ИИМ таксилерди лицензиялоо мөөнөтүн 1-июлга чейин узартты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жеңил унаалар менен жүргүнчү ташуучу айдоочулар үчүн лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылганын билдирди.
"Жарандардын кайрылууларын эске алып, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин чечими менен таксилердин ишин лицензиялоо мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна чейин узартылды" деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Бүгүнкү күнгө карата 8000дей жаран жана 300дөн ашуун юридикалык жак лицензия алганы айтылды.
Такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия алуу 2025-жылдын 12-сентябрынан тарта милдеттүү болмок. Бирок бул мөөнөт жылдырылып, Министрлер Кабинетинин токтому менен 2026-жылдын 1-февралынан тарта ишке кирет деп айтылган.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы 2-февралдан баштап лицензиясы жок айдоочуларды аныктоо боюнча рейддер башталарын эскертип келген.
Бирок лицензия алгандар аз экени, мөөнөттү дагы узартпаса, такси баасы кымбаттап, жумушсуздук көбөйөрүн айткандар болгон.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов, айдоочулар да, жүрүнчүлөр да буга даяр эместигин айтып, мөөнөттү дагы жылдыруу зарылдыгын белгилеген.
"Мына, үч күн ичинде мөөнөт бүтөт. Тилекке каршы, азырынча жети жарым миң лицензия берилди. Бизде, Бишкекте 70 миң таксист бар. Лицензия ала албай калышса, мөөнөттү жылдырбасак, такси кызматы кымбаттайт. Бир топ жумушсуздук болот".
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Лицензия алуу үчүн паспорт, салык органына катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, жүргүнчүлөр алдындагы жарандык жоопкерчилик боюнча милдеттүү камсыздандыруу келишими, автотранспорт каражатын каттоо күбөлүгү, тиешелүү категориядагы айдоочунун күбөлүгүнүн көчүрмөсү, автопарк менен түзүлгөн эмгек келишиминин көчүрмөсү, транспорт каражатын башкарууга укук берген ишеним кат же ижара келишими, техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу акт, лицензиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ талап кылынат.
Саламаттыгы жана соттулугу жөнүндө маалымкат да талап кылынат.
Лицензиянын акысы жеке жактарга 500 сом, юридикалык жактарга 1000 сом.
Лицензиясыз такси кылган айдоочуларга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул салынат.
Айдоочу Максат Ахмадов таксиге лицензия алуунун оорчулугу тууралуу буга чейин БИ-БИ-СИге айтып берген.
"Документтерди бир апта мурун топтоп баштагам. Азыркыга чейин бүтө элекмин. Өзгөчө 083-медициналык маалымкат алуу маселе жаратат экен. Ооба, көбү "Түндүк" тиркемесинен бүтөт экен. Бирок нары-бери көп чуркайт экенсиң да. Чынын айтсам, лицензия жөн гана карапайым калкты кыйноо экен". - деди Максат Ахмадов.
Бардык документ тапшыргандан кийин лицензия он төрт күн аралыгында берилет.
"Бул жакка (Транспорт ишин лицензиялоо жана техникалык көзөмөлдөө бөлүмү-ред.) документтерди тапшырып, лицензия алуу үчүн киргени жатабыз. Он-он беш күндө бүтөт деп жатышат. Он беш күн биз жумушсуз калабызбы, кандай болот? Жатабызбы үйдө, кандай тиричилик болот? Такси менен күн көрүп жатабыз да. Үйдө мен жалгыз иштейм", - деген дагы бир таксист Бөлөкчал Шерматов.
Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Нурсултан Муратбеков жеңил кылмыш үчүн соттолгондорго лицензия бериле турганын, кеп оор кылмыштар жөнүндө болуп жатканын айтты:
"Өтө оор кылмыштарды кылган жарандарга гана лицензия берилбейт. Маалымат иретинде айтсам, адам өлтүрүү, зордуктоо үчүн соттолгондорго, тилекке каршы, лицензия бере албайбыз. Мындан тышкары стаж үч жылдан кем болбошу керек. Себеби азыр жаңы эле айдоочулук күбөлүк алып, бир жыл аралыгында такси кызматын көрсөтүүгө чыккандар көп. Алардын тажырыйбасы жок, жол эрежесин билбейт, анан жол кырсыкка кабылып калып жатышат".
Өлкөдө оң рулдуу машине менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салган, башкача айтканда оң рулдуу автоунааларды такси катары колдонууну каалагандарга лицензия берилбейт.
































