2025-жылы көрүүгө арзый турган асмандагы жети кубулуш

Асман

Сүрөттүн булагы, PA Media

Ширин Жордан, Би-Би-Си кабарчысы

Кесипкөй астрономдор ышкыбоздорго кайрылып, жылдыздуу асманда 2025-жылы боло турган бир катар кызыктуу кубулуштарга байкоо салууга чакырууда.

Астрономиялык календарь боюнча, быйыл Айдын жана Күндүн тутулушу менен катар эле дароо үч жолу "Супер Айдын" кубулушу күтүлөт.

Мындан сырткары жаңы жылда метеор агымы жана түндүк жарыктары да көрүнөт. Алардын жыштыгы жана интенсивдүүлүгү күндүн активдүүлүгүнүн жогорулашы менен көбөйөт.

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

2025-жылдын биринчи чоң метеорит агымы

Январь айы адаттагыдай эле метеориттердин жарк эткен Квадрантиддер агымы менен башталды. Бул планетабызды жыл сайын сугарган эң кубаттуу кубулуштардын бири. Ал 3-4-январь күндөрү эң жогорку чегине жетип, андан кийин төмөндөй баштады.

Метеорлор ("аккан жылдыздар") асман телолорунун фрагменттери, алар Жердин атмосферасына эбегейсиз ылдамдыкта (70 км/с) учуп, түнкү асманда жаркыраган издерди пайда кылып, ушунчалык катуу сүрүлүүдөн улам ошол замат эле бууланып, көздөн кайым болот.

Квадрантид метеориттик агымы ылдамдыгы боюнча чегине жеткенде, асман бетинде саатына 120га чейин жаркырак из калтырып, төгүлгөн жылдыздардын чыныгы кереметин пайда кылат.

Квадрантиддер деген аталыш байыркы Quadrantus Muralis топ жылдызынан улам келип чыккан. Дал ошол жерде метеорлордун агымы көгүш же ачык сары сызыктарды калтырып, таасын көрүнүп турган.

Аны өз көзү менен көргүсү келгендер айланада жарык бөлүп чыгарган ар кандай нерселерден алыстап (адегенде жылуу кийинүүнү унутпаңыз), түнкү асмандын караңгылыгына көнүү үчүн көздөрүн жок дегенде 15-20 мүнөт машыктырышы керек.

Байкоо үчүн телескоптун кереги жок, бирок булутсуз аба ырайы керек. Түнкү асман чайыттай ачык болуп турса деле сабырдуу болуу абдан маанилүү.

Британияда Күндүн жарым-жартылай тутулуусу ачык көрүнүп турган учур. Сүрөт Лондондо 2021-жылдын 10-июнунда тартылган

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Британияда Күндүн жарым-жартылай тутулуусу ачык көрүнүп турган учур. Сүрөт Лондондо 2021-жылдын 10-июнунда тартылган

Атлантикада Күндүн тутулуусу

29-мартта Күн, Ай жана Жер катарлаш тизилип, Күн тутулат. Күн менен биздин планетанын ортосунан өтүп бара жаткан Ай аны убактылуу жаап, жер бетинин бир бөлүгүн караңгылатат.

Күндүн толук кандуу тутулганын Канаданын түштүк-чыгышында жашагандар даана байкай алат. Башка аймактарда болсо ал ашып кетсе жарым-жартылай көрүнүп, керек болсо байкалбай да калат.

Британдар Күн тутулууну жарым-жартылай көрө алат. Кимдир бирөө анын бир бөлүгүн тиштеп салган сыяктуу элес калтырат.

Мурмансктан бул учурда Күндүн чейрек бөлүгүн гана көрүүгө болот. Санкт-Петербург жана Великий Новгороддо болжол менен Күндүн он пайызын гана байкай алышат.

Адистер сунуштагандай, көзгө зыян келбеши үчүн максималдуу караңгылыкта да Күн тутулганын байкоо үчүн караңгылатылган линзаларды пайдалануу керек.

Москвада быйыл Күн тутулууну байкай алышпайт. Бул жактагылар күндүн толук тутулуусун 100 жылдан кийин гана күтсө болот.

2019-жылдын 21-январында Ливерпулда сейрек кездешкен "Супер Ай" тутулуусу байкалган

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2019-жылдын 21-январында Ливерпулда сейрек кездешкен "Супер Ай" тутулуусу байкалган

Айдын толук тутулуусу

Деген менен 7-сентябрда Айдын тутулуусу орусиялыктарга даана байкалат. Бул жолку кубулуш мурдагыга караганда бир топ узагыраак убакытка созулат.

Мисалы, Айды Москвадан туруп карасаңыз, ал биздин планетанын көлөкөсүндө дээрлик беш саат турат. Дээрлик бир жарым саат бою Жердин жалгыз табигый жандоочусу такыр эле көрүнбөйт, толук тутулуу болот.

Айдын тутулуусун көрүү үчүн асман булутсуз болушу керек. Аны байкоо үчүн бак-дарактар же имараттар жок бийик турган жерге баруу зарыл. Айланаңызда жарыктар да аз болсун.

Бул "Супер Ай" Англиянын Гластонбери шаарында 2024-жылдын 16-декабрында сүрөткө тартылды

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул "Супер Ай" Англиянын Гластонбери шаарында 2024-жылдын 16-декабрында сүрөткө тартылды

Үч "Супер Ай"

Планета өткөн жылы төрт жолу "Супер Айга" күбө болду. 2025-жылы бул кубулуш үч жолу болот деп күтүлүп жатат: Мергенчинин Айы 7-октябрда, Бобр Айы (Bever Moon) 5-ноябрда жана Муздак Ай 4-декабрда.

Ай толгон учурда, Жерге эң жакын орбитага келгенде "Супер Ай" пайда болот, бул кадимки толгон Айга караганда болжол менен 30% чоңураак жана 15% жаркырап көрүнөт.

Бул көрүнүштү байкоо үчүн асман ачык турушу керек. Аны эч кандай жабдыгы жок эле байкай аласыз. Эгерде жаныңызга телескоп же дүрбү алсаңыз, керемет кубулуштун дагы жакшыраак күбөсү болосуз.

Сүрөткө тартууну кааласаңыз, жарык колдонбоңуз. Телефонуңузда түнкү режимди күйгүзүп алганыңыз ылайыктуу болот.

Фёрт булуңундагы Түндүк жаркырагы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фёрт булуңундагы Түндүк жаркырагы

Түндүк жаркырагы

Өткөн жылы түндүк жаркырагы асманда көп эле жолу кайталанды. Адатта анын түсү кызылдан кызгылт көккө, жашылдан көккө чейин өзгөрөт.

Түндүк жаркырагы магниттик уюлдарга жакын жерде Жердин атмосферасында заряддалган күн бөлүкчөлөрүнүн газдар менен кагылышынан пайда болот. Эң эле жаркыраган учуру короналдык калдыктардын массасы деп аталып, бул бөлүкчөлөрдү Күн чоң булуттарды көздөй серпкенде пайда болот.

Күн өзүнүн 11 жылдык активдүүлүк циклинин эң жогорку чегине мына-мына жетет деп тургандыктан, кийинки 12 айда түндүк жаркырагы тез-тез болуп турат деп күтүлүүдө.

Мындай кубулуштарды байкоо үчүн түнкү асмандын чайыттай ачык болуп турганы абдан маанилүү.

Макала Би-Би-Си Орус кызматынын илимий кабарчысы Николай Ворониндин катышуусу менен даярдалды