Ааламда жылдыздар түгөнүп калышы мүмкүнбү? Эскилери көпкө жетет, бирок жаңылары улам сейрек жаралууда

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images
- Author, Фернандо Дуарте
- Role, Би-би-си
Түбөлүк эч нерсе жок – биздин Аалам деле ошондой. Акыркы жыйырма жыл ичинде астрономдор космос өз өнүгүшүнүн кыл чокусунан өткөнүн тастыктаган белгилерди улам көбүрөөк табышууда. Андай кооптуу белгилердин бири – жылдыздардын улам азыраак жаралышы.
Кеп Ааламда жылдыздар түгөнүп жатканында эмес. Маалымат боюнча, алардын саны бир септиллионго жетиши мүмкүн – бул бирден кийин 24 нөл коюлган сан.
Бирок астрономдор жаңы жылдыздардын жаралышы бара-бара жайбаракат тартып баратат деп эсептешет.
Жылдыз жаралат ... жана жок болот
Азыркы илимий консенсуска ылайык, Ааламдын жаш курагы 13,8 миллион жылга жакындап баратат. Алгачкы жылдыздар Чоң жарылуудан кийин калыптанган.
Былтыр "Жеймс Уэбб" космос телескобу Саманчынын Жолу аттуу биздин галактикада ал тургай жаш курагы 13 миллиард жылдан ашты деп эсептелген үч жылдызды таап чыккан.
Негизи жылдыздар – ысытылган газдын зор шарлары жана алардын баарынын жашоосу бирдей эле башталат.
Алар астрономияда тумандуулук деп аталган космос чаңы менен газдын эбегейсиз булуттарында пайда болушат. Тартылуу күчүнүн таасири менен газдын уюткулары топтолуп, акырындап ысып, жаңыдан жаралып келаткан жылдызга – протожылдызга айланат.

Сүрөттүн булагы, Nasa/Esa/CSA/STScI; Processing: J DePasquale/A Pagan/A Koekemoer (STScI)
Жылдыздын борбору миллион градуска чейин ысыганда андагы суутектин атомдору кысылып, биригип отуруп гелийге айланат. Бул жүрүм өзөктүк синтез деп аталат. Мында жарык менен жылуулук бөлүнүп чыгып, жылдыз "негизги ырааттуулук" деп аталган туруктуу фазага кирет.
Астрономдордун берген баасы боюнча туруктуу ырааттуулуктагы жылдыздар, анын ичинде биздин Күн да Ааламдагы бардык жылдыздардын 90% жакынын түзөт. Алардын массасы Күндүн массасынын ондон биринен тартып, андан 200 эсе ашкан массага чейин жетет.
Бара-бара мындай жылдыздардын отуну түгөнүп, алар ар кандай жол менен жок болушу мүмкүн.
Күн сыяктуу массасы анча чоң эмес жылдыздар миллиарддаган жылдар бою акырындап өчөт.
Ал эми массасы Күндүкүнөн жок эле дегенде сегиз эсе ашкан чоң жылдыздардын жок болушу кыйла оор жүрөт: алар өтө жаңы жылдыз деп аталган опсуз жарылууга туш болушат.
Эски жылдыздар үстөмдүк кылат
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2013-жылы жылдыздардын келип чыгыш тенденцияларын изилдеген астрономдордун эл аралык тобу качандыр бир жашай турган бардык жылдыздардын 95% буга чейин эле жаралып бүткөнүн билдирди.
"Биз эски жылдыздар үстөмдүк кылган Ааламда эле жашап жатабыз", - дейт "Subaru" телескобунун сайтындагы макалада ошол изилдөөнүн автору Дэвид Собрал.
Ааламдын убакыт шкаласына карасак, кыязы, жылдыздардын пайда болушунун туу чокусу 10 миллиард жыл мурунку мезгилге – "космикалык чак түш" (Cosmic Noon) деген аталыш менен белгилүү болгон убакка туура келген окшойт.
"Галактикалар газды жылдыздарга айландырышат, бирок анысы улам жайбаракат тартып баратат", - дейт Канададагы Британ Колумбиясынын Университетинин космос изилдөөчүсү, профессор Дуглас Скотт.
Профессор Скотт азыр илимий рецензиялоодон өтүп жаткан изилдөөнүн авторлошу болуп эсептелет, анда Европа космос агенттигинин "Euclid" жана "Herschel" телескопторунан алынган маалыматтар талданган.
Ал изилдөөчүлөрдүн эл аралык тобу менен бирге 2,6 миллион галактиканы бир учурда изилдеп чыгууга жетишти — бул Ааламдын үч өлчөмдүү зор картасын түзүү боюнча "Euclid" миссиясынын шарапаты менен болду.

Сүрөттүн булагы, Esa/Euclid/Euclid Consortium/Nasa; Processing: JC Cuillandre (CEA Paris-Saclay)/G Anselmi
Астрономдорду айрыкча жылдыздардын чаңынан чыккан жылуулук кызыктырган. Жылдыздар тезирээк жаралган галактикаларда бул чаң адатта ысыгыраак, себеби ал жакта чоңураак жана ысыгыраак жылдыздар бар.
Профессор Скоттун айтымында, команда галактикалардын температурасы миллиарддаган жылдар бою бара-бара төмөндөй берерин белгилеген.
"Биз жылдыздардын жаралышынын кыл чокусунан эчак эле өткөнбүз, эми улам жаңы муунда жылдыздар улам азыраак жаралат", — дейт ал.
Алдыда азайышпы?
Эски жылдыздардын жок болушу ошол эле заттардан жаңыларынын жаралышын шарттай турганы чын, бирок бул оңой-олтоң нерсе эмес.
Бизде азыркы үйүбүздү салууда колдонгон курулуш материалдары толтура дейли. Эгерде биз жаңы үй салгыбыз келсе, албетте, эски курулушту бузуп кайра иштетсек болот, бирок анын баары эле ишке жарай бербейт.
"Демек биз мурдагыдан кичирээк гана үй сала алабыз. Биз аны бузган сайын жарактуу материал азая берет – акыры жаңы үй салганга такыр эле жетпей калат", — деп түшүндүрдү профессор Скотт.
Жылдыздар да болжол менен ошондой жагдайга туш болушат.
"Жылдыздардын улам кийинки муунунда күйө турган отун улам азыраак болот, акыр аягында дегеле жылдыздын калыптанышы үчүн жетпей калат", — дейт космос изилдөөчү.
"Биз Ааламда массасы азыраак жылдыздар массасы чоң жылдыздардан алда канча көбүрөөк кездешерин билип калдык".

Сүрөттүн булагы, Nasa/SDO
Илимпоздор Аалам качандыр бир жок болорун божомолдоп келатышканына көп болду. Бирок ал качан жана кантип болорун алар ишенимдүү айта алышпайт.
Ушу тапта эң кеңири тараган теориялардын бири – жылуулуктун аздыгынан улам Ааламдын жок болушу.
Аны "Улуу тоң" деп да атап жүрүшөт. Бул гипотезага ылайык, Аалам кеңейген сайын кубаты кошо чачырап жүрүп отуруп, акыр аягында сууктун айынан дегеле эч нерсе жылбай калат. Жылдыздар бири-биринен алыстап, отуну түгөнүп, жаңы жылдыздар жаралбай калат.
"Ааламдагы жеткиликтүү кубаттын өлчөмү чектелүү", - деп түшүндүрдү профессор Скотт.
Тизилген нөлдөр
Бирок асманды карап алып арманга батуудан мурда жылдыздардын өчүшү астрономиялык өлчөмдөгү убакытты талап кыларын эске алыш керек.

Сүрөттүн булагы, Esa/Webb/Nasa/CSA/J Lee/PHANGS-JWST Team
Профессор Скотт биз көрүп турган Күн жок болгондон кийин да узак убакытка чейин – 10-100 триллион жылдар бою жаңы жылдыздар жарала берет деп эсептейт.
"Улуу тоң" жөнүндө айта турган болсок, ал андан да көп убакытты талап кылышы мүмкүн: буга чейин быйыл Нидерланддагы Радбуда Университетиндеги астрономдор бир квинвигинтиллион жылдан кийин баары бүтөрүн эсептеп чыгышкан – бул бирдин артына тизилген 78 нөл.
Андыктан кийинки түнү жылдыздардын көз жоосун алган көркүнө суктанып, көктү карап көпкө турганга убакыт толтура. (ZMa)















