирди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жайдын биринчи жарымынан тарта Польша орус жана беларус номурлары бар жүк ташуучу унааларды өткөрмө бекеттери аркылуу өткөрүүгө чектөө киргизди.
Польшанын ички иштер министринин орун басары Мачей Вонсик бул чара Беларустагы поляктар биримдигинин журналисти жана активисти Анджей Почобуттун камалуусуна “катуу жооп” деп билдирди. Ал "жек көрүүнү жана араздашууну козутуу" жана "улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүү" деген беренелер боюнча сегиз жылга абакка кесилген.
23-августта үч өлкөнүн чек ара кызматтары жолугушуу өткөрүп, анда Беларус тараптан кооптуу жагдай жаралса кандай биргелешкен аракеттер болоору талкууланды.
Евгений Пригожиндин өлүмү Беларус менен коңшулаш өлкөлөрдүн кооптонуусуна эч кандай таасир эткен жок. Маселен, Литванын коргоо министри Арвидас Анушаускас анын ордуна "Орусиянын Коргоо министрлигинде ар кандай байланыштары бар башка адамдар" келиши мүмкүн экенин, чыңалуунун негизги фактору жеке Пригожин эмес, Орусиянын Украинадагы согушу экенин айтты.
28-августта Польшанын, Латвиянын жана Литванын бийликтери Минск тараптан “олуттуу инцидент” боло турган болсо чек араны толугу менен жабууга даяр экенин жарыялашты. Алар ошол үч өлкөнүн чек арасына жакын жердеги куралдуу кагылышуу, же мыйзамсыз мигранттардын атайын уюштурулган массалык түрдө чек араны бузуп кириши болушу мүмкүн.
Польшанын Ички иштер министрлигинин башчысы Мариуш Камински бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Польша, Латвия, Литва жана Эстония Беларустун аймагынан “Вагнердин” согушкерлерин чыгарууну талап кылышканын билдирди.
30-августта ички иштер министринин орун басары Матей Вонсик Беларус бийликтери тарабынан жеңилдиктер болоруна дагы эле үмүт артарын билдирди. “Лукашенко колдогон “Вагнердин” баарына даяр кылмышкерлер тобунун же анын бир бөлүгүнүн биздин чек арага жакын жерде турушуна эч кандай зарылчылык жок. Булар согушта такшалган, киши өлтүрүүдө тажрыйбасы бар адамдар. Лукашенко бул адамдардан кутулат деп үмут кылабыз. “Вагнер” Лукашенко үчүн келечекте көйгөй жаратышы мүмкүн, анткени Беларуста бир нерсе жакпай калса алар Москвага жүрүш кылгандай эле Минскиге жөнөшөт. Беларус армиясы болсо алсыз”, - деди Вонсик TVP телеканалына берген маегинде.
Евробиримдик менен Беларустун чек арасы жабылса кесепети кандай болот?
Бул Беларус менен Евробиримдик өлкөлөрүнүн ортосундагы чек арадагы биринчи чоң кризис эмес. 2021-жылдын жай жана күз айларында Беларуска он миңдеген мигранттар, негизинен Ирак жана Сириядан келишкен (Польша бийликтери 2021-жылдын ноябрында Беларустун ЕБ өлкөлөрү менен чек арасында 15 миңге жакын мигрант калган деп эсептешкен). Алар кээде бир-бирден, кээде уюшкан түрдө чек арадан мыйзамсыз өтүшкөн. Андан кийин Польшанын бийликтери өзгөчө кырдаал жарыялап, Евробиримдик Беларусту "гибриддик агрессия" үчүн айыптады.
Ошол кезде Беларус үчүн бул кризис көбүрөөк саясий кесепеттерди алып келди - Минск жаңы санкцияларга кабылды. Эми болсо чек аралардын жабылышы олуттуу экономикалык таасир бериши мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Reuters
“Зеркало” интернет-порталы менен маектешкен эксперттердин айтымында, чек аралардын жабылышы биринчи кезекте Европадан келген дары-дармекке сокку урат - алардын Беларус рыногундагы үлүшү кырк алты пайыз.
2022-жылдан бери Беларус Евробиримдиктен мөмө-жемиштерди, жашылчаларды жана азыктардын айрым түрлөрүн импорт кылууга орусия сыяктуу тыюу салып келет. Бирок бул тыюу маал-маалы менен товарлардын тартыштыгына жараша жеңилдетилип турат. Ошентип, чек аралардын жабылышы тамак-аштын жеткиликтүү болуусуна таасирин тийгизет.
Андан тышкары, Белоруссия Европадан айыл чарбасы үчүн үрөн жана биологиялык кошумчаларды сатып алат.
2022-жылы Беларустун 5 миң жараны саясий башпаанек сураган, алардын 3 миңден ашыгы Польша менен Литвага кайрылышкан.
Беларус жана Орусия азыркы кырдаал тууралуу эмне дешет?
Александр Лукашенко Евробиримдик өлкөлөрүнүн бийликтери чек араларды жабуу менен "өздөрүн жана өз жарандарынын абалын ого бетер начарлатат" дейт.
“Бизге Польша, Литва же Латвиянын жерлеринин кереги жок. Бирок азыр аларда, өзгөчө Польшада (парламенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген) шайлоонун алдында саясий психоз болуп жатат, ошондуктан алар кырдаалды курчутуп жатышат. Жапса жаба беришсин, өздөрүнө гана зыян кылышат. Эли ансыз да жакырланып калды: кышында бизден отун алып кетишти, анткени жылытканга эч нерсеси жок болчу”, - деди Лукашенко.
Евгений Пригожин өлгөндөн кийин орус бийликтери Беларустагы “Вагнер” тобунун жалданма аскерлерин мындан ары эмне кылары тууралуу бир дагы ооз ачкан эмес. (DO)












