Кыргызстанда адам укуктарынын абалы жана сындар
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына карата маал-маалы менен эл аралык уюмдардын сыны айтылып келе жатат. Алардын айрымдары Кыргызстан авторитаризмге багыт алып бара жатат деген мазмундагы баяндамаларын жарыялап, камакта отурган жарандык активисттерге, оппозициядагы саясатчыларга жана журналисттерге карата тынчсыздануусун билдирип жүрүшөт. Бийлик болсо Кыргызстан демократиялык принциптерди бекем кармап, адам укуктарын сыйлаган өлкө экенин айып келет.
Жакында эле Бишкек шаардык соту "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун кармалышы боюнча анын жактоочуларынын арызын канааттандырган жок.
Адвокаттар Темирлан Султанбековго кылмыш иши мыйзамсыз козголгонун жана анын талапкер болуп туруп кармалышы мыйзамга каршы келерин белгилеп, прокуратура кызматкерлери бул мыйзам бузууларга чара көргөн эмес деген негизде сотко кайрылган.
Абакта отурган Темирлан Султанбековдун атасы менен байланышып, уулунун абалынан кабар алдык.
Биз байланышкан учурда ал убактылуу кармоочу жайга бара жаткан экен. Медетбек Султанбеков уулунун камалышы жана анын абалы тууралуу буларды айтып берди:
"Камалганына үч айдан ашып калды. 89 күндөн бери ачкачылык кармап жатат. Наар тата элек, суу гана ичип жатат. Саламаттыгы начарлады. 3-февралда көз карандысыз дарыгерлер барып текшерип кеткен. Сол бутунан баса албай, балдак менен басып жүрөт. Көзүнүн көрүүсү дагы өтө начарлап кетти. Өңүнөн азды, бирок жаш да кыйналганын көрсөткүсү келбей жатат. Омурткаларынын нерви кысылып жаткандыгын айтышты. Ал кургап кеткенге чейин МРТга, УЗИге тарттыргыла деди. Аппаратка түшүп келүүгө атайын коштоо менен уруксат берип жатышат",- деди атасы.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Айтымында, уулу убактылуу кармоочу жайга киргизилгенден бери аны менен ата-энеси жолуга элек. Мүмкүн биз кирип сүйлөшсөк ачкачылыгын токтотмок беле дейт,- атасы. Ошондой эле ал тергөө иши өтө эле созулуп кеткенин кошумчалады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Мага көп нерселер түшүнүксүз. Иштин башка жагдайлары дагы ачылды деп жатышат. Кыскасы бир иштин үстүнөн экинчиси токулуп жатат. Дагы бир башка берене тагыптыр деп угуп жатабыз. Кайсы берене экенин билбейбиз. Тергөөнү улам эле создуктуруп жатышат. Милициясы деле, тергөөчүсү деле сөөмөй менен өйдө жакты көрсөтөт. Эгер күнөөсү болсо анда созбой соттошсун да",- деди Медетбек Султанбеков
Темирлан Султанбеков "Добуш сатып алуу" бергенси боюнча шектелип былтыр ноябрда кармалган. Бирок саясатчы өзүнө карата коюлуп жаткан айыптарды четке кагып, каршылык иретинде ачкачылык кармап келет.
Султанбековдун кармалуусу боюнча маселе Европарламентте дагы көтөрүлүп, айрымдары Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышы, сөз эркиндиги боюнча тынчсыздануусун билдирген.
Алар Кыргызстан бийлигин Султанбековду жана партиянын башка өкүлдөрүн токтоосуз бошотууга чакырып, алардын саясий жана жарандык укуктары толук сакталышы керек деген пикирлерин айткан.
Европарламент тарабынан Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы боюнча резолюция кабыл алынып, аны 492 депутат колдоп, 28 депутат каршы добуш берген.
Ошол эле учурда Темирлан Султанбеков кармалгандан кийин, ага түспөлдөш адам каржы маселелери тууралуу башка бир киши менен шыбырап сүйлөшүп жатат деген видео интернетке тарады. Анда акча-тыйын тууралуу кеп болуп, бул өзүн-өзү актай турган иш экени жөнүндө айтып жатат деп көрсөтүлгөн. Сөз болуп жаткан тасма тууралуу анын жактоочусу Аскар Алымкулов мындай деди:
"Темирлан ал кишинин кандай максатта келгенин билген жана атайлап ошондой сөздөрдү сүйлөгөн. Анын сүйлөгөнүн жаздырып алып, кара пиар катары колдонууну көздөгөндөрдү уяткаргысы келген".
"Мамиле жумшаруусу керек"

Сүрөттүн булагы, Facebook
Өткөн жылдын соңунда укук коргоочу Азиза Абдирасулованын Кыргызстандан шашылыш чыгып кетүүсү коомчулукта олуттуу талкууну жаратты.
Айрымдар бул окуяны өлкөдөгү адам укуктарын коргоо жагдайынын начарлашы жана жарандык активисттерге карата кысымдын күчөшү менен байланыштырышты.
Ошол эле учурда маселени саясатташтыруудан алыс болууга чакырып, Кыргызстан демократиянын жана адам укуктарынын корголушуна өзгөчө маани берет дегендер дагы болду.
Азиза Абдирасулова өзүнүн билдирүүлөрүндө, ага карата куугунтук жана коркутуулар болгонун айтып, дал ушул жагдайлар Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз кылганын белгилеп келет.
Укук коргоочу ага президенттин атынан кайрылып, кайтып кел деген чакыруулар болуп жатканын айтты. Азиза Абдирасулова өлкө бийлигинен бул иштин иликтенишин күтүп жатканын кошумчалады.
"Кетип калуу оюмда жок эле, баары кокусунан болду. Кыргызстанга эртеби-кечпи барам. Бирок саясий куугунтук, сөз эркиндигин басмырлоо токтосун",- деди ал.
Азиза Абдирасулова Кыргызстандан чыгып кетүүсүн бийлик тарабынан анын өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушуна болгон нааразычылыгы жана каршылыгы катары кабыл алышы керек экенин баса белгиледи.
"Айласыздан Кыргызстандан кеткеним бир гана мага болгон коркунуч эмес, бул адам укуктарына болгон коркунуч. Тынч жыйындарга болгон коркунуч. Учурда канчалаган саясатчылар, жарандык активисттер, болгерлер, журналисттер, акындар камакта отурат. Биз өмүр бою эркин жашаган элбиз. Мынчалык басымга, тыюу салууга чыдай албайбыз",- деди Азиза Абдирасулова.
Ошондой эле ал бийликти адам укуктарына, сөз эркиндигине болгон мамилесин жумшартууга чакырды.
"Алар журналисттерден, жарандык активисттерден, укук коргоочулардан душман издебеши керек. Тескерисинче биргелешип, өнөктөш болуп иш алып барса аларга жардам болмок",- деди.
"Кабар" агенттигине маек берип жатып президент Садыр Жапаров укук коргоочунун күтүүсүздөн өлкөдөн чыгып кетүүсү тууралуу мындай дегей эле:
"Азиза Абдирасулованы эч ким аңдыган жок. "Бирөөлөр аңдып атыптыр" деп 10-15 жыл мурун айтса, ии чын эле го деп эл ишенсе болот эле. Азыркы технология заманында аңдыган шектүүлөрдү, автомобилдерди эң кур дегенде смартфонуна тартып алып, тийиштүү органдарга же соцтармактар аркылуу ачык эле коомчулукка жарыяласа болот эле да. Муну жөн гана саясат кылышууда. Бул саясатына өздөрү эле ишенбесе эч ким ишенбейт. Азиза айымга эч ким тийбейт. Бир тал чачы түшпөйт. Акыры бир күнү келет. Ага эч кандай коркунуч болбой эле ээн эркин көчөдө басат. Ошондо эл алдында өзү эле уят болот. Саясат кылбай жөн эле келе берсин".
Жапаров Кыргызстан адам укуктарына өзгөчө маани бере турганын жана ал мамлекеттик саясаттын эң орчундуу багыттарынын бири экенин айткан.
"Анан эле адам укугун коргоо дегенде айрым укук коргоочулар кайсы бир моралдык ченемдерден чыгып кетишпесе дейт элем. Бизде демократия бар. Ачык сүйлөгөнгө менин да укугум бар. Мен Курултайда жөн гана алар донорлордон эбегейсиз көп акча алып жатышкандарын, жалган отчёт берип донорлорун алдап жаткандарын эле айттым",- деди Жапаров.
2024-жылдын 21-декабрында III элдик курултайда сүйлөп жатып Жапаров бейөкмөт уюмдарга жана көз карандысыз медиаларга донорлордон келип жаткан каражаттар жана алардын ишмердүүлүгү тууралуу айткан.
"Кысым катары кабыл албаш керек"

Сүрөттүн булагы, Facebook
Cаясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков, Кыргызстан Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге караганда демократиялык институттарды түзүүдө жана өнүктүрүүдө салыштырмалуу ийгиликтерге жетише алды дейт:
"Дүйнөнүн бардык өнүккөн мамлекеттеринде адамдардын укугу менен кошо милдети дагы турат. Биз дагы ошону сакташыбыз керек. Адам укуктары корголуш керек. Бирок баары мыйзамдын алкагында болуусу шарт. Учурда айрым бир мыйзамдар мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жолго салып жатат. Аны адам укугунун бузулушу катары кабыл албоо керек",- деди профессор.
Жолборс Жоробеков адам укуктары жана сөз эркиндиги боюнча Кыргызстандын дүйнөлүк рейтингдердеги азыркы позициясы тууралуу пикирин билдирип, мындай тыянактар ар дайым объективдүү боло бербейт деди:
"Алардын айрымдарына ишенсе болот. Бирок көпчүлүгү буйрутма аркылуу иштегендей. Мамлекет болгондон кийин аны иретке келтирүү бийликтин иши. Бирок анын баарын эле адам укугуна болгон кысым катары кабыл албаш керек".
Анын пикиринде, кандай гана мамлекет болбосун, оппозициячыл маанайдагы адамдардын болушу шарт жана ал демократиянын ажырагыс бөлүгү. Бирок, оппозиция өкүлдөрү өз ишмердүүлүгүн мыйзамдын чегинде жүргүзүүсү зарыл экенин баса белгилейт.
"Бизде кандайдыр бир болбогон нерселерге таянып алып элди дүрбөтүп кирет. Бул туура эмес. Кыргызстанда саясий маданияттын өсүүсү абзел. Ал эми кармоолор жөндөн-жөн болбойт. Демек органдардын колунда кандайдыр бир фактылар бар. Аны эмнеге кармадың, тез айт деп талап кылган туура эмес. Ошол камалган кишилерди бетине кармап Кыргызстандын аброюна шек келтирип, ички саясатты чайпалтууну каалаган топтор дагы жок эмес. Кармалган адамдардын күнөөсү бар же жогун сот гана аныктайт",-деди саясат талдоочу.
Соңку жылдардагы айрым жарандык активисттердин, саясатчылардын, блогерлердин жана журналисттердин кармалышы Кыргызстан жарандарынын гана эмес, дүйнөнүн дагы көңүлүн бурду.
Ошондой эле адам укуктары жана сөз эркиндиги менен байланышкан бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөрдүн киргизилип, кабыл алынышы коомдун ого бетер тынчсыздануусун жаратты.
Бийлик болсо дүйнөлүк бийик трибуналарда дагы Кыргызстан ар бир жарандын укугун жана эркиндигин урматтаган өлкө экенин айтып келет.












