УКМК Түркияда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын кабарлады

Сүрөттүн булагы, gknb.official
Түркияда "Додик" деген каймана ат менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады.
Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, Манас шаарынын тургуну, 1984-жылы туулган, мурда каракчылык үчүн соттолгон, Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү М. Д. М. аттуу жаранга эл аралык издөө жарыяланган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси боюнча иш козголгон.
"Тергөө иштеринин жүрүшүндө М.Д.М. жарандардын жер тилкелерин алдамчылык жол менен ээлеп алып, үчүнчү жактарга сатып жибергени аныкталган. Мындан тышкары М.Д.М. уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо үчүн Манас шаарынын курулуш компанияларынын биринен батир алганы аныкталган", – деп айтылат УКМКнын маалыматында.
"Женго" каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов 2023-жылы 13-январда адам өлтүрүүнү уюштурууга шек саналып кармалган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Кадыр Досоновду 2024-жылы ноябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу", "Адам өлтүрүү" беренелери менен күнөөлүү деп таап, 20 жылга абакка кескен.




