Испаниядагы суу ташкын кеминде 150 кишинин өмүрүн алды

Жергиликтүү тургундар табигый кырсыктар учурунда алдын ала кабар берчү системанын тактыгынан жана бийликтин ыкчам реакциясынан күмөн санап турушат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Испанияда 1973-жылдан берки чоң суу ташкындан кеминде 158 киши каза тапты. Өлкөнүн кээ бир аймактарында күтүүсүз жааган нөшөрдөн улам суу ташкыны пайда болду.

"Азыр эң башкысы мүмкүн болушунча көбүрөөк кишилерди куткарып калуу маанилүү",- деди өкмөт башчы Педро Санчес. Ал 31-октябрь күнү суу каптаган аймактарга барды.

Кеминде 155 киши Валенсия автономдуу аймагында каза тапты, дагы эки киши Кастилье-Ла-Манчада, бир киши Андалусииде көз жумду.

Валенсиянын түштүк-батышындагы Пайпорта муниципалитетинде дарыя нугунан ашып, 40тай киши курман болгону кабарланган.

"Биз каза тапкандардын кимдер экенин билебиз. Бул абдан кейиштүү",- деди Би-Би-Сиге Пайпортадагы ылай каптаган дарыкананын фармацевти Мигель Геррилья.

Испания

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Расмийлер дайынсыз жоголгондор тууралуу так санды айтыша элек, бирок андайлар абдан көп экендиги айтылууда.

Испаниянын королу Филипп VI өзгөчө кырдаалдар али аяктай электигин эскертти, өкмөт башчы Санчес болсо жарандарга кайрылып, мүмкүн болсо сыртка чыкпай, чукул кызматтардын сунуштарын так сактоого чакырды.

Суу ташкындан жабыркаган аймактардан жүздөгөн киши убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырылды. Алар учурда акырындап өз үйлөрүнө кайтып бара баштады.

Валенсия менен Испаниянын башка шаарларын туташтырган көптөгөн автожол жана темир жолу жарактан чыгып, аларда каттамдар токтоп турат.

Испания

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Окумуштуулардын тобу климаттын өзгөрүүсү жер планетасында туруксуз, күтүүсүз аба-ырайын көп кайталанышын жана алдын алып айтууга болбой турган мүнөздө болорун айтышууда.

World Weather Attribution илимпоздор тобу Испанияда ушул аптада көз ачырбай көнөктөгөн жамгыр адаттагыдан 12 пайызга көбүрөөк жана глобалдык жылуулукка чейинкиден эки эсе катуу болгонун билдирди.

Жергиликтүү тургундар табигый кырсыктар учурунда алдын ала кабар берчү системанын тактыгынан жана бийликтин ыкчам реакциясынан күмөн санап турушат.

Жарандык коргонуу кызматы жана өзгөчө кырдаалдар 29-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча 20:15 чамасында гана айгай салганы айтылууда. Ал учурда Валенсиянын көп аймагын бир нече саат мурун эле суу каптап кеткен эле.

Учурда климаттын өзгөрүшүнүн таасири кандай?

Акыркы он жылда байкалган орточо глобалдык температуранын 1,2°С жогорулашы анча сезилбеши мүмкүн.

Бирок бул айлана-чөйрөгө чоң таасирин тийгизди, анын ичинде:

  • Жылуулук толкундар жана нөшөрлөгөн жаан-чачын сыяктуу тез-тез жана экстремалдык аба ырайы өкүм сүрөт.
  • Мөңгүлөрдүн жана муз катмарларынын тез эриши деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө шарт түзөт.
  • Арктикалык деңиз музунун аянтынын олуттуу кыскарышы
  • Океандын жылышы
  • Адамдардын жашоосу да өзгөрөт

Мисалы Чыгыш Африканын айрым аймактары акыркы 40 жылдагы эң катуу кургакчылыктан жапа чегип, 20 миллиондон ашык адамды катуу ачарчылык коркунучу алдында калтырды.

2022-жылы Европадагы мээ кайнаткан аптаптуу ысык өлүмдүн санынын аномалдуу өсүшүнө алып келди.