Орусияда психологиясы жабыркаган аскерлерге жардам көрсөтүү системасы эмнеге иштебейт?

Орусия
    • Author, Софья Вольянова
    • Role, Би-Би-Си орус кызматы

Украинадагы кандуу согушка катышкан орус аскерлери психикалык оорулардын ар кандай түрүнөн жабыр тартышат, көбүн эсе посттравматикалык стресске кабылышат. Согуш башталганына үч жарым жылдын жүзү болсо дагы орус бийлиги аскерлерге психологиялык жардам көрсөтө турган эффективдүү система түзө алган жок. Бүгүнкү күндө Орусияда аскерлерге жардам берүүчү психологдор да, аларга арналган окутуу программалары да жетишсиз. Мунун айынан көпчүлүк жоокерлер согуш талаасынан кайткан соң адистерге кайрылуунун ордуна убакытты спирт ичимдиктери менен өткөрөт.

Посттравматикалык стресске согуштук чыр-чатактарга катышкан ар түрдүү аскерлер дуушар болушат. Бирок Орусия армиясында зомбулук менен мыкаачылыктын деңгээли өтө жогору болгондуктан бул көйгөй ого бетер курчуп жатат. Ал эми согуш талаасынан кайткандардын арасында мурдагы кылмышкерлер жана "Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын жалданма жоокерлери көп кездешет. Мындай жагдай өлкөдө кылмыштуулук менен зомбулуктун өсүшүнө алып келди.

Би-Би-Синин орус кызматы Украинадагы согушка катышкан орус армиясынын жоокерлери менен психологдор кантип иштеп жатканын, тийиштүү адистердин аракети эмнеге "ич жылытаарлык эмес" болуп жатканын талдайт.

Алардын коомчулукка коркунучун азайтам деп

Психолог Яна (чын аты каармандын өтүнүчү менен өзгөртүлдү) 2023-жылдын жай айында калк жыш жашаган шаардагы ооруканалардын биринде жаңы гана ачылган медициналык-психологиялык консультация бөлүмүнө жумушка орношкон.

Мындай консультациялык кабинеттер Орусиянын ар кайсы шаарларында Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен ошол жылдары ачылып баштаган. План боюнча ал жакка биринчи кезекте согуштан кайтып келгендер кайрылып, ыкчам түрдө психологиялык колдоо алышы керек эле.

Яна согушка каршы көз карашта болгондуктан ал сыяктуу жоокерлер менен иштөө кыйынга тураарын алдын-ала сезген. Бирок жардамым тийиши мүмкүн деп ойлогон.

"Эмнеге болбосун? Алар коом үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн, а мен аны азайтууга көмөктөшө алам" — деп ойлогон. Бирок, чын-чынына келгенде, анын жардамына көп деле муктаждык болгон эмес.

Яна иштеген бир жарым жылдын аралыгында ага болгону 17 "атайын аскердик операциянын" катышуучусу кайрылган (Орусия Украинадагы согушту "атайын аскердик операция" же ААО деп атап коет). Бул көрсөткүч ооруканалар иштеген бирдиктүү система аркылуу аныкталган.

Рецидив – убакыт маселеси

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

2022-жылдын 24-февралында орус армиясы Украинага басып кирип, кеңири масштабдагы согушту баштаган эле. Согуштан кайткандардын алгачкы толкунун "Вагнердин" лидери Евгений Пригожин жалдап алып барган абактагы адамдар түзгөн. Жарым жылдык аскердик кызмат өтөгөндөн кийин аларды ырайым кылууга убада кылынган. Ошол кезде Пригожиндин айтымында, "Вагнер" жеке менчик аскер компаниянын катарына 50 миң камакта отургандар кошулуп, 32 миңи үйлөрүнө кайтышкан. 2024-жылдын январь айынан баштап орус түрмөлөрүнөн аттангандар согуштун аягына чейин кызмат кылууга милдеттүү болгону аныкталган.

2022-жылдын күзүндө өлкөдө мобилизация жарыялангандан кийин бардык аскердик келишимдер иш жүзүндө мөөнөтсүз негизге өткөн. Ал эми демобилизация боюнча эч ким үн каткан жок. Келишимди бир нече себеп менен гана үзүүгө мүмкүн: эгер жоокер оор жаракат алса, аскердик кызмат өтөө курагынан ашып же кылмыш жасап, эркинен ажыратылса.

Украинадагы согуштан кайткан эркектердин жүрүм-туруму өзгөрүп, ар кандай кылмыштарга барган учурлар көбөйгөн. Ур-токмоктон баштап сексуалдык зордук-зомбулук жана киши өлтүрүүгө чейин катталууда.

"Верстка" басылмасынын байкоосу боюнча, эки жарым жылдын ичинде (2022-жылдын 24-февралынан 2024-жылдын августунун аягына чейин) аскердик кылмыштардын кесепетинен 242 адам каза болуп, дагы 227 адам жаракат алган.

Кылмыш

2025-жылдын февралында Орусиянын Ички иштер министрлигинин Урал юридикалык институтунун кызматкери Вилли Маслов "Орусиядагы кылмыштуулукка атайын аскердик операциянын таасири" аттуу изилдөөсүн жарыялаган. Анда согуш башталгандан кийин оор жана өзгөчө оор кылмыштардын көрсөткүчү жогорулаганы айтылат.

Бехтерев атындагы психиатрия борборунун маалыматы боюнча, аскерлер арасында посттравматикалык стресс 3-11%ында кездешет. Эгерде оор жаракатка дуушар болсо, анда бул илдтеке чалдыгуу ыктымалдыгы 14-17% га чейин өсөт.

Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу Башкы аскердик медициналык башкармалыгынын жакында жарыяланган маалымат базасында 2022-жылдын январынан 2024-жылдын июнь айынын ортосуна чейин Орусиянын жана аннексияланган Крымдын ооруканаларында 166 миң жаракат алган жоокерлер дарыланып жаткандыгы айтылган.

Посттравматикалык стресске фронтто жүргөндөрдүн көпчүлүгү чалдыгат деген пикир бар. Украинадагы согушка канча орус жараны чакырылганы белгисиз: 2023-жылы декабрда Владимир Путин фронтто 617 000 аскер жүргөнүн айткан; 2024-жылы дагы 490 миңи согушка кеткен. Ошол эле учурда ушул жылдын июнь айында президенттик администрация 137 миң согуш ардагери мекенине кайтып келгенин билдирген.

Тез психологиялык жардам

Орусияда жоокерлерге психологиялык жардам көрсөтүү үчүн эки мекеме жооптуу. Биринчиси — мамлекеттик медициналык мекемелер, тактап айтканда, поликлиникалар менен ооруканалар. Ошол жерлерде психологиялык жана психотерапиялык колдоо көрсөтүүчү бөлмөлөр ачылган. Учурда 2,7 миң ушундай адистештирилген кеңселер иштеп жатат. 2024-жылдан тарта акысыз психологиялык жардам милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасына киргизилген.

Экинчи мекеме – 2023-жылдын апрелинде Владимир Путиндин жарлыгы менен түзүлгөн "Защитники Отечества" мамлекеттик фонду. Аны Коргоо министринин орун басары жана орус президентинин тууганы деп айтылган Анна Цивилева жетектейт. Ал жакта атайын жөлөк пул чегерүүдөн жана ардагердин күбөлүгүн алуудан баштап медициналык реабилитацияга чейин ар тараптуу колдоону убада кылышкан.

Психологиялык жардам көрсөтүү ыкмасы ооруканаларда да, фонддо да негизинен бирдей иштейт: алгач жоокер консультацияга келет, ага диагноз коюлат жана анын абалына жараша психиатрга, психотерапевтке же психологго жөнөтүлөт.

"Бейтап келсе, биз аны менен кризистик абалда иштейбиз. Кризистен алып чыккандан кийин дарыланууга жөнөтөбүз. Бул сыяктуу атайын бөлмөлөрдү ачууга бардык эле ооруканалардын чамасы жетпейт. Биздин шаарда, менимче, биздикинен тышкары дагы эки-үч ооруканада ачылган. Кээ бирлерине кирүү кыйын, алар бир жарым ай мурун кабыл алышат, анткени алардын толук ставка менен психологду жалдоо мүмкүнчүлүгү жок ", – дейт ал.

Психолог

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 2023-жылдын июнь айынан 2024-жылдын январына чейин аталган фонддун адистери 10 миңден ашык аскерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө психологиялык жардам көрсөтүшкөн.

2024-жылы Орусиянын Герцен атындагы мамлекеттик педагогикалык университетинин, Степанов-Скворцов психиатриялык ооруканасынын жана Мечников университетинин изилдөөчүлөрү Санкт-Петербургдагы кеңселердин ишмердүүлүгүн анализдеп чыгып, илимий макала жарыялашкан. Алар 60 кеңсенин психологдору менен маектешип жана сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгүнүн клиникалык тажрыйбасы аз экенин, ошондой эле көбү бейөкмөт мекемелерде дистанциялык түрдө кесиптик кайра даярдоодон өткөнүн ачык жазышкан. Бул факторлор "көрсөтүлгөн жардамдын сапатынын төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн", дейт авторлор.

Изилдөөдө иштеп жаткан бөлмөлөрдүн так регламенти жана структурасы болбогону белгиленет. Ошондон улам ал жакта иштеген психологдор өзүнүн тар тажрыйбасынын негизинде өз алдынча иш жүргүзүп, ар кандай ыкмаларды колдоноору айтылган.

Окумуштуулардын эсебинде 3,7 миңден ашык адам психиатрга кайрылуу сунушун алган жана алардын 20сы гана кабыл алууга келсе, 18и дарыланган. Бул психологиялык реабилитациянын деңгээли төмөндүгүнөн кабар берет.

"Алар үн катпай, эмне айтат деп карап турушат"

Көпчүлүк психологдор согушка каршы пикирди карманып келишет, ошондон улам Украинадан кайтып келгендер менен иштөөдөн кооптонуп турушат. 2024-жылдын июль айында "Радио Свобода" агенттиги психолог жана психиатрлар менен маектешкен. Анда адистер согуштун катышуучуларынын травмаларынын деңгээлин төмөндөтүү жана аларды коом үчүн коопсуз кылуу мүмкүн эмес деген бүтүмгө келишкенин айтышкан.

Атап айтканда, терапиялык дарылоонун алкагында аскерлерди кайра согушка кайтпоого ынандырууну талап кылат. Согуш аракеттерине каршы чыккан психологдор аз эсе, анткени ар ким эле "өз баалуулуктарын жеңип, чыныгы жан кыйгычтар менен иштөөгө даяр эмес". Мындан тышкары, алардын үстүнөн жоокерлер арызданышат деп коркушат.

"Албетте, мындай кооптонуулар ар бир психологдо бар. Баардык эле жоокерлер менен сүйлөшө бергиси келбейт. Анын көз карышынан башкача айтып алсан, сенин артынан арызданып же башка жактарга жайылып кетсе, өмүрүнө "балта чабалды" деп эсептей бер", – деди психолог Яна.

"Терапия учурунда андайга туш болгом. Согуш тууралуу бир нерсе айтып келатып токтоп калып, сени кандай жооп кайтарат жана эмне деп айтат деп карап калышчу. Ошол замат бүт денеңди коркуу сезимдери басат", – деп кошумчалады Яна.

Орусиянын Украинага баскынчылыгын кызуу колдогон бейтаптар ага сейрек туш келген. Терапияга келгендердин позициясын ал негизинен "орто" деңгээлде деп мүнөздөйт: адамдар согуштан чарчашкан, катуу тынчсызданышат жана "баары тезирээк жакшы жагына өзгөрсө экен" деп каалашат.

Психолог

Психолог Валерия (каармандын аты өзгөртүлгөн) Санкт-Петербургдагы медициналык-психологиялык бөлмөcүндө бир жарым жылдан бери эмгектенет. Ал дагы согушка каршы. Согуш аракеттерин колдогон адамдар менен иштөө оор экенин айтат, бирок эң биринчи бейтап-жоокери ага ал "кыйынчылыкты жеңип чыгууга" көмөктөшкөн.

"Чынын айтсам, биринчи жолу андай жоокерди кабыл алганда аябай корктум. Посттравматикалык стресс багыты боюнча дагы биринчи сеанс эле. Балким ага жардам көрсөтө албайм деген дагы ой-санаа чырмап турду. Бактыма жараша, ал дагы согушка каршы пикирде болуп калып, экөөбүздүн ой-пикирлерибиз дал келип калды. Ал согуш талаасынан "жөө качкандай" эле болуптур", – деди ал.

Би-Би-Си менен маектешкен психологдордун баары бир ойдо: бейтаптардын көз карашына карабастан, алар терапия учурунда негизги көңүлдү кайрылгандардын көйгөйлөрүнө бурууга аракет кылышат. Пикир келишпестиктерден алыс болууга аракеттенишет. Бул иш оңойго турбайт.

Кээ бир психологдор "атайын аскердик операцияны" колдосо дагы, ошол эле учурда согушка каршы көз караштагы адамдарды кабыл алып, аларга жардам көрсөткөнүн айтышты. Алардын бири Набережные Челны шаарындагы оорукананын медициналык-психологиялык бөлмөcүнө иштеп кеткен Екатерина.

"Бейкапар эл дагы тынчсызданат. Биз дагы ошондой бейтаптарды кабыл алганбыз. Өзү дагы, туугандары дагы согушка катышкан эмес. Алар болуп жаткан окуяларда ачык айыпташкан. Бирок биз алардын позициясы менен эмес, алардын тынчсыздануусун азайтуу багытында иш алып барганбыз. Бейтап кайрылса, демек психологиялык абалы оор. Биз ошол маселени чечкенге аракет кылабыз", – деп Би-Би-Си орус кызматына маек курган.

Бул жакта жакшы кишимин, бирок тигил жакта киши өлтүргүч болчумун

Жоокерлердин психологиялык жардамга кайрылгысы келбегени – реабилитациядагы негизги көйгөйлөрдүн бири. Бийлик медициналык-психологиялык консультация берүүчү кабинеттерди ачып жатканда аскер кызматкерлери психолог жана психиатрларга кайрылуудан коркпой калышат деп ойлогон, бирок андай болбой жатат.

Психологиялык жардам алууну ар тараптуу жарнамалап жатышат: Z-каналдарда тынч турмушка кайтуу үчүн психологиялык дарылануудан өтүү зарыл экенин байма-бай жазып, федералдык жана регионалдык фонддор аркылуу жарыялашууда. Бирок аны баары жетишсиз болуп жатат.

Орусиялык аскерлердин психологдон жардам сурагандан көбүнчө баш тартып жатканынын себептери да ар түрдүү: айрымдары "өзүм эле чыдайм" деп эсептешет, айрымдары психологдорго ишенишпейт. Дагы башкалары болсо психиатрга кайрылып калсам, кийин аскердик карьерам бузулат деп коркушат.

Аскер

Психолог Матвей (аты өзгөртүлдү) Орусиянын аймактарынын бириндеги наркологиялык ооруканада иштейт. Ал Би-Би-Си орус кызматына берген маегинде, ооруканадагы стационардык бөлүмдөрүндө посттравматикалык стресске чалдыгып, дарыланып жаткандар ичкиликке берилип кеткенин белгиледи.

Бехтерев атындагы борбордун методикалык сунуштамаларында оор психологиялык травмадан өткөн адамдарда алкоголь колдонууга болгон тобокелдик жогору экени айтылат.

2024-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин В.П.Сербский атындагы Педагогика илимдеринин улуттук медициналык изилдөө борборуна алкоголдук ичимдикке көз каранды болуп, жардам сурап кайрылган аскерлердин көрсөткүчү 10%га чейин өскөн.

Америкалык психиатрлардын изилдөөсүнө ылайык, наркоманияга берилген ардагерлерде башка ардагерлерге караганда посттравматикалык стресс синдрому үч-төрт эсе көп катталган. Ооганстан менен Иракта кызмат өтөп, алкоголдук ичимдиктерди жана баңгизаттарга берилген ардагерлериндин 63% посттравматикалык синдромго чалдыккан.

Матвейдин айтымында, көпчүлүк жоокерлер өз алдынча андай илдеттен арылуунун жолун издеп, психологодорго кайрылууга батына бербейт. Эгер ошондой болуп жатса анда алар ооруканалардагы атайын кабинеттер жана "Защитники Отечества" мамлекеттик фондунун терапиялык дарылоосуна кантип барат деген суроо жаралат.

"Посттравматикалык стресстен дарылоону мен ыктыярдуу-милдеттүү процесс катары көрөм. Биздин бейтаптар дарылангысы келе бербейт. Бул көйгөй ушунчалык коркунучтуу, оор жана жаракаттуу болгондуктан, ага тийгиси келбейт. Мындай адамдык көрүнүш бар – аносогнозия, башкача айтканда, ооруга чалдыкканын кабыл албоо. Бул биздин аскер бейтаптардын баардыгында кездешет. Бул тууралуу баары билет жана баары айтышат, алар атайын психологдорго кайрылышпайт", – деди Матвей.

2024-жылдын башында эле Владимир Путин аскерлерге психологиялык жардамды милдеттүү кылууну сунуштаган, бирок азыркыга чейин жоокерлер психологго кайрылуу чечимин өз ыктыяры менен кабыл алып жатышат.

Баарынын эле чамасы жете бербейт

Бул көйгөйдүн экинчи тарабы дагы бар – ал психологдордун жетишсиздиги. Аны саламаттык сактоо министр Михаил Мурашко дагы моюнга алган. Бирок канча психолог жетишсиз экенин ачыктаган эмес.

Орусияда психологдордун ишмердүүлүгү азырынча лицензияланбайт жана бул багыттагы адистердин бирдиктүү реестри жок. Айрым маалыматтарга ылайык, психологиялык консултация менен алектенген адистердин саны 57,7 миңге жеткен, дагы башка булактарда алардын саны 86 миңден 105 миңге чейин деп айтылат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун статистикасы боюнча, Орусияда ар 100 миң адамга болгону төрт же беш психолог туура келет. Росстаттын 2023-жылдагы маалыматына ылайык, өлкөдө дээрлик 22 миң психиатр иштеген. Эң начар көрсөткүч психотерапевттер боюнча: Саламаттык сактоо министрлигинин расмий билдирүүсүнө ылайык, алардын саны болгону 1250 түзөт.

"Защитники Отечества" мамлекеттик фондунда дагы адистер жетишсиз. Бир жыл мурун Цивилека "Ведомости" газетине курган маегинде, уюмга медициналык багытындагы психологдор, тактап айтканда психикалык илдеттерге чалдыккандар менен түздөн-түз иштеген адистер жетишсиз болуп жатканын белгилеген. Журналисттер менен маектешкен уюмдун кызматкерлери дагы бул жаатта өксүктүк бар экенин моюндашат.

Мамлекеттик мекемелерге баардык эле психологдор жумушка орношо албайт. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген эрежелерге ылайык, психологиялык жардам көрсөтүү кабинеттеринде бул жаатта билим алган же психологиялык диплому бар, клиникалык психология боюнча квалификациядан өткөн адам болушу абзел. "Защитники Отечества" фондунда дагы дал ушундай талаптар менен ишке алышат.

Психолог

Керектүү адистердин жетишсиздиги менен күрөшүү үчүн 2023-жылы Саламаттык сактоо министрлиги "психиатрия" жана "психотерапия" адистиктери боюнча кайта даярдоо программасын бекиткен. Ага ылайык, жалпы практикадагы дарыгерлер, неврологдор, эндокринологдор жана педиатрлар жаңы адистикти 720 саатта (болжол менен беш айда) ала алышат. Атайын адистер үчүн программа 432 саатка эсептелген. Аны окуп бүткөн соң дарыгерлер диагноз коюп, медициналык реабилитацияга катышалат. Муну менен министрлик посттравматикалык стресс илдетине чалдыккандардын саны көбөйүшүнө камынууда.

Психологдор өзүлөрү да кайта даярдоо курстарын өтүүгө даяр. Азыркы тапта интернет желесинде бир топ курстарды сунуштаганын көрүүгө болот. Көпчүлүгү аралыктан окууга ылайыкташылган: эң кыска курстар 36 саатка созулуп, 6 миң рублден башталат, ал эми кеңири 72 сааттык курстар 30–40 миң рублге чейин жетет.

"Мен, мисалы, башка шаарлардагы окуутуларга ар дайым барып турам. Бирок ар кимдин эле чамасы жете бербейт. Бул курстар бекер болгон күндө да... Набережные Челныдан Москвага баруу үчүн каражат керек, ал жерде жашаш керек. Ал чыгымдарда эч ким төлөбөйт. Оорукана жол кире акысын каржылап берсе дагы бул өтө аз", – деп Би-Би-Сиге Набережные Челныдагы ооруканалардын биринде медициналык-психологиялык консультация бөлүмүндө иштеген психолог Екатерина билдирди.

Психологдорду даярдоо маселеси орусиялык саясатчыларды да тынчсыздандырды. 2025-жылдын май айында "Новые люди" партиясы психологдордун жетишсиздигине жана "атайын аскердик операциядан" кайтып келгендер тарабынан катталган зордук-зомбулук кылмыштарынын деңгээлине таянып, адистерди андан ары да окутуу үчүн федералдык программаны ишке киргизүүнү сунушташкан.

Окутууну Саламаттыкты сактоо министрлигинин базасында, бирок практикага басым жасап уюштурууну сунушталууда. Партия ошондой эле программаны бүтүргөндөрдүн жана "психологиялык травма менен күрөшүүгө байланыштуу диагноз менен иштөөгө кабыл алынгандардын" өзүнчө реестрин түзүүнү сунуштоодо.

"Согуштан кайткан адамды түшүнө албайт болчумун"

Согуш

Психолог керектүү билимге ээ болсо да, ал баары бир согуштан жаңы кайтып келген жоокерлер менен иштөөгө даяр эмес болушу мүмкүн. Терапевт Тамара (аты өзгөртүлдү) Би-бБи-Синин орус кызматында мурда психологиялык консультация тармагында иштеп, посттравмалык стресс багытында иштеп көрүүнү чечкенин билдирди.

Былтыр ал аскердик да, классикалык дарылоо боюнча да бир нече курстан өткөн. Бирок канчалык көп изилдеген сайын, жоокерлер менен иштей албасын түшүнгөн. Ал үчүн "түп тамырынан башкача мүнөз керек" экенин белгилейт.

"Бул багытта иштеген жөн эле психолог эмес, адегенде өзүнүн көз-карашы менен ага аралашкан адам болушу керек. Башкача айтканда, мен согуштан кийин ага квалификациялуу жардам көрсөтө албастыгыма көзүм жетти", – деди Тамара.

Аскердик түзүмдөр менен чындап иштөө үчүн психологдор атайын адистештирилген борборлорго барып, ал жерде согуштук операциялардын катышуучулары менен баарлашуу үчүн жок дегенде байкоочу катары аралашышы керектигин кошумчалады.

Би-Би-Си орус кызматы изилдеген психологдор менен психотерапевттердин атайын баарлашуу чаттарында адистер мамлекеттик мекемелерде жана адистештирилген фонддордо аскерлер менен иштөөгө даяр экендиктерин такай жазышат. Бирок ал жакка жумушка орношо алышпайт, анткени алар билим берүү критерийлерине төп келбейт, алар болгону волонтёр катары гана иштей алышат.

Адамдар өз алдынча күрөшүүгө аргасыз

Эне-бала

Бардык кемчиликтерине карабастан, психологиялык жардам көрсөтүүчү кабинеттердин системасын натыйжасыз деп айтууга болбойт. Сурамжылоого катышкан психологдор өз ишмердүүлүгүн маанилүү жана пайдалуу деп эсептешет.

Янанын айтымында, Украинадан жана Орусиянын чек ара райондорунан келген качкындар менен иштешүү натыйжасын берип келатат. Алар да посттравматикалык стресс жана катуу тынчсыздануу маселелери менен кайрылышат. 10–12 сессиянын ичинде аларга "коопсуздук сезимин" кайтарып берүү мүмкүн болууда.

Жоокерлердин үй-бүлөлөрү менен иштөө кыйынга турганын белгиледи. Аларга да ар кандай ыкмалар менен жардам берүү мүмкүн болсо да, психологдорго сейрек кайрылышат. Көпчүлүк учурда Яна күнүмдүк бейтаптарга – депрессия жана башка менталдык оорулары менен арызданып келгендерге психологиялык жардам көрсөтөт.

"Чынында мындайды көрүп ичиң жылыйт, анткени психологиялык консультация алууга көпчүлүктүн чамасы жетпейт, капчыгына туура келбейт. Мага чындап жардамга муктаж адамдар кайрылышат: депрессия менен түйшөлгөндөр, тынчсыздануусу барлар, пенсионерлер", – деди ал.

Санкт-Петербургда иштеген психолог Валерия да аскерлердин жакындары өтө сейрек кайрыларын, ал тургай алардын туугандары согушка катышып жатканын да жашырып тураарын белгиледи. Негизинен ага кайрылгандар – улгайган бейтаптар. Бул нерсе Валерияны кубандырат. Валерия дал ошол улгайган адамдар менен иштегиси келгенин айтат, анткени пенсионерлер көбүнчө жалгыздыктан жапа чегишет. Ал поликлиникага иштеп калганынын себеби карапайым адамдарга жардам берүүнү каалаганын, ошондой психологикалык жардамды ооруканаларда акысыз көрсөтүп калганы кызыктырды дейт.

Екатерина Набережные Челны шаарындагы оорукананын медициналык-психологиялык бөлүмүндө иштеп калганына ыраазы. Ага жоокерлердин жубайлары жана энелери көп кайрылышчу.

Мындан тышкары, поликлиникада жоокерлердин жакындарына лекция окуп, согуш талаасынан кайтып келгендер менен кантип баарлашуу керектиги тууралуу айтып берип турган. Анын айтымында, аялдар күйөөсүнүн көңүл коштугуна нааразы болуп, аны менен кантип байланыш түзүүнү билишпей айласы кетишкенин белгиледи.

Психолог Татьяна психологиялык жардамды үгүттөө керек деп эсептейт: "Менин оюмча, бизде бирдиктүү жардам көрсөтүү системасы өлкө боюнча түзүлгөн эмес. Адамдарда психологго муктаждык пайда болсо, ыктыярчыларды издөөгө, кандайдыр бир жол менен өз алдынча күрөшүүгө аргасыз".

"Мен дагы эле бул система кандай иштеши керектигин түшүнө элекмин. Башкалары деле түшүнө албады. Мисалы, аскерлер эмгек өргүүсүнө келгенде эмне кылам? Эки жолу жолугушуу эмнени өзгөртөт? Армиядан бошонгондор бар: эпилепсиясы барлар, оор жаракат алгандар. Андайлар менен дароо психологиялык ишти кантип жүргүзүүгө болот? Азыр ага психологиялык жардам эмес, аман калганы маанилүү. Эгер бул кабинеттер согуш толук бүткөндөн кийин кайтып келгендерге жардам көрсөтүүгө даярдык катары түзүлүп жатса – анда бул башка иш. Бирок согуш маалындачы? Эмгек өргүүсү учурунда деле бул жакка бир басып келишкен жок", — деп жыйынтыктады Яна. (КВ)

Редактор — Ольга Шамина

Иллюстрацияларды даярдаган — Магеррам Зейналов