Адам укугу газга алмаштыбы? Евробиримдик Азербайжанга карата мамилеси үчүн сынга кабылды

- Author, Магеррам Зейналов, Григор Атанесян
- Role, Би-Би-Си
2022-жылы Орусия Украинага басып киргенден кийин Европа Биримдигинин лидерлери Азербайжанды энергия тармагындагы өнөктөш катары карап, орус газына болгон көз карандылыктан арылууну максат кылышкан. Бирок сынчылар бул кадамдын жыйынтыгында Азербайжанда репрессия күчөп, ал эми Европа өз принциптерине каршы чыкканын айтууда. Би-Би-Си бул маселени дипломаттар жана талдоочулар менен талкуулап, авторитардык режим менен демократиялык өлкөлөрдүн кызматташуусунун жыйынтыгын баалоого аракет кылды.
Кая Каллас менен Илхам Алиев жамгыр астында чогуу баратат. Алиев кол чатыр кармап турат. Алиев — акыркы эки жылда мурда болуп көрбөгөндөй саясий куугунтуктар орун алган өлкөнүн башчысы. Каллас — Европа Биримдигинин башкы дипломаты.
Быйыл май айында Тиранада Алиевдин Европа Биримдигинин жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жылуу учурашкан учуру тартылган видео Азербайжан президентин сындап келген кишилердин кыжырын келтирди.
Бул жолугушуудан бир ай мурун Кая Каллас Бакуга барган. Бул сапар Азербайжанда журналисттер куугунтукка алынган маалга жана өлкөдө БУУ менен Кызыл Чырым уюмунун кеңселери жабылган учурга туш келген.
ЕБ менен Азербайжандын кызматташтыгынын жаңы этабы 2022-жылдын июль айында башталган. Ошондо Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен Азербайжанды "орус мунайы менен газынын ордун баса турган негизги өнөктөш" деп атаган.
Кийинки үч жыл ичинде Илхам Алиев бешинчи жолу президент болуп шайланды. Ал Азербайжанды башкарып жатканына 21 жылдан ашты.
Анын бийлигин Тоолуу Карабактагы соңку жеңиш дагы бекемдеди. Бул жеңиш аймактагы армян калкынын жапырт көчүп кетишине алып келди.
Адам укугун коргоочулардын баамында, Азербайжандагы саясий туткундардын саны 100дөн 350гө чейин көбөйгөн, ал эми көз карандысыз журналисттер түрмөгө түшүп жатышат.

Сүрөттүн булагы, Azertag
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Өткөн жылдын декабрында Европарламент Азербайжандагы абалды сындап, Еврокомиссия өлкөнүн айрым аткаминерлерине жеке санкциялар киргизүүгө жана Азербайжан газына болгон көз карандылыкты токтотууга чакырган. Бирок Европарламенттин мындай резолюциялары сунуш мүнөзүндө жана Евробиримдиктин тышкы саясатына жооп берген жетекчилерге эч кандай милдет жүктөбөйт.
Оппозицияны "бешинчи колонна" деп атаган Илхам Алиев журналисттерди камоону "медиа мейкиндигин сырткы терс таасирден коргоо" катары түшүндүрүп келет. Ал эми эл аралык уюмдарды Азербайжандын ички ишине кийлигишип жатат деп айыптайт.
Азербайжандык оппозиционерлер Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү адам укуктарын жана демократияны негизги баалуулук деп жарыялаганы менен, алардын өлкөсүнө келгенде бул маселелелерге көз жуумп жатканын абдан өкүнүчтүү деп эсептешет.
Айрым европалык байкоочулар болсо мындан да катуу сын-пикирлерин айтып келишет. Алардын пикиринде, Евробиримдик репрессияларга көз жуумп гана койгон жок, шаркеттин саясаты дал ушул кысымдарга алып келди.
"Куугунтук, диссиденттерди, блогерлерди жана башкача ойлонгондорду камоо — Баку менен Брюсселдин мамилесинде чыңалууну жараткан маселе болуп келген. Бирок Орусия Украинага кол салгандан кийин бул маселе расмий деңгээлде дээрлик күн тартибинен алынып салынды", —дейт мурдагы латвиялык дипломат, кийин Европарламенттеги социал-демократтар фракциясында тышкы саясат боюнча кеңешчи болуп иштеген Элдар Мамедов.
Брюссель мындай сын-пикирлерди четке кагууда. Бирок Азербайжан Евробиримдик менен болгон мамиледе кандай "көзүр карталарды" колдонууда деген суроо туулат?
Биринчи көзүр: газ
"Айрымдар орус мунайы менен газынын кранын кайра ачууну дале сунуштап жатышат. Бул тарыхый жаңылыштык болмок. Биз буга эч качан жол бербейбиз".
Урсула фон дер Ляйен, Еврокомиссиянын төрайымы, 2025-жыл, 7-май.
2022-жылга чейин Орусия Европадагы газ импортунун болжол менен 45% камсыздап турган.
Бирок Украинадагы толук масштабдуу согуштан кийин Европа көз карандылык кандай коркунучка кептей турганын түшүндү. Натыйжада эки жыл ичинде Евробиримдик Орусиядан импорттолгон газдын үлүшүн эки эседен көп кыскартып, 19% төмөн түшүрө алды.
Бул процессте суюлтулган газды куур аркылуу эмес, деңиз аркылуу ташууга өтүү негизги ролду ойноду. Бул АКШ, Катар жана Египет сыяктуу өлкөлөрдөн көбүрөөк мунай-газ сатып алууга мүмкүндүк берди.
Ошентсе да бул процессте Азербайжандын да орду чоң. 2021-жылы ал 8,2 миллиард кубометр газ экспорттосо, 2024-жылы бул көлөм 13 миллиард кубометрге жакындаган.
Евробиримдиктин жалпы масштабынан алып караганда, Азербайжандан келген газдын үлүшү анча чоң эмес — болгону 4,3%.
Бирок Азербайжан менен Түштүк газ коридору аркылуу түз байланышта болгон өлкөлөрдө абал башкача.
Болгария ошол газ кууру аркылуу керектөөсүнүн 40%, ал эми Греция менен Италия 15% ашыгын камсыздайт.
Евробиримдик Бакудан толук көз каранды деп айтуу чекилик. Тескерисинче, Брюсселдин стратегиясы — кайсы бир өлкөгө көз каранды болбостон, газды түрдүү булактардан ташууну камсыздоо.
"Азербайжандын газы болбой калса деле, Европада жарык өчүп калбайт", — дейт Түштүк Кавказ менен да иштешкен PRISM консалтинг компаниясынын экономикалык аналитиги Бен Годвин.

Бул тема тууралуу ачык айтып чыга албаган Европа дипломаттарынын бири Би-Би-Сиге билдиргендей, Евробиримдиктин Бакуга таасир эте турган олуттуу рычагдары жок:
"Азербайжан азыр тышкы кысым жагынан абдан ыңгайлуу абалда турат. Мен Европа бир муштумга биригип, Азербайжанга "биз сенин газыңды албайбыз" деп айта алат дегенге ишенбейм. Анткени Италия, Греция жана Балкан өлкөлөрү дароо эле: "Жок, бизге азербайжан газы керек" дешет. Мындай шартта Европа Азербайжанга басым көрсөтө ала турган олуттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес". Энергетикалык кызматташтык "Азербайжандагы адам укуктары боюнча биздин позицияны өзгөртпөйт", — дейт Евробиримдиктин өкүлү.
Экинчи көзүр: Орусия
"Орусия менен Азербайжан эң жакын өнөктөштөр, союздаштар болуп саналат жана ошондой бойдон калышы керек. Алардын жалпы тарыхы жана жалпы келечеги бар".
Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, 2025-жыл, 7-июль.
Июнда Орусияда кармалган эки азербайжандыктын өлүмүнөн кийинки Бакунун реакциясы эки өлкө үчүн адаттан тыш, күтүүсүз болду.
Азербайжан бийлиги Орусиянын маданий иш-чараларын токтотту. "Спутник" агенттигинин кызматкерлерин жана катардагы релоканттарды кармап, мамлекеттик маалымат каражаттарында Орусияны нацисттик Германияга салыштырышты.
Бул окуя эки өлкөнүн мамилесин төмөнкү чекке түшүрдү. 2024-жылдын декабрь айында Грозныйга учкан "Азербайжан аба жолдорунун" жүргүнчү учагы Актау аймагына кулаганда эки тараптын мамилеси ансыз да начарлап кеткен эле.
Азыркы чыңалуунун бир нече себептери бар. Саясат таануучулардын пикиринде, негизгиси — Баку Москва менен тең укуктуу өнөктөш катары өз ордун камсыз кылууга умтулууда. Бирок ушундай эле ишаратты Батышка да жасап жатат.
"Азербайжан Путинге каршы тарап катары өзүнүн имиджин көтөрүүгө аракет кылууда", — деп белгилейт Кавказды изилдеген Кирилл Кривошеев.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Алиев КМШнын лидерлеринин ичинен 9-майда Москвада өткөн парадга барбаган жалгыз лидер болду. (Молдова КМШдан чыгуу процессинде турат).
Алиев Орусия басып алган Украинанын жерлерин оккупацияланган аймактар деп атап, Украинага гуманитардык жардам жөнөтүп келет.
Кирилл Кривошеев Алиевди Румыниянын катаал диктатору Николае Чаушеску менен салыштырат. Чаушеску формалдуу түрдө Москва менен союздаш болсо да, 1968-жылы Советтер Союзунун Прагага басып киришин сындаган.
"Ушундай жөнөкөй эле ишарат үчүн Батыштан жакшы колдоо алып турган. Анткени мындай адам менен кызматташуу "уят" болгон эмес. Азыр ошол эле нерсе Алиевге да тиешелүү: Украинаны колдогон сөздөрү үчүн аны кечирип жатышат", — дейт Кривошеев.
Москва да өз кезегинде Бакунун көп нерсесин кечирүүгө аргасыз. Анын ичинде Азербайжан аркылуу өткөн Түндүк-Түштүк транспорт коридорунун батыш тармагы Орусия менен Индияны жана Перс булуңунун өлкөлөрүн байланыштырат. Европа менен соода төмөндөгөн шартта бул өзгөчө маанилүү. Өткөн жылы коридор боюнча транзит 28% өскөн.

"Алиев — бул тажрыйбалуу оюнчу, Батыш менен Орусиянын ортосундагы геосаясий жаракалардан абдан чебер пайдалана билет", — дейт Эльдар Мамедов.
Анын айтымында, Евробиримдик менен болгон мамиледе азербайжан лидери өзүн Орусиядан көз карандылыкты азайтууга жардам берген өнөктөш катары көрсөтсө, Кремль менен болгон алакада — санкциялар шартында обочолонууга каршы бирге күрөшкөн өнөктөш катары чыга калат.
Быйыл Москва менен Баку "Түндүк—Түштүк" коридорун кеңейтүү боюнча макулдашышты.
Үчүнчү көзүр: тогуз жолдун тоому
"Транспорттук инфратүзүм түзүү менен биз континенттерди бириктирип жатабыз. Ачык деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок Азербайжан бүгүн дүйнөнүн транспорттук борборлорунун бири болуп калды".
Ильхам Алиев, Азербайжан президенти, 2018-жыль 28-май.
Азербайжан аркылуу Кытайдан Европага Иран менен Орусияны айланып өтүүчү, "Ортоңку коридор" деп аталган (расмий аталышы — Транскаспий транспорттук маршруту) жол өтөт.
Украинада согуш башталгандан кийин бул жол аркылуу жүк ташуулар беш эседен ашык өстү.
"Евробиримдиктин стратегиялык максаты — Ортоңку коридорду өнүктүрүү. Азербайжан катышпаса, бул мүмкүн эмес", — дейт Кирилл Кривошеев.

Баку транзиттик долбоорлорго байланыштуу инфраструктураны өнүктүрүү жана колдоо үчүн миллиарддаган доллар жумшап жатат.
"Азербайжан стратегиялык жактан абдан маанилүү абалда турат. Бул Каспий деңизи аркылуу транзит үчүн жападан жалгыз жол", — дейт PRISM консалтинг компаниясынын өкүлү Бен Годвин.
Көп нерсеге көз жумган саясат
"Азербайжан алдын ала пландалган, негизсиз аскердик чабуул жасады […], мунун айынан 100 миңден ашуун этникалык армян Арменияга качууга мажбур болду. Бул этникалык тазалоо актысы болуп саналат".
Европа Парламентинин резолюциясы, 2024-жыл, 24-декабрь.
2022-жылы Урсула фон дер Ляйендин Бакуга болгон сапары "Алиевдин колун толук бошотту", — дейт Элдар Мамедов. Анын айтымында, Брюссель өзүнүн баалуулуктарын дээрлик текейге сатып жибергендей болду.
Европалык жогорку даражалуу дипломат (ал аты-жөнүн ачык айтпоону өтүнгөн, анткени бул темага ачык комментарий бере албайт) Азербайжан чынында эле бул кырдаалды өз пайдасына ийгиликтүү колдонуп кеткенин ырастайт:
"Алар баары менен дос болууну каалагандар көп экенин көрүп, бул мүмкүнчүлүктү колдон келишинче пайдаланып жатышат".
Анын айтымында, бурулуш учур — бул Орусиянын Украинага толук масштабдуу басып кириши болду. Бул окуя дүйнөлүк тартипти олку-солку кылып, Бакуга Тоолуу Карабахты күч менен кайра кайтарууга түрткү берди.
Тоолуу Карабах — негизинен армяндар жашаган аймак, ал Азербайжан ССРинин курамында болгон, бирок СССР кыйрагандан кийин Армениянын көзөмөлүнө өткөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дипломаттын айтымында, Азербайжан бийлиги "Батышты сатып алсак болот, ал эми Батыш Тоолуу Карабахка киргенибизде көз жуумп коёт" деп ойлогон болушу мүмкүн.
Баку 2023-жылдын сентябрында чөлкөмдөгү талаштуу аймактардын бардыгын толугу менен кайтарып алды. Азербайжан бийлиги этникалык тазалоо боюнча айыптоолорду кескин түрдө четке кагып келет.
Кээ бир европалык дипломаттар Бакунун саясатын сындап, саясий туткундарга жолугууга уруксат сурап келе жатышат, бирок бул аракеттер "анча жемиш берген жок", — дейт Брюсселдин саясаты менен жакындан тааныш болгон дагы бир европалык дипломат.
"Болуп жаткан нерселер бизге такыр жакпай жатат, бирок колубуздан көп нерсе келбей турат", — деп кошумчалайт ал.
2025-жылдын май айында Азербайжан Баку метросундагы граффити үчүн соттолгон француз сүрөтчүсүн, Тео Клеркты бошотту. Азербайжан ЖМКларынын маалыматы боюнча, аны бошотуу Эстониянын премьер-министри Кая Калластын жеке өтүнүчүнөн кийин ишке ашкан.

Сүрөттүн булагы, President.az
Каллас бул окуяны "тынч дипломатиянын" жыйынтыгы деп атап: "Мен чет өлкөдө жүргөн жарандарыбызды колдоого өз салымымды кошо бермекчимин", — деди.
Бирок Азербайжан бийлигинин өз жарандарына жасаган куугунтуктоолору тууралуу Каллас ачык түрдө эч нерсе айткан жок.
Июнь айында жети журналист жети жарым жылдан тогуз жылга чейин эркинен ажыратылды. Алардын алтоо Илхам Алиевдин бизнес-империясы тууралуу иликтөөлөрдү жүргүзгөн басылмада иштеген.
Ал эми Бахруз Самедов — армяндар менен жазышкандыгы үчүн мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган жаш окумуштуу. Ал июнь айынын аягында 15 жылга кесилди. Досторунун айтымында, Самедов абакта өзүнө кол салууга аракет кылган.

Сүрөттүн булагы, facebook.com/bahruz.samad
Еврокомиссия Би-Би-Синин суроосуна жооп берип жатып: "Евробиримдик Азербайжанда "жарандык мейкиндиктин кыскарганына" тынчсызданууда жана Бакуну "өзүнүн негизги укуктарын жүзөгө ашырганы үчүн камалгандардын баарын бошотууга" чакырат", — деп билдирди.
"ЕБ өзүнүн тынчсыздануусун бардык деңгээлдерде, ачык жана жеке форматта ар дайым билдирип келген", — деп кошумчалады комиссиянын өкүлү. Анын айтымында, бул маселе Калластын Бакудагы сапары учурунда да көтөрүлгөн.
Кылымдын келишими
"Теңирим, сен бул жерди жараттың, бирок бир кемчиликти кетирип, жердин түбүнө көп мунай катып койдуң. Бирок бизге аны оңдоого мүмкүнчүлүк берип, "мунай келишимин" ойлоп таптың".
"Бакулук балдар" КВН командасынын сөзү, 1995-жыл.
1990-жылдардын башында СССРдин кыйрашынан жана Карабахтагы согуштан талкаланып калган Азербайжан Европага мунай жеткирүүчү куур куруу боюнча келишимге кол койгон.
Бул келишимди алар "Кылымдын келишими" деп аташкан. Президент Гейдар Алиев бул келишимдин арты менен өлкөгө миллиардаган мунай долларлары агылып кирип, жаркын келечек келет деп убада берген.
Жыйырма жылдан кийин, атасынын ысымы берилген борбордун сахнасында сөз сүйлөгөн уулу жана мураскери Илхам Алиев: "Кылымдын келишими" жакырчылык менен жумушсуздукту жеңүүгө, жана Азербайжандын улуулугун бекемдеген кийинки ири долбоорлорго миллиардарды салууга шарт түздү", — деп айтты.
Бирок бүгүнкү күндө Түштүк Кавказ боюнча эң төмөнкү айлык маяна Азербайжанга таандык. Ал эми өлкөнүн кургактагы чек аралары жөнөкөй жарандар үчүн жабык. Алар аркылуу товарлар гана өтө алат. Чек аралар 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам жабылып, ошондон бери ачыла элек.
Грузия жана Армения менен салыштырганда, Азербайжанда негизги азык-түлүккө болгон инфляция эң жогору. Ал эми адамдын өнүгүү индексин — жашоо деңгээлин, сабаттуулукту, билим деңгээлин жана өмүр узактыгын камтыган көрсөткүч эң төмөнкү деңгээлде турат.
Би-Би-Сиге маек берген европалык жогорку даражалуу дипломат Азербайжан өзүнүн геосаясий абалын алысты ойлобой пайдаланып жатат деп эсептейт:
"Орусия үчүн Азербайжан менен Каспий деңизи "Түндүк–Түштүк" транзити жана Түштүк Кавказдагы таасири үчүн керек. Европа үчүн болсо Азербайжан энергетикалык жеткирүүлөр жана "Чыгыш–Батыш" багытындагы транзит үчүн маанилүү. Азербайжан жетекчилиги баарына агрессия менен мамиле кылсак да, эч нерсе болбойт деп эсептейт", — дейт дипломат.
16-майда Азербайжандын президенти Албания борборунда Европа Биримдигинин жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү менен жолугуп жаткан учурда, Бакуда сот журналист Улвия Али кызын камакта калтыруу чечимин чыгарды.
Ал АКШдагы "Америка үнү" медиасы менен кызматташып келген. Журналист полиция бөлүмүндө сабалганын жана зордукталып кала жаздаганын айтып чыккан.
Материалды даярдоого Ольга Ившина катышты.
Ольга Ившина Орусияда "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизилген. Би-Би-Си бул чечимге кескин каршы чыгып, сотко кайрылган.
"Америка үнү" да Орусияда "чет элдик агент" деп таанылган.












