BBC

BBC navigation

Түркмөнбашы ат чабышта аргымактан кулады

Соңку жаңыланышы: 1-май, 2013 - 06:59 GMT

Eurasianet.org жана башка сайттарда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов аргымактан кулаганын көрсөткөн видеолорду жарыялады. Дал ушул окуяга Би-Би-Си кабарчысы Акчолпон Койчиева да өзү күбө болду.

"Мен буга чейин түркмөн күлүгүнүн күнү деп аталган майрамдын үчүнчү күнү ат жарыш болмок. Ат жарышка катыша турган төрт жашка чейинки аттарды жарыялашты. Үчүнчү ат эмнегедир секирип мөңкүп, тынч ала албай турганын байкаган элек,-дейт Акчолпон. - Ошол учурда президент Түркмөнбашынын аты жарыяланганда түркмөн тилинен биз ошол атка президент Гурбангулы Бердимухаммедов өзү минип жарышка чыкканын боолголоп эле билип калдык. Жарыш башталды, баарыбыз көз салып турдук. Тилди так түшүнбөгөндүктөн биз президент өзү келатат деп боолголоп эле отурдук. Мара так биздин алдыбызда эле, ошол мараны кесип өтөр замат эле бир ат мүдүрүлүп барып, андагы киши аттын башынан алыс учуп барып кулады. Беш-он секунддай убакыт баары тымтырс болуп, баардык нерсе катып калды. Музыка дароо басылды. Министрлер жабыла чуркап барышып, кулаган кишинин үстүнөн бөйпөлөктөп түшүп калышты. Аңгыча “Тез жардам” машинасы келип калып, алып кетти. Беш-алты миң адам жыйналган стадион сенейип эле туруп калдык. Ошондон улам кулаган адам президенттин өзү экен деп түшүнүп калдык. Кырк мүнөттөй эчтеке билбей отурдук. Ыйлап жиберген түркмөн аялдары да болду. Бир маалда колдор чабылганда биз кулак түрүп калдык. Президент 20 секунддай көрүнө калып, кол булгалап кеткенден кийин биз кырсык болуп кеткен экен деп элейип эле отуруп калдык".

Ат чабыш Түркмөнстанда түркмөн аргымагынын күнү майрамдалып жаткан учурда жекшембиде болду. Бул майрамды чагылдырууга көп журналисттер катышты, чет элдик журналисттер да бар эле. Алардын айтымында, коопсуздук кызматкерлери журналисттерди текшерип, аларды тарткан видеолорун жок кылууну талап кылышкан.

Түркмөнстанда Гурбангулы Бердимухамеддовдун керт башына сыйынуучулуктун бир себеби анын ушул ахалтеке аргымактарына болгон камкор билимине байланыштуу экени айтылып келатат.

Президент ахалтеке аргымактары жөнүндө эки китеп чыгарган, анда президенттин атканасынын ичи-сырты жана анын өзүнүн ат минип турган толтура сүрөттөрү жарыяланган.

Тектеш темалар

BBC © 2014Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.

]]>