Кыргызстанга жеткен Tesla унаалары: айдоочулар эмне дейт?

Трамп менен Маск

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Илон Маск Американын саясатына активдүү аралаша баштагандан бери анын Tesla компаниясы күтүлбөгөн көйгөйлөргө дуушар болууда. Технология гиганты саналган компаниянын унаалары Кыргызстанга чейин жеткен. Арасында эскилеринен тартып жаңыларына чейин кездешет. Бир саамдан соң маселенин так ушул өңүтүн дагы талдайбыз.

Маск Дональд Трамптын жактоочусу катары Өкмөттүк эффективдүүлүк департаментинин (DOGE) жетекчилигине келген эле. Миллиардердин соңку аракеттеринен улам унаа сатуунун көрсөткүчтөрү кескин түшүп, ал компаниянын акциясын олку-солку кылып салды. Tesla Cybertruck пикапы болсо Илон Маскка каршы нааразычылыктын символуна айланып бараткандай. Андан улам Масктын эң жакын өнөктөшүнө айланган Трамп баш болуп Tesla унаасын сатып алган. Бирок мындай үгүт деле компанияны оор сыноолордон куткарбайт дешет адистер.

Быйыл январдан марттын аягына чейин Tesla компаниясы 337 миңге жакын унаа саткан – бул өткөн жылдын ошол мезгилине салыштырмалуу 13% аз жана 2024-жылдын соңку үч айына караганда 27 пайызга төмөн. Бул компаниянын соңку үч жылдагы эң төмөнкү көрсөткүчү болуп саналат.

Бишкек

Былтыр Model Y дүйнөдөгү эң көп сатылган унаа болгонуна карабай бул көрсөткүч деле абалды оңдоп жибере алган жок. Teсланын жалпы сатуу көлөмү акыркы он жылдан ашуун убакыттан бери биринчи жолу 1,81 миллиондон 1,79 миллионго чейин азайганы белгилүү болду.

Мындай начар көрсөткүчтөрдүн ачыкка чыгышы Tesla компаниясынын акцияларын наркын дагы төмөндөттү. Илон Масктын адаттан тыш иш-аракеттери, айрыкча анын мамлекеттик кызматкерлерди жумуштан бошотуу боюнча кескин чаралары нааразылыкты күчөттү.

Трамп өзү баш болуп колдоду

Компаниянын ондогон дилердик борборлорунда — АКШ, Канада, Улуу Британия, Германия жана Португалияда нааразылык акциялары өттү. Сыртынан караганда тынч өткөндөй болгону менен талкалап, бүлүндүргөн учурлар да болду.

Франция менен Германияда бир нече Tesla унаасы өрттөлдү.

Бул учурда Дональд Трамп өзү баш болуп Илон Маскты колдоо үчүн жаңы Tesla унаасын сатып алган. 12-мартта Ак үйдүн алдында кыпкызыл түстөгү жалтыраган Tesla Model S унаасын көргөзүп, толук базар баасын төлөөрүн белгилеп, айдап сынап көргөн.

"Биринчиден, бул сонун продукт. Экинчиден, ал (Илон Маск - ред) өзүнүн күчүн жана жашоосун ушуга арнады, менимче, ага абдан адилетсиз мамиле жасалууда", – дейт Трамп миллиардер менен анын кичинекей уулунун жанында туруп.

Океандын ары жагынан Ала-Тоого жеткен унаалар

Кыргызстан боюнча 300гө чукул Tesla үлгүсүндөгү унаа бар. Муну "теслачылардын" вотсап группасы аркылуу баамдадым. Айтмакчы, Tesla сыймыктанган Cybertruck Кыргызстанга чейин жетип, көп өтпөй Ысык-Көлгө чейин кирип барганы кыргызстандыктардын кыжырын келтирген. Кийин жол кыймылын көзөмөлдөгөн орган айдоочуну таап, ага айып салган.

Social media

Сүрөттүн булагы, Social media

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Көп өтпөй ал унаабы же башкасыбы, январь айында кайра сатыкка чыккан. Унааны ээси 17,5 миллион сомго баалап, орусиялык байланыш номерин көргөзгөн, бирок байланышууга мүмкүн болгон жок.

Дагы бир сатуучу менен байланышканымда, чет жактан буларды 14 миллион сомго Кытайдан алып келээрин айтып берди. Буга чейин, ушундай Cybertruck унаасын бир кардары Бишкектен Дубайга алып кеткенин айтты. Бул сыяктуу унааларды Орусия, ОАЭ жана башка өлкөлөргө жеткирип берүү үчүн буйрутмалар түшүп тураарын билдирди.

Кыргызстанда Tesla үлгүсүндөгү унааларга суроо-талап көп деп айтууга али эрте. Кыргызстанда тесланын эки модели басымдуулук кылат – Tesla Model 3 жана Tesla Model Y. Бул унаалар 4,4 секундда 100 чакырымга чейин ылдамдыкты алат деп таанылган. Баасы 18 миң доллардан баштап 39-40 миң долларга чейин.

"Жергиликтүүлөр арасында Тесла дегенде "кымбат баалуу, кол жеткис" унаалардай түшүнүк калыптанып калган. Ошондон улам аларга суроо-талап анчейин десе болот", – деди Махамад айтуу айдоочу.

Жергиликтүү жарнама тиркемелериндин биринде азыркы учурда (5-11 апрель аралыгында) Tesla үлгүсүндөгү 42 унаа сатыкта турганын байкадым. Алардын көбү Америкада кураштырылып, арасында Кытайда чогултулгандары дагы кездешет.

Адилет аттуу айдоочу соңку мезгилде бул унааларга суроо-талап басаңдап, баасы дагы арзандап баратканын белгиледи. Унаа саткан сайттарда тесланын айрым унаалары 6-7 айдан бери кардар күтүп турганын көрүүгө болот.

Мисалы, 2023-жылы чыккан Tesla Model 3 үлгүсүндөгү унаа бир жыл мурун 38 миң доллардан жогору сатылып келген болсо, азыр 28-27 миң доллардын тегеретесинде сунушталууда. Демек бул унаалар 9000-11000 долларга чейин арзандаптыр деп түшүнсөк болот.

website

Сүрөттүн булагы, Mashina.kg

Тесла бузулса эмне болот?

Кыргызстанда айдоочулардын көп кызыгуусун арттырган Tesla Model 3 унаасына болгон баалардын статистикасы бар.

Адилеттин айтымында, Tesla электромобильдерине керектелүүчү тетиктер көбүн эсе коңшу Казакстан жана Кытайдан ташылат.

"Унаанын дөңгөлөк тутумун оңдош керек болсо анын тетигин сырттан алдыртып келишет. Салон, багаж, терезе жана эшиктердин механизмдери Mercedes-Benz S-Класс үлгүсүнүкү менен төп келип, түшө берет дешти", – деди ал.

Кытайлык компаниялар Tesla үчүн башкы атаандаш

Биз менен маектешкен айдоочулар бул сыяктуу унаалар үчүн атайын кубаттоочу станциялар жок болгондуктан, короосунда эле кубаттап жүрүшкөнүн белгилешти.

Tesla Кыргызстанда деле күчтүү атандаштыкка кабылган. Кытайдан чыккан BYD, Weltmeister, Zeekr жана Honda электромобилдери күн санап көбөйүп, инфраструктура дагы аларга ылайыкташып жаткандай.

Tesla унаалары үчүн борбор калаанын үч эле жеринде атайын станциялар бар. Төртүнчүсү Чолпон-Ата шаарында. Демек кубаттоочу станциялар жокко эсе экени айтпаса да түшүнүктүү.

"Tesla үчүн европалык стандарттагы кубаттагыч керек.Биздегилер болсо Кытайдыкы. Эгер кытайлык станциялардан кубаттайм десең ага атайын адаптер сатып алышың керек. Алардын баасы 1500 долларга айланат", – деди айдоочулардын бири Махамад.

Ош шаарынын тургуну Сыймык Tesla Model 3 унаасын жыл башында чет өлкөдөн алдыртып келген, бирок кайра сатууну көздөп жүрөт.

"Сатып алсам деп жаткан учурда блогерлер электромобилдерге бажы салыгы алынбайт экен деп жатышты. Аларга аябай ишгенип алып, ого бетер кызыккам. Алып келгенде бир топ эле акча төлөгөнгө туура келди. Көрсө ал эреже 2022-жылдан кийин чыккан элетромобилдерге эле тиешелүү экен. Мен болсо 12% кошумча нарк салыгы, 15% бажы салыгы деп төлөгөнүмдө эле унаамдын баасы кыйла эле кымбатка туруп калды", – деди Сыймык.

Ошто Tesla Model 3 сыяктуу унааларга кубаттоочу станция такыр эле жок.

"Оштон Бишкекке чыгыш керек болуп калса, бул машина менен жете албайсың. Мендейлерге бензин менен жүргөн эле унаа керек экен. Кызыгып алдым эле, эми сатайын деп жатам. Ош шаарына бул электромобилдер такыр эле ылайык келбейт экен деп калдым", – деди Сыймык.

Сатып алаарда 18600 доллар короткон Сыймык, эми унаасын бери дегенде миң долларга арзан сатып калам го деп турат. Ошол эле учурда Tesla унааларын кыялданып, сатып алууга кызыгып жүргөндөр да аз эмес. Алар бул унааларды технологиянын жетишкендиги катары дагы баалашат.

Соңку мезгилде Tesla электромобиль боюнча лидерлик позициясын сактап кала алабы же Кытай өндүрүшү Масктын компаниясын артта калтырабы деп улам бир талдоолор чыгып жатат. (КВ)