Электромобиль айдап акча үнөмдөөгө болобу?

Эсме Сталлард, BBC News

унаа

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Британиядагы электромобилдердин саны дээрлик жарым миллионго жетет. Күйүүчү майдын баасы өсүп, көпчүлүк электромобилге өтүүдө.

Өкмөт 2030-жылдан тартып бензин жана дизель менен жүргөн автомобилдерди сатууга тыюу салууда. Бул башында пландалгандан 10 жылга эртерээк.

Электромобилди заряддоо канча турат?

Үй-бүлөлүк хетчбектин 47 литрлик бензин багын толтуруу азыр 85 фунттай, ал эми дизель болсо 88 фунт турат. Бир фунт бүгүнкү (24.06.22) эсеп менен 105-107 сом.

Энергияга болгон баа жакында көтөрүлүп кеткенине карабастан ошол эле көлөмдү үйдө зарядоого жогорудагы сумманын жарымынан азы кетет: болжолдуу 41 фунт стерлинг.

Бирок Energy Saving Trust уюмунун маалыматы боюнча, айдоочулар заряддын 70% үйдөн алса, 30% сыртта заряддоочу жабдуулардан алышат.

Коомдук жайлардагы заряддоонун баасы ар кандай. Бирок жогоркудай гибриддик жол менен заряддаганда 48 фунттай кетиши мүмкүн. Ошондо деле ал кадимки күйүүчү майды колдонууга караганда бир топ эле арзан.

Электромобилдердин баасы канча?

Электромобилдер менен салттуу транспорттук каражаттардын бааларынын айырмасы азайып баратат. Ортодогу айырма барган сайын билинбей деле калары күтүлүүдө.

Бирок азыркы учурда кадыресе жаңы электромобиль бензин же дизель менен жүргөн аналогиясынан кымбат турат. Баалары 23 000ден 43 000 фунт стерлингге чейин өзгөрүүсү мүмкүн.

Ошол эле учурда баасы арзаныраак мурда пайдаланылган электромобилдер да көбөйүүдө.

Би-Би-Си мурда пайдаланылган беш орундуу электрохетчбектерди таба алды. Алардын баасы 8 000ден 21 000 фунт стерлингдей болот экен.

Эгер лизингге ала турган болсо башка варианттар дагы бар. Leasing.com сайтынын маалыматы боюнча, 2021-жылы электромобилдерге талап дизель же бензин менен жүргөн автомобилдерге караганда көбүрөөк болгон.

Сайтта айтылгандай, беш орундуу хетчбекке кеткен бир айлык чыгаша дизель менен жүргөн окшош автомобилдикине караганда азыраак:

● Электромобиль £455,93

● Дизель £480,22

● Бензин £308,48

Башка чыгашалары дагы барбы?

Британияда электромобилдин моделине жана жашына карап транспорттук салыкты азайтуу же аны төлөбөө укугу берилиши мүмкүн. Айрым райондук кеңештер электромобилдерди токтотуу акысын алуудан баш тартып жатышат. Электромобилдер Лондондо жүргөнү үчүн акы төлөөгө милдеттүү эмес.

Негизи электромобилдерди карап-тейлөө талабы бензин же дизель менен жүргөн автомобилдерге караганда азыраак болушу ыктымал. Бирок электромобилдер үч жылдан кийин техникалык кароодон өтүүсү зарыл.

Электромобилди заряддоого канча убакыт кетет?

Ал заряддоочу жабдуунун моделинен жана ылдамдыгынан көз каранды.

Ылдам зарядоочу жабдуу менен айдоочулар бир саатка жетпей “кубат топтой алышат”

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ылдам зарядоочу жабдуу менен айдоочулар бир саатка жетпей “кубат топтой алышат”

Үйдөгү жай заряддаган жабдуу менен “кубат топтоого” 6-12 саат керек болот. Ал эми коомдук жайдагы ылдам заряддагычтар менен 20-40 мүнөттө иш бүтөт.

Алар менен тез эле же узак жолдо баратканда токтоп заряддап алса болот.

Электромобилди кайда заряддоого болот?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бүгүнкү күндө Британияда 30 373 коомдук заряддоочу жабдуу бар. Бирок алардын иштөө ылдамдыгы ар кандай жана өлкө аймагында бирдей көлөмдө орнотулган эмес.

Лондондо башка аймактарга караганда эки эсе көп. Ар бир 824 кишиге 1 заряддоочу жабдуу туура келсе, Уэлсте 2696 кишиге 1 заряддагыч түшөт.

Virta электрозарядка компаниясынын маалыматы боюнча, Британияда ылдам заряддагычтардын саны башка Европа өлкөлөрүнө караганда көбүрөөк.

Бирок Автомобиль өндүрүүчүлөр жана сатуучулар коомунун маалыматына ылайык, коомдук заряддоочу жабдуулар ар дайым эле жетиштүү деңгээлде ишенимдүү же жеткиликтүү эмес.

Британия өкмөтүнүн жакында эле жарык көргөн Электромобиль инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча стратегиясында операторлор аталган маселелерди чече турганы айтылат.

Электромобиль тармагындагы өзүнүн стратегиясында өкмөт 2030-жылга чейин заряддоочу жабдуулардын санын он эсеге көбөйтүүнү пландоодо.

Бирок учурда айына болгону 800 жаңы заряддагыч орнотулуп жатат. Максатка жетүү үчүн бул санды 2 500гө чыгаруу керек болот.

Толук заряд менен канча аралыкка айдап барса болот?

Британияда эң көп сатылган беш электромобиль заряды толук болсо 320 км жетет.

Демек, Бристолдон Лидске же Лондондон Суонсиге чейин жетсе болот.

Бирок колдонгон сайын батареялары да эскирип, анын иши төмөндөп кетет. Батареянын иштөө мөөнөтү бүткүчө ал болжолдуу 9% кыскарат.

Nissan жана Tesla сыяктуу компаниялар аккумуляторлорунун иштөө мөөнөтүн сегиз жылга же 100 000 милге (160 000 км) жетет деп кепилдик беришет.

Зарядоо үчүн кандай шаймандар бар?

Май куюучу шаймандардан айырмаланып электромобилдерде жабдуулардын беш түрү болот.

2 тибиндеги штекер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2 тибиндеги штекер

Британияда кеңири жайылган заряддоочу шайман 2 тибиндеги штекер. Аны жай да, ылдам да заряддагычтарга туташтырса болот.

Электромобилдердин жаңы моделин ылдам заряддагыч менен колдонуу үчүн кошумча түзмөк керектелет.

Айдоочулар баасы 550дөн 1100 фунт стерлингге чейин турган үй шартында заряддоочу жабдууну сатып алуусу зарыл. Кадимки үч контакттуу розетка авариялык шарттарда колдонулат, бирок ал аябай эле жай иштейт.

Электромобилдер айлана-чөйрө үчүн жакшыбы?

Дизель же бензин менен жүргөн автомобилдерге караганда электромобилдерди өндүрүүгө керектелген ар кандай минералдардан улам парник газдары көбүрөөк бөлүнүп чыгат.

Бирок Британияда электромобиль айдоодон бөлүнүп чыгарылган парник газы дизель автомобилдердикине караганда төрттөн бирди, ал эми бензин менен жүргөн автомашиналардыкына караганда бештен бирди түзөт.

Би-Би-Синин эсеби боюнча, электромобилдин айлана-чөйрөгө тийгизген таасири 18 ай бою айдалган бензин автомобилдердикине же эки жыл колдонулган дизель автомашинаныкына караганда азыраак болот.

Автомобилдин иштөөсүнөн улам көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруу заряддоочу электр энергиясы кантип өндүрүлгөнүнөн көз каранды.

Британия калыбына келүүчү булактардын эсебинен көбүрөөк электр энергиясын өндүрүп чыгаргандыктан электромобилдер дагы бир милине (1,6 км) көмүр кычкыл газын азыраак бөлүп чыгарат.

Өлкө 2050-жылга чейин бөлүп чыгарууларды таптаза нөлгө жеткирүүгө аракет кылып жаткандыктан бул өтө маанилүү. Учурда жеңил машиналар менен жүк ташыган унааларга бөлүп чыгарылган көмүр кычкыл газынын 15% туура келет.

Дагы бир маанилүү маселе — электромобилдин батареялары үчүн керектелген материалдар жана алардын жарактан чыккандан кийинки өмүрү.

Учурда аккумуляторлордун 5% гана кайра иштетилери айтылат. Бирок ири өндүрүүчүлөр бул көрсөткүчтү жакшыртуу милдеттенмесин алышты. (EA)