Марат Жумашов: Биткоинди жоготпогондо азыр миллионер болмокмун

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Биткоин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жакында эле Англияда кызык бир окуя болду. Ичинде 700 миллион долларга барабар "сырдуу казына" сакталган хард дисктин ээси таштанды талаасын казам деп чуу салганын сиз да уксаңыз керек. Ньюпорт деп аталган шаарчанын тургуну Жеймс Хауэллстин сүйлөшкөн кызы 2013-жылы анын тапшырмасы боюнча таштандыны ыргытып жиберген экен. Көрсө биткоин тууралуу маалымат сакталган компьютердин клавиатурасына суюктук төгүлүп кетип, ошондон улам хард дискти чыгарып алууга туура келиптир.

Дискте 7500 биткоиндин маалыматы сакталган эле. Жаңылыштыктан улам эски хард дисктин ордуна ыргып кеткен диск таштанды жайына барып түшөт.

Биткоиндин баасы асман чапчыган учурда айласы кеткен Жеймс таштандыны казып, дискти издөөгө уруксат сурап кайрылып, бирок санитардык эрежелер бузулат деп такыр уруксат ала албай коёт. Жергиликтүү бийлик 1 млн. 400 миң тоннага жакын таштандыны чукуганга туура келет десе, Жеймс болжолдуу жерин аныктаганын, ал жерде 100 миң тоннадай гана таштанды бар экенин айтып, сотко кайрылат. Эгер казууга уруксат берилбесе, анда ошол каражатты төлөп берүүнү талап кылат. Натыйжада сот жергиликтүү бийликтин пайдасына чечим чыгарып, Жеймс жеңилди. Ошентип Жеймстин эсеби боюнча 700 миллион доллар таштандыда калды...

Жеймс Хауэллс
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жеймс Хауэллс

Трамптын жеңишинен кийин баасы асман чапчыган биткоин бул сыяктуу кызык окуяларды да козгоду. Кызыгы анчалык чоң суммада болбосо дагы бери дегенде эки миллион долларга барабар биткоинден кол жууганын айткан кыргызстандык Марат Жумашов Би-Би-Сиге маек курду.

Би-Би-Си: Биткоинге байланышкан кызык окуя башыңыздан өтүптүр. Суу кечпеген калппы десек бир топ теңтушуңуз дагы мындан толук кабары бар экен. Адегенде биткоин кантип колуңузга тийгенинен баштасак.

Марат: 2012-жылы Ошто музыкалык окуу жайды аяктап, көпчүлүктүн агымы менен мен дагы Орусияга барып калдым. Ал жакта кыргызстандыктар көп болгондуктан жакшылыктары, шаан-шөкөтү да кадимкидей эле тойго айланып, кызып турган мезгил эле. Кадимкидей эле тойлорго тамада, ырчы-чоорчу жалдап, жакшылык үзүлчү эмес. Ошентип той алып барып жүргөн кезде аябай көп кишиге жолукчу элем. Жолугушуулардын биринде бир мекендеш акчасы барларга криптовалюта сунуштап жүрүптүр. Алгач биткоин тууралуу айтса, эмнени айтып жатат деп көңүл бурган жокмун. Андан кийин да бир нече жолу жолугуп калдык, ал биткоиндин келечеги укмуш, шарт болсо алып кой деди. Бир аз түшүнгөнүм менен аны чечмелеп, ийне-жибине чейин биле алган жокмун. Анткени кызыгуу жок эле.

Бир жолу ал биткоин сатып жатат деп Григорий деген аксакалга алып барды. Ал дагы келечекте кагаз акчанын эмес, электрондук акча жүгүртүүнүн заманы келе жатат деп көп нерсени айтты. Бул 2013-2014-жылдар эле. Өзү кезинде абдан арзан баада көп биткоин сатып алып койгон экен. Биз жолуккан учурда жашы сексендерге таяп калыптыр, жаңылбасам ошол кезде биткоиндин баасы 10-13 долларга чыгып калган. Жашы өтүп калгандан улам болсо керек, ошол биткоиндерин четинен сатып, күнүмдүк керек-жарагына иштетип жаткан окшойт.

Трамптын шайлоодогу жеңишинен кийин биткоиндин баасы кыйла көтөрүлдү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамптын шайлоодогу жеңишинен кийин биткоиндин баасы кыйла көтөрүлдү
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Биткоинди сатып алуу иши кандай жүрдү?

Марат: Арзандатып отуруп ал кишиден 200 долларга 21 биткоин алдым. Аксакал менен эки жолу кезиктик, дагы башкалар алам деп калса, ээрчитип келе бер, менде көп деди. Чынын айтсам, мага биткоинди сунуштап жүргөн баланын көңүлүн кыйбай эле алып койгом. Ал азыр алып кой, кийин чоң пайдасын көрөсүң, акчам болсо сенден өзүм сатып алам деп чын дилден сунуштап жатты. Мен болсо көңүл деле бурган жокмун. Баягы аксакал акчаны алып, ноутбугунан бир программаны ачып, мени кадимкидей каттап, анан жоготуп жибербе деп цифра беле же тамга беле 16 белгиден турган сыр сөздү кагазга жазып берди. Өзү да бирди жазып алып калды.

Мен ушундай бир нерсе алдым деп эжеме айтсам, ага ишене бербе, акчаңдын баарын алдатасың деп калды. Ал кагазды файлдагы документтерге тиркеп койдум дагы такыр маани бербей койдум. Убакыт өтө берди. 2018-жылы Кыргызстанга биротоло келдим. Анан эле бир күнү фейсбукка кирсем, "сатып алам, кимде биткоин бар" деп жездем издеп калыптыр. Көрсө андан тааныштары сурап, издеп жаткан экен. Ошондо баягы эсиме келип, издей баштадым. Кагазды эч жерден таба алган жокмун. Биткоин деген эмне болду экен деп үңүлүп изилдей баштадым. Көп нерсесин абдан кеч түшүндүм. Мына ошондон тарта баягы кагазды болгон жерден издеп кирдим. Кагаздагы сыр сөздү жаттап калууга аракет кылбаганыма өкүндүм. Бир иш менен Орусияга барганга туура келип калды, ошондо баягы мен жашап жүргөн батирге барып, баягы кагазды издемей болдум.

Себеби бир файлда сакталып, дагы деле чаң басып жаткандай сезиле берди. Үмүт, кыял деген укмуш да. Барсам баягы жепирейген үй түп орду менен жок. Аны сүрдүрүп салып, ордуна асман тиреген имарат куруп салышкан экен. Ошону көргөндө үмүтүм үзүлүп, биротоло түңүлдүм. Аябай көңүл кош мамиле кылган экенмин, жок дегенде ошол аксакалдын дарегин жакшылып тактап алсам, бир айласы табылып калат беле, ким билет. Сунуштаган баланы дагы, саткан кишини дагы атынан башкасын билбейт экем, экинчи жагынан ошол кезде сексенге таяп калган киши тирүүбү же көзү өтүп кеттиби деп эки анжы болдум.

Марат Жумашев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Марат Жумашев

Би-Би-Си: Бул үчүн өзүңүздү далай ирет жемелесеңиз керек?

Марат: Турмуш деген кызык. Кээде акчага зарыгып калганда, ошол биткоиндерим болсо деп калам. Туугандар да арабызда азыр миллионер отурмак, бизди кошо жыргатмак деп тамашалап калышат. Себеби абдан кымбаттаган учурда ошол 21 биткоин 2 миллион 100 000 долларга (183 миллион сомдон ашык) барабар болуп турмак экен.

Башынан эле ошол 200 долларды этибар албай, кагазга деле кош көңүл мамиле кылганымдан улам бул окуяны жеңил кабыл алдым болуш керек. Эгер ошону абдан баалуу болоорун билип, сары майдай сактап жүрүп, анан жоготсом, азыр кандай болмокмун бир кудай билет...

Би-Би-Си: Азыр криптовалютага жамынып, алдамчылык кылды деген чуу басылбай жатат. Ушул окуяларга кандай карайсыз?

Биткоин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Марат: Бул окуядан кийин ар кайсы коин деп угуп, 3-4 жолу кызыгып көрдүм. Азыр чуу түшүп жаткан коин дегенге дагы барып, бир иш-чарасына катыштым. Эки анжы ойдо турганымда криптолвалютаны жакшы түшүнгөн бирөөгө кайрылып кеңеш сурасам, өтө эле шектүү дегендей жооп алдым. Азыр маалымат абдан көп, ошондуктан криптовалюта десе эле ишенип кетпегиле деп чакырат элем. Жети өлчөп бир кесиш керек, эксперттер абдан көбөйдү, маалымат кенен, окуп, талдаш керек. Азыр дүйнөнү дүңгүрөтүп, криптовалюталардын атасындай болуп калган биткоинди деле ала салгыла деп эч кимди үгүттөбөйм.

Аябай ойлонуп, ошого ашыкча каражаты бар болсо гана алып коюп, тобокелге барса болот. Ал эми үй-жайын, мал-жанын сатып, ошонун акчасын салып жиберүү өтө эле туура эмес, тобокелдин да чеги болушу керек.

Бул маектин видеосун Instagram, Facebook баракчаларыбыздан акмалап туруңуз