“Терезеден ыргып кетип аман калдым". Пакистандагы поезд кырсыгы

AFP

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, AFP

“Далай аял, жаш балдар жерде жаткан эле. Алар кыйкырып жатышты. Мен эмне кыларымды билбедим.” Насир Ахмед Пакистандын түштүк аймагында Назар Экспресс поезди оодарылып 30 адамдын өмүрү кыйылган кырсыкта вагондон ыргып кетип тирүү калган.

“Вагон рельстен чыгып кеткенде мен терезеден түшүп калдым. Кырсыктан аман калганымдын себеби ошол. Бирок кулаганда жаракат алып узакка чейин дендароо болуп басып жүрдүм,” - дейт ал.

Ал үрөй учурган көрүнүштү жана жарадар болгондорго кантип жардам бергенин сүрөттөйт.

"Жакын жерде канал бар болчу, бирок суусу кир экен. Мен каналдын суусунан колума толтуруп келип, эс-учун жоготкондорго эсине келгенге жардам берет деген үмүттө беттерине суу чачып жаттым. Баласынын жанында "тур, ойгон" деп кыйкырып отурган аялды көрдүм. Бирок бала каза болуп калган окшойт. Ойгонбой жаткан," – дейт Насир.

AFP

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, AFP

Мен бардык жарааттарымды унутуп калдым

Рашид Али урандылардын арасында эсине келген учурун эстейт. “Аялымды, балдарымды ойлоп, бардык жараатымды унутуп калдым.”

Поезд рельстен чыгып кеткен учурда ал үй-бүлөсү менен ортоңку вагондо бара жаткан.

Рашиддин үй-бүлөсү жанында эс алып бараткан кезде вагон силкинип барып, рельстен чыгып, оодарылып кеткенин эстейт. Анын айтымында, ал бир нече мүнөткө эс-учун жоготкон.

"Ойгонсом, жанымда аялым менен балдарым жок экен. Аларды издей баштадым. Бактыга жараша, алар жакын жерде талкаланган вагондордун астында калыптыр.

"Жубайым жана эки балам тең чогуу болчу. Алар кыйкырып жатышты. Мен аларды сооротуп, урандылардын арасынан алып чыктым. Андан кийин көйгөй аларды ооруканага алып баруу болду... Бир мотоцикл минген адам келип, ооруканага жеткиргенге жардам берди".

Уулум менин үстүмө жыгылды

AFP

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, AFP
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жакобабаддын тургуну Аслам поездде уулу менен бараткан, ал кырсык болгон учурду мындайча эскерет: "Биз уктап жатканбыз. Бир убакта эле вагондор ала салып кетип, кулап жатып калды. Кырсыкта мен бираз жаракат алдым, балам болсо менин үстүмө жыгылгандыктан аман калды."

"Мен рельстен чыгып, оодарылып кеткен вагондорду көрдүм"

Куткаруучулар келген учурда бул чоң кырсык экени аларга көрүнүп турду.

Эдхи Фондунун өзгөчө кырдаалдар кызматынын башкы координатору Рафик Лашари: “Үч поезд вагону рельстен чыгып, (башка) экөө толугу менен оодарылып кеткенин көрдүм”, - дейт ал.

Куткаруучулар оодарылып кеткен вагондордун астында көптөгөн адамдар калып кеттиби деп чочулашкан.

Кырсык Сангар районундагы Навабшах шаарына жакын жерде, Сархари темир жол станциясынын тушундагы чакан көпүрөнүн жанында болгон.

Кээ бир аман калгандар үй-бүлө мүчөлөрүн издеп жүрүшсө, башкалары өз жаракаттары менен убара болуп жатышты.

Жардам берүүчү ыктыярчы Рафик Лашаринин айтымында, куткаруучу топтор катуу жабыркаган вагондордон жыйырма адамдын, анын ичинде жаш балдардын да сөөгүн алып чыгышкан.

Жаракат алып, аман калгандар катуу ысыкта суу сурап жатышты.

Кырсык болгон аймак
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кырсык болгон аймак

Саботаж иликтенип жатат

Федералдык темир жол министри Хаваджа Саад Рафик поездде 1000ге жакын жүргүнчү болгонун жана алдын ала иликтөөлөр кырсыкка механикалык ката же саботаж себеп болгонун божомолдоп, мындан ары дагы териштирүү жүрө турганын айтты.

Тургундар “өмүрлөрдү сактап калышты”

Эдхинин ыктыярчысы Саранг Синдху Сархари шаарынын тургундары кырсык болгон жерге шашылыш жетип келишкенин белгилейт. Анын айтымында, алардын жардамы болбогондо курман болгондордун саны мындан да көп болмок.

"Бул адамдар көптөгөн жарадарларды ооруканага унаалары жана мотоциклдери менен алып кетишти. Алар үйлөрүнөн суу жана тамак-аш ташып, жарадарларды үйлөрүнө жаткырышты."

Куткаруу иштерине жергиликтүү тургун Насиб Зардари да кошулган эле. Анын айтымында, аймактын жашоочулары жабыркагандарга жардам гана көрсөтпөстөн, аларды убагында ооруканага жеткирип, тезирек медициналык жардам алуусуна кол кабыш кылышты.

Синд провинциясынын башкы министри Сайед Мурад Али Шах Навабшах ооруканасындагы бейтаптарды зыярат кылып "Зарыл болсо, бейтаптар армиянын тик учагы менен Карачиге же Хайдарабадга жеткирилет." – деп билдирди.

Дарыланып жаткандар жергиликтүү тургундарга ыраазычылыгын билдирип жатышат.

Якобабаддык Умер Ахмед Навабшах ооруканасында дарыланууда.

Кырсыктан кийин өзүн канчалык алсыз сезгенин мындайча түшүндүрөт: “Мен башыман да, бутуман да жараат алып, тура албай калган элем.”

"Аялым менден да оор жабыркады. Ал мени жардамга чакырып жатты. Турганга аракет кылдым, бирок аны чыгара албадым.Шайым кетип калган эле. Жубайым кансырап жатты. Жардам бере албаганыма жаным ачышып кетти. "

Умерге зарыл болгон жардам күтүлбөгөн жерден келди.

“Бир маалда бирөө колун ийиниме коюп: “Сен жата тур, биз бир нерсе кылабыз” деди... Аялымды үч жигит алып чыгып, экөөбүзгө тең суу берип, машинага салып, ооруканага алып кетишти.”