Түркмөнстандын жаңы сердары. Гурбангулы Бердимухаммедов бийликти баласына бермей болду

Наргиза Рыскулова, Григор Атанесян, Би-би-си

Сердар Бердимухаммедов

Сүрөттүн булагы, Reuters

Гурбангулы Бердимухаммедовдун уулу Сердар Түркмөнстандын жаңы президенти боло турган окуялар башталды. Он беш жылдан бери өлкөнү башкарып жаткан Гурбангулы бул кызматтан кетип, “жаштарга жол бере турганын” билдирди. СССРдин эң жабык өлкөсүндө мөөнөтүнөн мурда шайлоолор 12-мартта өтөт. Мердар Бердимухаммедов жөнүндө эмне белгилүү жана “Аркадаг” же “түркмөндөрдүн тиреги” Гурбангулы Бердимухаммедов эмне үчүн бийликти өткөрүп берүүнү азыр чечти?

Мураскор уул

Бердимухаммедов баласын мураскорлукка соңку беш жылдан бери эле даярдап келатат, өкмөттөгү ар кандай кызматтарга дайындады, саясат таануучулар үчүн анын талапкерлигинин көтөрүлүшү жаңылык деле болгон жок.

“Биз бул сценарийди көп айдан бери талкуулап келатабыз. Максат - үй-бүлөдө бийликти сактап калуу, бийликти атасынан баласына өткөрүп берүү узак өткөөл мезгилге созулуп, жаңы президентке бийликти топтоп алганга мүмкүнчүлүк түзөт”-деди Би-Би-Сиге Эдвард Лемон, Техасс университетинин профессору, Борбордук Азияны изилдөө боюнча “Оксус” коомунун башчысы.

Сердар Бердымухамедов соңку убакта эл алдына жана маалымат каражаттарына атасынан көп чыга баштады. Жакында эле республиканын региондорун кыдырып, башкы телеканалда чыгып сүйлөп, эл аралык сапарларга бара баштады. Анын элге көп чыгып, активдүү болуп жатканын эксперттер Түркмөнстандагы бийликтин транзити башталганына жоруп жатышат.

Бийлик өткөрүүнүн ийкемдүү жолу

UZBEKISTANI PRESIDENCY / HANDOUT

Сүрөттүн булагы, UZBEKISTANI PRESIDENCY / HANDOUT

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 64 жаштагы Гурбангулы Бердымухамедов президент болуп үчүнчү жолу 2017-жылы шайланган, анын мөөнөтү 2024-жылы бүтөт.

Гурбангулы Бердымухамедов эс алууга кеткени жатканын 11-февралда түкшүмөл кылды. 64 жаштагы президент “пайгамбар жашына” келгенин, ошондуктан “жаштарга жол бериш” керектигин айтты. Ошол эле убакта ал өзүнүн уулунун атын атаган жок жана өзү эмне менен алек болорун да айтпады.

“Биздин өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабында мамлекетти башкарууда руханий чөйрөдө тарбияланган жаш жетекчилерге жол берүү керек деген ойду мен колдойм. Халк маслакатинин төрагасы катары өзүмдүн турмуштук жана саясий тажрыйбамды мен мындан ары ушул ишке жумшамакчымын”,-деди Бердимухаммедов.

Болжолу, ал өзү жогорку палатанын төрагасы кызматында калчудай. Башка ардактуу кызматтар же өмүр бою берилчү ыйгарым укуктары жөнүндө сөз жок.

Гурбангулы Бердимухаммедовдун президент кызматынан кетери жөнүндө анын чөйрөсүндө 2019-жылы эле сөз боло баштаган, ошондо ал бир ай элге көрүнбөй калган эле. Ошол учурда президенттин күчөгөн оорусу – кант диабети жөнүндө да сөз жүрө баштаган.

Анын кетүү жөнүндө белги берген сөзү анын уулу 40 жашка чыккан учурга туш келди, так ушул жаштан баштап жарандар президенттик кызматка көрсөтүлө алат.

Гурбангулы Бердымухамедовдон мурда өлкөнү башкарган Сапармурат Ниязов 66 жашында каза болгон. Ниязовдун Ашхабаддагы эстелиги

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гурбангулы Бердымухамедовдон мурда өлкөнү башкарган Сапармурат Ниязов 66 жашында каза болгон. Ниязовдун Ашхабаддагы эстелиги

Ата-бала байланышы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Эксперттердин баамында, Сердардын реалдуу атаандаштары жок, анткени Түркмөнстанда реалдуу саясий жашоо дагы жок. Бүйүр кызыткан бир маселе – Сердар канчалык атасынын көзүн карайт же өз алдынча боло алат.

“Сердар өзүн кандай көрсөтөт, ошол кызык. Анын атасы бийликке перифериядагы позициядан келди, өзүнөн мурдагы башкаруучуга сыйынуучулукту жоюп, анын ордуна өзүнүкүн орнотту”,-дейт Эдвард Лимон.

Буга түркмөнстандык саясат таануучу Сердар Айтаков да макул. Ал өлкөдөгү окуяларга псевдоним менен пикир жазып турат:

“Сердар бара-бара кызматкерлер менен кеңешчилерден өзүнүн командасын түзүүдө, бирок аны азыр анчалык көрсөткүсү келген жок, азырынча анын командасы күчкө жана эски номенклатурага каршы турган “анын өзүнүн партиясына” айлана элек. Бирок атасы ага өз алдынча болууга канчалык жол берет, кеп ошондо”.

Мурдакы тиш доктур Гурбангулы Бердимухаммедов 1997-жылы Түркмөнстандын саламаттык сактоо министри болуп дайындалган, 2001-жылы вице-премьер болгон. Сапармурат Ниязов дүйнөдөн өткөндөн кийин ал президенттин милдетин аткаруучу болуп калган.

Түркмөнстандын конституциясына ылайык, президенттин милдетин аткарууну межлистин төрагасы Овазгелди Атаев алып бармак, бирок ага шашылыш түрдө кылмыш иши козголгон.

Коңшулардын мисалы

Гурбангулы Бердимухаммедовдун азыркы кадамына коңшу өлкөлөрдөгү окуялар дагы түрткү болду окшойт, айрыкча Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун бийликти үй-бүлөсүнө транзит кылууга ордунан чыкпаган аракети жана Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин бийликтен четтетилиши.

Би-Би-Синин маектештери байкагандай, биринчи учурда Бердимухаммедов өлкөнү баласы менен бирге башкарат, бирок бара-бара бийликтен четтеп, өзү “гарант” жана “кеңешчи” катары калат.

"Атасы менен баласы өлкөнү биргелешип кандай башкарат, ушул жагы кызык болот. Биз мындай мисалдарды Сингапурда көргөнбүз, Ли Куан Ю бийликти мураскорго өткөргөндөн кийин “насаатчы министр” кызматында калбады беле”,-дейт Эдвард Лимон.

Айтаков да бул пикирге макул. Анын айтымында, Бердимухаммедов бара-бара атайын “улут лидери же атасы” жана “салттын, суверенитеттин жана көз карандылыктын сактоочусу” макамына чейин атайын четтейт.

Сердар жөнүндө эмне белгилүү?

Сердар Бердимухаммедов

Сүрөттүн булагы, ALEXANDER ASTAFYEV/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соңку эки жылда Сердар башка өлкөлөргө көп барып жатат. Анын активдүүлүгү өсүп жатканын көптөр болочок президенттин тышкы аренада “көзгө түшүп” жатканы деп аташууда. Өткөн жылы Россиянын премьер-министр Мишустин , Жапониянын императору Нарухито, Жапониянын премьер-министр Ёсихидэ Суга, Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов менен жолукту. Жаңырган жылы январда Иран менен Өзбекстанга барды, президенттери менен учурашты.

Сердар Бердымухамедовдун саясий карьерасы (Анын ысымы түркмөн тилинен жолбашчы деп которулат) абдан ыкчам өнүктү.

  • 2008-2011-жылдары Түркмөнстандын Россиядагы элчилигинде дипломат болуп эмгек жолун баштаган, андан кийин 2011-2013-жылдары Женевада Түркмөнстандын БУУдагы өкүлчүлүгүндө иштеген.
  • Ошол эле жылдары Россияда Дипломатиялык Академияны окуп бүтүргөн. 2014-жылы кайтып келип, Түркмөнстанда тышкы саясатты карап баштаган.
  • 2016-жылы парламенттин төртүнчү чакырылышында депутат. Шайлоо кезексиз болуп, коомго көп айтылган эмес. Сердар шайлоо алдында отставкага кеткен партиялашынын ордун ээлегени белгилүү.
  • Ал азыркыга чейин башкаруучу Демократиялык партиядан депутат болуп турат, бул ага финансы- экономика маселелери боюнча вице-премьер болууга жана Жогорку Коопсуздук кеңешинде отурганга, Жогорку көзөмөл палатасынын башчысы кызматын ээлөөгө тоскоол болгон жок.
  • Соңку төрт жылда Сердар өкмөттөгү кызматтарды тез-тез алмаштырды, тышкы иштер министринин орун басары, губернатордун орун басары, баш калаа Ашхабад жайгашкан Ахал велаятынын губернатору, ошондой эле өнөр жай жана курулуш министри болду.

Сердар Бердимухаммедовдун талапкерлигин президенттик кызматка көрсөтүү чечими партияда бир добуштан кабыл алынды.

“Жөнөкөй жана кичи пейил адам, үй-бүлөгө күйгөн жана сергек жашоону жактайт, кесиптештеринин сый-урматына ээ”,-деп мүнөздөшөт партиялаштары.

Саясатта көптөн бери келатса дагы, Сердардын эл билбеген жагы да көп. Айтаковдун айтымында, түркмөн элитасы Сердарды кашкайган лидер катарында кабыл алууга азыр даяр эместигин билдирген белги берген.

Саясий эксперт ошондуктан Гурбангулы Бердимухаммедов парламенттин жогорку палатасынын төрагасы болуп шайланып, баласын ар кандай тоскоолдуктан калкалап, өзүнүн да коопсуздугу менен таасирин сактап келатат.

Сердар билими боюнча инженер-технолог. Түркмөнстандын айыл чарба университетинде окуган, техника илимдеринин доктору. Гурбангулы Бердимухамедовдун жалгыз жана баш көтөргөн уулу. Анын эжелери турмушка чыгып, чет өлкөдө жашай турганы белгилүү. Сердар дагы үйлөнгөн, төрт баласы бар.