Акылы тунук, оору-сыркоону билбеген уруунун сыры эмнеде?

Алехандро Миллан Валенсия, BBC News Mundo, Боливия

Мартина Амазон токойлорунда жашаган 16000 цимане уруусунун бири
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мартина Амазон токойлорунда жашаган 16000 цимане уруусунун бири

Сексен төрт жаштагы Мартина Канчи Нейт Боливиядагы жунгли токойлорунда калың бадал арасында тездик менен басып бара жатат. Биздин команда ага жете албай, токтоп турууну суранды.

Он мүнөттүн ичинде ал үч маниок бадалын казып, бананды бычак менен бат эле кесип алды. Анан ал оор түшүмдү жонуна көтөрүп, үйдү көздөй жөнөдү.

Мартина Боливиянын борбору Ла-Пастан 600 чакырым алыстыкта жайгашкан Амазон жээгинде обочолонуп жашаган цимане уруусунун мүчөсү.

Аталган уруунун ичинде улгайып калса да Мартина сыяктуу турмуш-тиричиликке тың адамдар абдан көп. Окумуштуулардын айтымында, цимане уруусундагы кишилердин жүрөк-кан тамыр системасы дүйнөдөгү эң дени сак деп эсептелет. Алардын мээси Түндүк Америка же европалыктарга караганда кечирээк карыйт.

Аталган урууну он алты миңге жакын киши түзөт. Алар ата-бабаларындай эле аң уулоо, жыйноо, балык уулоо жана өсүмдүк өстүрүү менен алектенет.

Окумуштуулар көптөн бери бул уруунун ден-соолугун изилдеп, күтүлбөгөн ачылыштарды жасаганын айтат.

Хуан жунгли токоюна аңчылыкка чыгууга даярданууда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хуан жунгли токоюна аңчылыкка чыгууга даярданууда

Цимане уруусу активдүү жашоо образын карманышат, аңчылык, дыйканчылык менен шугулданып, үйлөрдүн чатырларын колго токуп жабышат.

Бул уруудагы кишилер таңдан кечке иштеп, күндүн он пайызын отурган абалда өткөрөт, ал эми өнүккөн шаарларда кишилер бир сутканын 54% пайызга жакынын отурган абалда өткөрүшөт.

Цимане уруусу аңчылыкка сегиз сааттан ашык убакыт коротот, анын ичинде орто эсеп менен он сегиз чакырым жол жүрүшөт.

Бул уруу Маники дарыясынын жээгинде жашайт. Ал жерден жакынкы шаарга чейин кайык менен 100 чакырым аралыкты басып өтүү керек болот. Ошондон улам тамак-аш, алкоголдук ичимдик жана тамеки сатып алуу кыйынга турат.

Окумуштуулардын айтымында, бул кишилер жеген тамак-аштын күнүмдүк орточо рационунда майдын көлөмү он төрт пайыздан ашпайт. Мисалы АКШда бул цифра 34% жетет. Аталган уруу клетчатка (дан эгиндери, мөмө-жемиш жана башка уголеводдор) көп жешет жана калориянын 72% углеводдон келет.

Ал эми белок алар мергенчилик кылган жаныбарлардан (негизинен канаттуулар жана маймылдар) жана балыктан келет. Алар адатта тамак-ашты куурубай жешет.

Цимане уруусу кургатылган же ышталган этти жешет

Сүрөттүн булагы, Michael Gurven

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Цимане уруусу кургатылган же ышталган этти жешет

Калифорния университетинин илимпоздорунун айтымында, бул түпкүлүктүү эл гипертония, кант диабети же жүрөк оорулары сыяктуу жаш куракка байланыштуу оорулардан жапа чекпейт.

Окумуштуулар кырк жаштан ашкан 705 кишини компьютердик томографиядан өткөрүп, аларда коронардык атеросклероздун эң төмөнкү көрсөткүчү бар экенин аныкташты. Ошондой эле жүрөк оорулары өтө төмөн.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, цимане уруусу орточо эсеп менен күнүнө 17 миң кадам басат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Изилдөөчүлөрдүн айтымында, цимане уруусу орточо эсеп менен күнүнө 17 миң кадам басат

“Жетимиш беш жаштагы циманенин артериялары элүү жаштагы америкалыктын артериялары менен бирдей экен”, - деди Калифорния университетинин профессору Каплан.

2023-жылы Proceedings of the National Academy of Science журналына жарыяланган изилдөөдө айтылгандай, Улуу Британия, Жапония жана АКШ сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдөгү кишилерге караганда цимане улгайган адамдарында мээ атрофиясы 70% азыраак.

“Биз бул уруунун арасында альцгеймер оорусунун бир да учурун каттаган жокпуз”, - дейт боливиялык дарыгер Даниэль Эйд Родригес.

Анткен менен бул кишилердин жаш-курагын так аныктоо мүмкүн эмес, себеби алар санаганды жакшы билишпейт.

Цимане элинин туулган датасы алардын аймагына келген христиан миссияларынын жазган жазууларына же бири-бирин канча убакыттан бери тааныганына негизделген. Илимпоздор болсо улгайган кишилерди балдарынын жашына карап санашат.

Хилда экинчи күйөөсү Пабло менен жашайт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хилда экинчи күйөөсү Пабло менен жашайт

Хилданын жаш-курагы документте сексен бир деп көрсөтүлгөн, бирок ал бизге жакында эле жүз жылдыгын белгилеп, чочко союп майрамдаганын айтып берди.

Өзүн 78 жашта деген Хуан бизди аңчылыкка ээрчитип барды. Көздөрү жанып турат, колдору карылуу, чачын ак баспаптыр. Биз анын кичинекей чочкого аңчылык кылып жатканын байкап турдук.

“Киши өзүнүн жашы өтүп баратканын моюнга алат экен. Денең сага баш ийбей калат. Мен көпкө аңчылык кыла албай калдым, эң көп дегенде эки күн жүрөм”,- дейт Хуан.

Мартина дагы Хуандын айткандарын кайталады. Цимане аялдары көбүнчө жунглиде өскөн өсүмдүктөн үйдүн чатырын токушат. Мартина аны издеп үч саат жөө басат, өсүмдүктү жонуна көтөрүп алып кайра үйүнө келет.

“Мен бул ишти бир айда бир-эки жолу жасайм жана бул мен үчүн барган сайын кыйынга турууда”, - дейт Мартина.

Хуан аңчылыкка мылтык жана жаа менен чыкты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хуан аңчылыкка мылтык жана жаа менен чыкты

Амазон токойлорундагы бул жергиликтүү калктын көбү карыганга чейин жашашпайт. Урууну изилдөө иштеринин башында циманелердин орточо жашоо узактыгы 45 жаш болсо, азыр элүүгө чейин өстү. Окумуштуулар уруудагы аялдардан өз үй-бүлөлөрү тууралуу сурашты.

Бир аял бизге алты бала төрөп, анын бешөө чарчап калганын айтты. Дагы бирөө он эки бала төрөп, төртөө каза болгонун айтат. Дагы бирөө үч баласын жерге бергенин, бирок тогузу тирүү экенин билдирди.

“Сексен жашка чейин жашагандар бала кезинде көптөгөн ооруга жана инфекцияларга дуушар болушкан”, - дейт доктор Эйд.

Окумуштуулардын айтымында, цимане эли өмүр бою денесинде мите курттар менен жашап келүүдө. Ошондой эле урууда сезгенүүнүн жогорку деңгээли аныкталган, бул инфекция менен тынымсыз күрөш жүрүп жатканын көрсөтүп турат.

Буга байланыштуу инфекциялар уруунун ден соолугуна оң таасирин тийгизген дагы бир фактор болушу мүмкүнбү деген суроону окумуштуулар беришти.

Окумуштуулар кырк жаштан ашкан 705 кишини компьютердик томографиядан өткөрдү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Окумуштуулар кырк жаштан ашкан 705 кишини компьютердик томографиядан өткөрдү

Бирок жунглиде жашоо образы акырындык менен өзгөрүп жатат.

Хуан бир нече айдан бери чоң жаныбарларга аңчылык кыла албай жүргөнүн айтат. 2023-жылдын аягында болгон токой өрттөрү дээрлик эки миллион гектар жунгли токоюн жок кылды.

"Бул өрт жаныбарларды качып кетүүгө аргасыз кылды", - дейт Хуан.

Ал үй-бүлөсүн эт менен камсыз кылуу үчүн төрт буканы багып жатканын бизге көрсөтүп берди.

Циманенин жашоосу улам өзгөрүп, моторлуу кайыктар менен базарга жетүү жеңилдеп жатат. Бул өз кезегинде кайыкта сүзүү сыяктуу эң татаал физикалык машыгууларды азайтты.

Моторлуу кайыктардын пайда болушу уруунун жашоосун бир топ жеңилдетти, бирок физикалык активдүүлүктү азайтты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Моторлуу кайыктардын пайда болушу уруунун жашоосун бир топ жеңилдетти, бирок физикалык активдүүлүктү азайтты

Жыйырма жыл мурун цимане арасында кант диабети менен ооругандар болгон эмес, бирок азыр ал пайда боло баштады дейт изилдөөчүлөр.

“Алардын үрп-адатындагы кичинекей өзгөрүү ден-соолукка сөзсүз таасир этет”,- дейт доктор Эйд.

Соңку жыйырма жылда окумуштуулардын бул аймакка улам каттап турушу дагы уруунун жашоосуна таасирин тийгизди. Алар катаракта хирургиясынан баштап сынган сөөктөрдү жана жылан чаккан учурларды дарылоого чейин медициналык жардамга жетүүнү камсыз кылышты.

Цимане карылыкка тамаша менен мамиле кылат.

“Мен өлүмдөн коркпойм. Алар мени көмүшөт, мен ал жерде тынч жата берем”,- деп жылмайды Хилда. (ErA)