Вагнер: жалданма армия Беларуска көчүүдө

Жаңы спутник сүрөттөр Россиядан Беларустагы жаңы лагерге Вагнер согушкерлерине караштуу жаңы күчтөрдүн колоннасы келгенин көрсөтүүдө.
BBC Verify талдоосуна караганда, ондогон автоунаалар Беларустун түштүгүндөгү кароосуз калган аскердик лагерге келип жатат. Бул жер Минскиден 103 км аралыкта турат.
Бул лагер Вагнердин козголоң чыгаруу аракети болуп, Беларус президенти Лукашенко ортого түшүп сүйлөшүү жолу менен аяктагандан кийин пайда болду. Ошондо эле Вагнердин аскердик күчтөрүнүн бир бөлүгүн Беларуска көчүрүү жөнүндө бүтүм болгон дешет.
Соңку спутник сүрөттөр Вагнер аскер күчтөрүн көп санда Беларуска көчүрө баштаганын күбөлөйт.
Ошол эле убакта Вагнердин кенже командирлеринин бири Глеб Би-Би-Си менен сүйлөшкөндө, көпчүлүк командирлердин козголоң жөнүндө эч кандай планы жана ою да болгон эмес деп билдирди.

Пригожиндин козголоңу

Сүрөттүн булагы, ERIK ROMANENKO/TASS
23-июнда Евгений Пригожин Россиянын аскердик жетекчилигин алып ыргытуу үчүн Москваны көздөй адилеттик жүрүшүн жарыялап, менчик армиясындагы жалданма согушкерлер менен жолго чыккан эле. Вагнерчилер Ростов-на-Дону шаарын ээлешип, Москваны көздөй жакындап кирип барышкан болчу.
Бирок козголоң кандай тез башталса, ошондой тез бүттү – 24-июнда Беларус президенти Александр Лукашенко менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Пригожин бөөдө кан төгүлбөсүн деп жолдон артка тартканын жарыя кылды. Ал эми аны чыккынчылыкка күнөөлөгөн Кремль вагнерчилер менен соодалашып тим болду, мурда козголгон кылмыш иштеринин баарын кыскартканын жарыя кылды.
Соодалашуунун параметрлери кийин Дмитрий Песковдун оозунан белгилүү болгон: Пригожин Беларуска кетмей болгон, козголоң жөнүндө кылмыш иши кыскартылмак, ага катышкандар аскердик эмгеги үчүн (Украинага басып киргени үчүн) соттолбой турган болгон. Ал эми козголоңго катышпагандар Россиянын Коргоо министрлиги менен контракт түзүп, кызмат кылат деп айтылган.
Пригожин азыр кайда?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
27-июнда эле Лукашенко «Вагнердин» кожоюну Беларуска келгенин кабарлаган, ал эм 6-июлда - козголоңдон дээрлик эки аптадан кийин - беларус президенти Пригожин өлкөдө жок деп билдирди.
«Менин маалыматым боюнча, жоокерлер (вагнерчилер) өзүнүн лагеринде. Пригожин болсо Питерде жүрөт. Беларустун аймагында жок»,-деди ал.
New York Times Пентагондогу булактарына таянып, козголоңдон кийин Пригожин көбүнчө Россияда эле Москва менен Санкт-Петербургдун ортосунда келип кетип жүргөнүн жазды.
Керек болсо, анын Беларуска келгени да так эмес деп деп белгилеген басылма. Газетанын маектеши, Пригожин өзүнүн чыныгы жүргөн жерин жашыруу максатында өзүнө куюп койгондой окшош адамдарды дагы пайдаланышы мүмкүн деген.
Пригожиндин бизнес-джет учагы Россиянын ичинде ары-бери учуп жүргөнүн андан мурда Flightradar кызматындагы маалыматтарга байкоо салган «Верстка» басылмасы да кабарлаган. Аталган кызматтын маалыматтары Пригожиндин учагы 6-июлда эки аптанын ичинде экинчи жолу Шереметьеводон Ростов областына учуп келгенин, фронтко жакын аскердик аба майданы жайгашкан Миллерово шаарына бурулганын көрсөткөн.
Flightradar кызматынын маалыматтарын Financial Times журналисттери да талдап чыккан. Алар жарыялаган картага караганда, 25-июндан тарта, аскердик козголоң аяктагандан кийин, 6-июлга чейин Пригожиндин учагы Беларуска бир нече жолу учуп барган, бирок көбүнчө Москва менен Петербугдун ортосунда эле жүргөн.
28-июнда Петербургда чыгуучу «Фонтанка» басылмасы Пригожинге окшош адамды «Трезини» отелинин жанынан көрүшкөнүн жазган, бул жакта анын кеңсеси бар.
Андан мурда ушул эле отелдин короосунан вагнерчилердин козголоң иши боюнча тинтүү жүргүзгөнү келген күч кызматкерлери акча шыкалган «Газелди» табышкан. «Фонтанка» кабарлагандай, кылмыш иши кыскартылгандан кийин Петербургдан тинтүү убагында алынган 10 миллиард рубль Пригожинге кайтарылып берилген.
6-июлда Песков «Вагнердин» кожоюну ээн-эркин эле келип-кетип жүрөт деген билдирүүлөргө Кремлде анын артынан түшкөн эч ким жок экенин айтып жооп кылган.
«Биз анын каякка барып коюп атканын аңдыган жокпуз, ага мүмкүнчүлүк да жок, каалообуз да жок»,-деген Путиндин басма сөз катчысы.
Путин менен Пригожин козголоңдон кийин жолуккан

Сүрөттүн булагы, ALEXANDER KAZAKOV/LEV BORODIN/TASS
Владимир Путин «Вагнер» менчик армиясынын кожоюну Евгений Пригожин менен ал козголоң чыгаргандан кийин жолугуп сүйлөшкөнүн дүйшөмбүдө президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков өткөң аптада кабарлаган. Андан мурда бул тууралуу батыштын чалгын маалыматтарына таянып француз газетасы Libération жазып чыккан эле.
Песковдун сөзүнө караганда, жолугушуу Кремлде 29-июнда болуп, үч саатка созулду. Ага Евгений Пригожиндин өзү жана «Вагнердин» командирлери – баардыгы 35 адам катышты.
Алар, Песковдун айтымында, жогорку башкы командачыга аябай ишенген тарапкерлери экенин белгилеп, мекен үчүн жан аябай салгылаша берүүгө даяр экенин билдиришти.
Путин өз кезегинде менчик армиянын фронттогу аракеттерине жана 24-июндагы окуяларга баа берип, ошондой эле вагнерчилерге андан аркы иштин варианттарын сунуш кылды. Андан мурда эле россиялыктарга жасаган телекайрылуудан Путин Пригожиндин аракеттерин «Россияга чыккынчылык» деп атаган эле.
Путин менен Пригожиндин козголоңдон кийин жолукканы жөнүндө батыш чалгын маалыматтарына таянып, француз басылмасы Libération жазып чыккан эле. Андагы маалымат боюнча, Пригожин менен менчик армиянын командирлери башка күнү, 1-июлда жолуккан жана Путинден сырткары Росгвардиянын башчысы Золотов, Тышкы чалгын кызматынын башчысы Сергей Нарышкин менен дагы көрүшкөн.












