Тетриске 40 жыл: советтик программисттин оюну кантип дүйнөгө дүңгүрөгөн?

Алексей Пажитнов Тетристи ойлоп тапканда 29 жашта болчу. Бир нече жылдан соң оюн түркүн түстүү таңгактарда чыгып, Пажитнов андан акча таба баштаган.

Сүрөттүн булагы, WOJTEK LASKI

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алексей Пажитнов Тетристи ойлоп тапканда 29 жашта болчу. Бир нече жылдан соң оюн түркүн түстүү таңгактарда чыгып, Пажитнов андан акча таба баштаган.

Мындан туура 40 жыл мурун советтик жаш окумуштуу Алексей Пажитнов эч кимдикине окшобогон компьютердик оюн ойлоп тапкан. Ал советтик илимий-изилдөө институтунун компьютердик борборунда иштөөдөн тажап, 1984-жылы өзүнүн математикалык шык-жөндөмүнө таянып жаңы компьютердик оюн түзгөн.

Анын эң алгачкы абдан жөнөкөй, бирок оюнчуну өзүнө тартып алган "Тетрис" паззл оюнунун версиясы "Электроника-60" компьютеринде даяр болгон. Бул 1984-жылдын 6-июну эле. Оюн көп өтпөй дүйнөгө абдан популярдуу болуп чыга келген.

Идея классикалык пентамино оюунуна негизделген. Анын шарты түрдүү формадагы геометриялык бурчтуу фигураларды бири-бирине дал келтирип, кымапташ керек.

Тетрис ушуга абдан окшош идеяны ишке ашырган. Оюнчу ар бири төрт квадраттан турган геометриялык фигураларды (алар "тетрамино" деп да аталат) баштан аяк тегиз кылып "стаканга" тизиши керек болгон.

Ал мезгилде Советтер Союзунда персоналдык компьютерлер дээрлик жок экенине карабай оюн кенен жайылган. Ал тез эле бир компьютерден экинчисине, андан үчүнчүсүнө, төртүнчүсүнө деп көчүп олтуруп эсепсиз тарап кеткен.

Тетристин "темир көшөгө" тосмосунан кантип өткөнү да өзүнчө кызык окуя.

Оюн

Сүрөттүн булагы, THE BOSTON GLOBE

1989-жылы Японияда иштеп жүргөн британиялык программист Хенк Рожерс Венгрияга иш сапары менен барганда бул оюнду көрүп калып, "Тетристин" келечеги кең экенине көзү жеткен.

Советтик оюндун рыноктук потенциалын түшүнгөн Рожерс аны ошол мезгилдеги көлөмдүү компьютерлерде эмес, "көчмө" оюн түзмөктөрүндө чыгарууну көздөгөн.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бирок, бул үчүн алгач лицензияны сатып алып, иштеп чыгуучудан уруксат алышы керек эле. Мындай каалоо аны кансыз согуштан соң ондогон жылдардан кийин гана "эрий" баштаган Москвага алып барды. Рожерс 2011-жылы Би-Би-Сиге берген маегинде "акылга сыйгыс сапар болду" деп эскерет.

Ал жаңы видеокамера менен "куралданып", элеп-желеп болуп белгисиз тарапка жол тарткан. Февраль айындагы Москва ага адегенде өтө суз сезилген. "Түнөргөн асман, телевизору да, радиосу да иштебеген мейманкана, жадакалса толугураак маалыматы да жок",- деп эскерген ал.

Москваны айланып өтүү үчүн Роджерс өзүнө айдоочу кылып аялды жалдайт, ал айдоочу болуп эле тим болбостон, анын котормочусу да болду. Ал аны жабдууларды жана программалык камсыздоону импорт жана экспорттоочу советтик "Электроноргтех" мекемесине алып келген.

Уруксат алуу кыйын болуп чыкты. Котормочу аны менен ичкери кирүүдөн кескин баш тартып, "мен ал жакка чакырылган жокмун" деген шылтоо менен баш тарткан.

Кайраттанып, ал жалгыз кирип, атүгүл Тетристин укугун сатып алууга кызыкдар экенин түшүндүрө алган. Имарат ичи дароо дүрбөлөңгө түшкөн. Рожерс ошол эле окуяны Би-Би-Сиге берген маегинде "бул ишим кумурсканын уюгуна ысык көсөө салып жибергендей эле болду" деп эскерет.

Аны КГБнын кызматкерлеринин катышуусунда сегиз кишиден турган топтун катышуусунда Алексей Пажитнов менен дароо тааныштырышкан. Андан кийин узакка созулган иликтөө жүргөн. Советтик чиновниктер видео оюндардагы автордук укукту түшүнүүгө аракет кылышкан, бирок ал мезгилде бул нерсе түшүнүксүз жана таптакыр жат болгон.

Тараптардын алгачкы өз ара ишенбестигине карабастан, Рожерстин өжөрлүгү өз жемишин берген.

"Ал жеке мага жакшы таасир калтырган биринчи бизнесмен болду", - деп эскерет ал жөнүндө Пажитнов. "Ал оюнду чындап түшүндү".

Бир жумалык сүйлөшүүлөр советтик ойлоп табуучуга эч качан болуп көрбөгөндөй көп ачылышка — оюнду чет өлкөлөргө сатуудан алынган пайданын жеке үлүшүнө кепилдик берген келишимге кол коюу менен аяктады.

Рожерстин айтымында, Тетристин укмуштуудай популярдуулугу анын -уникалдуу ойноо ыкмасы менен шартталган. Башка зордук-зомбулуктун жана кыйроонун негизинде курулган көпчүлүк компьютердик оюндардан айырмаланып, Tetris оюнчуларды курулуш жана жаратуулар менен алектенүүгө чакырган.

"Ал оюнду чындап түшүндү".

Рожерстин айтымында, бир топ эле жагымдуу оюн, анткени ал жалпысынан ар бир адамдын негизги муктаждыгын канааттандырат: "Адамдар бир нерсени кургусу келет,а буга оюн "шарт" түзүп берет. Бүгүнкү күндө "Тетрис" оюндардын тарыхында ардактуу орунду ээлейт. Өмүрүндө жок дегенде бир жолу бир миллиард адам бул оюнду ойноп, көп түстүү фигуралардын кулап түшкөн сызыктарын түзүүгө аракет кылган.

Өткөн жылдарда ар кандай басылмалар бир нече ирет жазышкандай, Пажитнов каржы ишинде алгачкы жолу чегерүүгө (отчисление) дуушар болгондуктан, баары оңой эмес болуп чыккан. Бирок акырында советтик программист 1990-жылдардын орто ченинде АКШга көчүп келип, Рожерс менен компания түзүп, гонорар ала баштаган.

Ал эми бүгүнкү күндө Пажитнов Вашингтондо компьютер оюндарынын дүйнөсүндөгү бай жана атактуу адам болуп жашап келе жатат. (AA)