Айзиректин жолдошуна чыккан өкүм өзгөргөн жок

Айзирек Эралиева

Сүрөттүн булагы, ayjamal eralieva

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айзирек Эралиева

Бүгүн, 26-ноябрда Ош облустук соту күйөөсүнүн колунан ажал тапкан Айзирек Эралиеванын өлүмүнө байланыштуу ишти карап, райондук соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Буга чейин Өзгөн райондук соту маркумдун жолдошу Белекбай Абдирасуловду 18 жылга жалпы режимдеги абакка кескен. Айзиректин жакындары айыпталуучуну өмүр бою абакта калтырууну сурап жатышат. Алар Жогорку сотко доо арыз менен кайрыла турганын билдиришүүдө.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну, беш баланын энеси, 38 жаштагы Айзирек Эралиева Өзгөн районунун Алга айылына 20 жылдык кечеге барып келгенден кийин 26-майда күйөөсүнүн колунан ажал тапкан.

Айзиректин күйөөсү, 40 жаштагы Белекбай Абдирасуловго карата "Адам өлтүрүү", "Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Өзгөн райондук соту 31-июлда Белекбай Абдирасулов жубайын кызганычтан улам, мас абалында бир найлуу, сайсыз мергенчи курал менен атайлап атып өлтүргөн деген тыянакка келген:

"[Биринчи окту] бөлмөдө салынып турган шырдакка атып, экинчи окту атайлап октоп, А. Эралиеванын өмүрүн атайлап кыюу максатында "атпа" деп оң колу менен түртүп, каршылык көрсөткөнүнө карабастан атып таштаган. Атылган экинчи ок Эралиеванын оң колунун билегин тешип өтүп, андан ары оң көкүрөгүнө тийип, оор жаракаттан улам каза болгон абалда Өзгөн районунун аймактык ооруканасына жеткирилген".

Райондук сот Белекбай Абдирасуловду "адам өлтүрүү" беренеси боюнча 15 жылга, "куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" беренесинин 2-бөлүмү боюнча 3 жылга эркинен ажыраткан. Ал жалпысынан 18 жылга жалпы режимдеги колонияга кесилген.

Сот мындан тышкары мыйзамсыз курал сактап жүргөн деген кине менен Айзиректин күйөөсүнө 100 миң сом айып пул да чегерген.

Маркумдун жакындары райондук соттун өкүмүнө макул болбой, жазаны катаалдаштыруу өтүнүчү менен облустук сотко кайрылышкан.

Кыргызстанда 2025-жылдын тогуз айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 16 284 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 31,2% же 3 874 учурга көп.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, быйылкы жылдын сегиз айында 21 аял киши колдуу болду. Былтыр болсо жалпысынан 35 аял өлтүрүлгөн.

WPS (Аялдар, тынчтык жана коопсуздук индекси) деп аталган көрсөткүчкө ылайык, Кыргызстан 2021 жана 2023-жылдары эки ирет катары менен Борбор Азияда аялдар үчүн кооптуу өлкө катары таанылган. Кийинки индекс быйыл, 2025-жылы жарыяланат.