Британияда эмне болуп жатат? Массалык башаламандыктардан кийинки Манчестер
Григор Атанесян, Би-Би-Си, Манчестер

Сүрөттүн булагы, Christopher Furlong/Getty Images
Британияда соңку он жылдагы алгачкы башалмандыктар айрым жерлерде мечиттерди өртөө жана мигранттарга кол салуу менен аяктады. Би-Би-Синин орус кызматы расалык зордук-зомбулуктун кийинки Анлгиянын түндүгүндөгү абалды билүү үчүн Манчестерге барды.
Жабыркаган шаарларда эмиграттардын жамааттары коопсуздугу үчүн коркушат. Ультра оңчулдардын лидерлеринин бири болсо расистик көз караштары үчүн эмес, сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратканы үчүн кечирим сураган жөнөкөй жигит болуп чыга келди.
Исламофобия боюнча кыскача курс
Британ өкмөтү өлкөдө бир жумага созулган башаламандыктан, полиция менен кагылышуулардан, мечиттерге жана мигранттарды убактылуу жайгаштыруучу жайларга кол салуулардан кийин кырдаалды өз көзөмөлүнө алууга жетишти.
Бул окуялар Ливерпулдун жанындагы Саутпортто 3 кичинекей кыз киши колдуу болуп, 8 киши жарадар болгондон кийин тутанган. Социалдык тармактарда ультраоңчул баракчалар кол салган жаран мигрант-мусулман экендиги тууралуу такталбаган кептерди тараткан.
Бирок бул маалымат тастыкталган эмес – кылмышка шектүү 17 жаштагы Британиянын тургуну болуп чыкты жана азырынча анын жүйөөсү (мотив) аныктала элек. Бирок алгачкы ушактар төгүндөлө электе эле көчөлөрдө унаалар күйүп жаткан.
Акыркы он жылдагы алгачкы тополоңдор британ коомун таң калтырып, массалык миграция, экономикалык теңсиздик, ресурстарды бөлүштүрүү, полиция менен соттордун өлкөнүн турмушундагы ролу тууралуу катуу талкууга алып келди.
Этникалык жана расалык теги ар кандай британдыктардын жаңы мууну адатта өз шаарында жана көчөсүндө ачык расизимге кабылбайт дейт Хума Хан.
Ал Манчестердин четиндеги Стокпорттогу орто мектепте мугалим болуп иштейт. Кээ бир саясатчылардын болгон окуяны каршылык (протест) деп атаганы ага жакпайт. Ал муну “терракт” деп атайт.
“Мен мусулман болгонума сыймыктанам жана хижаб кийген мага жагат”, - дейт Хума. Ал башындагы жоолуктун айынан жактырбаган көз караштарга көнүп калган. Бирок акыркы жумадагы окуялар өз ролун ойноду – Хума эми үйгө эртерээк кайтып, өз маршрутун кылдат пландаштыра баштады.
Ал үчүн эң кыйыны – 10 жана 12 жаштагы окуучулары, эки жээни менен болгон окуялар тууралуу сүйлөшүп, аларга исламофобия менен ксенофобия эмне экенин түшүндүрүү.
“Алар Манчестерде чоңоюшкан, ар дайым өз шаары менен сыймыктанышчу жана бул жерде өздөрүн коопсуз сезишчү. Мен болгон окуялар биздин коомдогу көпчүлүктүн пикирин чагылдырбайт, деп түшүндүргөнгө аракет кылып жатам”, - дейт мугалим.

Кара кийимчендер
Адатта кайнап турган Манчестердин жанындагы Солфорддогу соода борбору болушу мүмкүн болгон башаламандыктар тууралуу такталбаган маалыматтардан улам шейшемби күнү жабык турду. Дүкөндөрдүн терезелери темир тосмолор менен тосулуп, унаа токтотуучу жайларда полиция нөөмөтө турду.
Ультра оңчул топтордун өкүдөрү келген жок, бирок мен беткап тагынган кара кийимчен жаштардын чакан тобун байкадым.
Социалдык тармактарга мусулман жамаатарынын жигиттеринен турган мындай топтордун видеолору тараган. Алардын айрыимдары өздөрүн өтө агрессивдүү алып жүргөнүн байкоого болот. Бул видеолор бийликти кош стандарттуу деп айыптоого негиз берип койду. Бирок менин көз алдымда полиция беткапчан жаштарды дароо токтотуп, тинтип, таратып жиберди.

Сүрөттүн булагы, AP
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Ультра оңчулдар жана жек көрүү менен зордук-зомбулукту козуткандар так ушуну каалап жатышат”, - дейт Чоң Манчестер графтыгында “Мусулмандар коопсуздук кеңеши” коомдук уюмунун башчысы Жавад Амин.
Ал жалпы практикалык дарыгер, негизги жумушунан бош убактысында коомдук уюмду башкарат.
Ал башаламандыкты уюштуруучулар жооп иретинде зордук-зомбулукту козуткусу келет деп эсептейт жана мусулман жаштарын полиция менен кызматташууга жана алардын ыйгарым укуктарын алууга аракет кылбоого чакырат.
Жавад жубайы жана 4 кызы менен Манчестердин четиндеги эки кабаттуу үйдө жашайт. Ал 29-июлда Саутпортто каза болгон үч кичинекей кыздын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып жатканда аталык сезими козголуп, үнү каргылданып турду.
Мен баарлашкандардын баарындай эле, доктор Амин да башаламандыкты жайылтууда дезинформация чоң роль ойноду деп эсептейт. Бирок ал мусулман-мигрант тууралуу кептер тастыкталган күндө да бул күчкө салып жок кылууну (пагром) актабай турганын кошумчалады.
Доктор Амин менен баарлашып жатканыбызда социалдык тармактарга жакын жердеги Чедл кыштагында боло турган тополоңдор тууралуу кептер тарай баштады. Ал аймакта дарыгер барчу мечит бар. Жавад полиция жана ошол аймактын депутаты менен байланышты.
Сүйлөшүүдөн кийин ал: “Биз депутаттар жана жергиликтүү полиция менен координацияладык”, - деп түшүндүрдү.
Дарыгердин эсибинде графтыктын аймагында 80ге жакын мечит бар. Жана алардын сыйынуучулары ар түрдүу улуттардан – арабдар, сомалиликтер, пакистан, бангладештиктерден тартып, афро-карибдиктерге чейин бар.

“Карри-милдеги” кальянканаларда
Манчестердин Африка, Азия, Жакынкы Чыгыш жана Чыгыш Европалык мигранттардын урпактары жанаша жашаган Мосс-Сайд на Рашолм өңдүү кварталдарында өлкөнү каптаган башаламандыктарга тынчсыздануунун белгиси жок.
Мосс-Сайдда исламдын салафит багытындагы китеп дүкөндүн терезесинин сынган бөлүгү панель менен жабылган, бирок сатуучу Абдул мунун башаламандыктарга тиешеси жок экенин түшундүрөт: эки жума мурун китеп дүкөнүнө түн ичинде уурулар кирген.
Абдул Лондондун туштүгүндө төрөлүп, бирок жашоо арзан болгон үчун Манчестерге көчүп келген.
Рашолм “Карри милль” катары белгилүу жана өлкөдөгү азиялык ресторандар эң көп топтолгон жер деп аталууга татыктуу.
Чоң көчөнүн эки тарабында кафе-ресторандардын үстөлдөрү жайгашкан. Архитектурасы Осмон сарайын элестеткен эки кабаттуу “Pаsha Vibesтин” алдында Пакистандын “Адилеттик кыймылы” партиясынын желектери желбиреп турат. Анын лидери, мурдагы премьер-министр жана крикеттин супер жылдызы Имран Хан Пакситандын турмөмсундө жазасын өтөп жатат. Анын тарапкерлеринин митингдери шаарда тополоңго катарлаш, аларга тоскоолдук кылбастан өттү.
Мусулман эркектердин ультра ончулардар менен кагылуусу бул жерде көпчүлүктү тынсыздандырууда. Мындай окуяны Абдул-Хаким өзүнүн негизги коркуусу дейт: “Эгер бул эки топ кагылыша турган болсо, мен 25 жыл мурда Сомалидан Манчестерге качкан нерсем болот”.
Буга чейин ультра ончулдардын акциялары негизинен мусулман жамааттары азыраак жайгашкан райондордо болуп келген жана мусулмандардын өкүлдөру үйдө калып, полицияга таянууну артык көрүшкөн.

Бэкхемден маанилүүрөөк
Рашолм жана Мосс-Сайд сыяктуу райондор Манчестердин тез өнүгүп жаткан демографияснын белгиси. Жарым кылым мурда шаардын калкынын 96% ак түстүүлөр болчу. Азыр “ак британдык” этникалык категория манкунилерлдин жарымынан азын түзөт: 2021-жылдагы эл каттоого ылайык калктын 49%.
Укук коргоочулар “Улуу Британиядагы эң ири фашистик топ” деп атаган ультра ончул “Патриоттук альтернатива” (ПА) уюмунун өкүлдөрү бул көрсөткүчтү айтканды жакшы көрүшөт. Твиттер социалдык тармагында тыюу салынган бул топ негизинен телеграмда активдүү.
Дал ушул топтун лидерлеринин биринин каналында кандуу кол менен сүрөт Enough is enough (“Жетишет!”) деген ураан жана Саутпорттогу митингге чыгууга чакырык пайда болуп, жыйынтыгында полиция менен кагылышуулар жана жергиликтүү мечиттерди өртөөгө аракеттер болгон. #Enoughisenough нааразылык акциялардын негизги хэштеги болуп калды.

Сүрөттүн булагы, EPA
Уюмдун аймактык бөлүмүнүн башчысы бул материал боюнча мени менен сүйлөшүүгө макул болду. Ал өзүн Крис деп атап, жумушунан айрылгысы келбегенин айтып, фамилиясын айтуудан баш тартты.
Расисттик уюмга мүчө болгонуна карабай, акыркы күндөрү камакка алынган чоңдордон айрымаланып, жөнөкөй, жоош жигит болуп чыкты. Маектин ортосунда телефону шыңгырап калганда аябай кечирим сурады.
Крис жана анын жүздөгөн өнөктөштөрүнун күн тартибиндеги негизги маселе – Британияны мультимаданияттуу демократиядан ак британиялыктардын мамлекетине айландыруу. Алардын программасына ылайык, бул аралдардын жергиликтүу тургундарынын толук кандуу урпактары гана чыныгы британдыктар – бул жарандыктан, маданий интеграциядан, тилди билүүдөн, аралдарда туулган ата-бабалардын муундарынан же өлкөгө кызмат кылуудан маанилүүрөөк.
Мен Кристин ачык расисттик идеяларды кандайча кабыл алганын түшүнгүм келди. Мен ал өзүн Англиянын курамасында 115 оюн өткөргөн “Манчестер Юнайдеддин” тарыхындагы эң атактуу футболчусу Девид Бекхемге караганда британдык деп эсептейби деп сурадым. Крис көзүн ирмебей туруп, Бекхемдин еврей тамыры аны толук кандуу британдык кыла албайт деп жооп берди.
Башаламандыктан кийин британ өкмөтү “Патриоттук алтернатива” уюмун террордук уюмдардын тизмесине кошууну караштырууда. Бирок ушул убакка чейин бийликтин башаламандыктарга дароо жообуна полициянын катышуусун көбөйтүу гана эмес, башаламандык уюштурууга шектелген 500дөн ашуун адамдын камакка алынышы жана чукул сот отурумдары да камтылган. Ыкчам, катаал өкүмдөр тополоңго катышкан же ага кошулууну ойлогондордун каалоосун кетирет деген божомол бар.
Бул стартегияны саясий карьерасына чейин каролдук прокуратура кызматынын башчысы болуп иштеген премьер-министр Кир Стармер сунуштаган. Стармер бул кызматты 2011-жылы ээлеп турганда, Британияда этникалык жана расалык азчылыктар полиция жана ультра оңчул топтор менен көчөлөрдө салгылашып жаткан расалык тополоңдор менен коштолгон. Аларга катышкандыгы үчүн кармалгандар күнү-түнү соттолуп, Стармер бул тартипти калыбына келтирүүдө негизги ролду ойногондугуна ишендирди.
Коомчулуктун дароо жообу Лондондун бир карат райондорунда, ошондой эле Бристол, Бирмингем, Брайтон, Ливерпуль жана башка шаарларда болуп өткөн миңдеген нааразылык акциялары түрүндө болду. Алардын катышуучулары “Фашисттер кеткиле!” деп кыйкырып, “Бул жерде качкындарга кабанычта” деген плакаттарды кармап турушту.

Сүрөттүн булагы, PA Media
Алыскы согуштардын жаңырыгы
Бейшемби күнү эртең менен антифашисттик митингдердин кадрлары британиялык либералдык да, консервативдик да гезиттердин биринчи беттерине чыкты. Бирок толеранттуулуктун салтанаты айрым активисттердин идеялогикалык платформаларынын көлөкөсүндө калды.
Лондондун түндүгүндөгү райондорунун биринин активисттери Instagram баракчасына митингге катышууга чакыруу жөнөтүштү. Ырас, расисттер жана фашисттеh менен бирге алар “сионисттерди” да өз округунан кууп чыгууга чакырышты. Бул парламентте ушул округдан депутат лейбористтик партиянын өкүлүнүн айыптоосун пайда кылды.
Манчестерде өлкөдөгү саны боюнча экинчиде турган эң чоң жөөт (еврей) коому жашайт. Ошондой эле бул аймак антисемитизмге байланыштуу инциденттердин катталуусу боюнча Лондондон кийинки эле, экинчи турат. Укук коргоочулардын докладына ылайык 2024-жылдын биринчи жарымында 268 факт катталган.
“Биздин жаматта тынчсыздануу бар. Адамдар мезузаларды эшиктеринен алып коюу керекпи деп талкуулап жатышат”, - дейт Чоң Манчестер графтыгындагы еврей кеңешинин аткаруучу директору Марк Леви.
Мезуза – жөөттөрдүн эшикке илинген сыйынуу сөздөрү жазылган түрмөк.

Сүрөттүн булагы, AFP
Биз Манчестердин түндүгүндөгү Престуиче шаарындагы пабда жолугушабыз, ал жерде жөөт жааматы калктын 20% түзөт. Анда өткөн аптадагы баш аламандыктар карапайым тургундар Израилдин аракеттерине нааразы болгондорун каарын сезген мурунку айлар айкалышты.
“Эмне дейли, 7-октябрдан бери жашоо оңой эмес, - дейт Марк. – Адамдар көбүнчө жөөттөр менен израилдиктердин айырмасын түшунүшпөйт. Мен бешинчи муундагы британиялыкмын жана муну менен сыймыктанам. Бирок адамдар мени карап, израилдик деп ойлошот.
Кийинчерээк, Мосс-Сайдда самолилик качкын Абдул-Хаким менен сүйлөшүп жатып бул сөздөрдү эстедим. Башаламандыктардын себебин сураганымда, ал күтүлбөгөн жерден Британиядагы ар кандай жамааттарды бири-бирине каршы коюп жаткан “Иерусалимдик сионистерди кунөөлөй баштады.
Манчестердеги жөөт өкүлдөр кеңеши Англиянын шаарларындагы зордук-зомбулукту айыптап, ультра оңчулдарга каршы биримдикке чакырды. Бирок Марк Газадагы согуш диний жамааттардын ортосундагы тилектештикте суроо жаратканын айтат. Диний уюмдардын диалогу аркылуу көп жылдар бою курулган байланыштар бат эле үзүлдү.
Мусулмандардын коосуздук кеңешинин өкүлү Жавад Амин сыяктуу эле ал да башаламандыкка алып келген социалдык тармактардагы жалган маалыматтардан кабатыр.
Ошондой эле Марк: “Чындык бут кийимин кийгенче, жалган дүйнөнүн жарымын айланып чыгат деген” англис макалын эске салды.












