Иран ракеталарынын "жашыруун шаарлары" эмнеге азыр көрсөтүлдү?

Фарзад Сейфикаран, Би-Би-Си, Перс Кызматы

Иран. Ракеталар сакталган жашыруун жай

Сүрөттүн булагы, TASNIM

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иран. Ракеталар сакталган жашыруун жай

"Эгер биз ар апта сайын бирден ракеталык шаарды ачык көрсөтө турган болсок, анда эки жылда дагы толук көргөзүп бүтө албайбыз. Алар ушунчалык көп". Ушундай билдирүү менен Иран жакында эле жер астындагы "ракеталык шаарларынын" дагы бирин ачыкка чыгарды.

Иран бийлиги ал обьектте сакталган жүздөгөн баллистикалык жана канаттуу ракеталары, оор куралдары н көрсөттү. Мунун баары Израил же АКШ тарабынан агрессия катары кабыл алынган чабуулдар боло турган болсо, душмандын мизин майтаруу үчүн колдонушу мүмкүндүгүн билдирди.

Reuters агенттиги атын атагысы келбеген америкалык расмий өкүлдөрдүн маалыматын жарыялады. Анда АКШ соңку апталарда Иран менен Йеменге сокку урууга ыңгайлуу аралыкта жайгашкан аскердик базага эң оор америкалык бомбаларды ташууга жөндөмдүү алты кыйратуучу учакты жайгаштырганы айтылат.

Иран буга жооп ирээтинде, Американын аймактагы аскердик күчүнүн кеңейтилиши, аларды "айнек менен тосулган чоң бөлмөгө" камагандай кабыл алынганын кыйытты. Иран бийлиги аларды карай "таш ыргытпаш керек" деген таризде билдирүү таратты.

Тегеран бийлиги ошондой эле Диего-Гарсия аралында жайгашкан аскердик базаны бомбалоо менен коркутту. Иран буга чейин мындай кубаты бар экенин ачык айтчу эмес.

Бул жер астындагы "ракеталык шаарлар" деген эмне, аларды буга чейин жашырып келген Иран бийлиги эмне үчүн азыр шардана кылууда? Бул Жакынкы Чыгыштагы ыктымалдуу чоң жаңжал үчүн эмнени билдирет?

Ирандын жер астындагы "ракеталык шаарлары" деген эмне?

Iran

Сүрөттүн булагы, IMA_Media

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу жер астындагы ири аскерий базаларын "ракеталык шаарлар" деп атат келет. Базалар ондогон километрге созулган жер астындагы туннелдерден турат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал жакта жогорку тактыктагы ракеталар, учкучсуз учактар, баллистикалык жана канаттуу ракеталардын запастары сакталган. Ошондой эле аскер аба күчтөрүнүн муктаждыктарын камсыздаарын айтылган.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку даражалуу командирлери "ракеталык шаарлар" жалгыз гана курал-жарак сактоочу кампа эле эмес, кээ бирлери курал-жарак өндүрүүчү аскерий ишкана катары дагы колдонууларын билдирген.

Көпчүлүгү стратегиялык жактан маанилүү тоолуу аймактарда орун алган, бирок кайсы жерлерде экени ачык айтылбайт.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аскердик космос күчтөрүнүн командачысы Амир Али Хажизаде мамлекеттик IRIB телеканалына маек берип жатып, жер астындагы жаңы "ракеталардын шаарын" ачыктаган. Соцмедиага жарыяланган видеодо ал аскердик унаа менен объектти кыдырып, заманбап ракеталарды карап чыгууда. Роликте катылып турган баллистикалык ракеталар жана камикадзе дрондору тартылган. Би-Би-Си бул видео эмне максатта жарыяланганын тастыктай алган жок.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары Тегеран бул куралды "душмандын аракеттерине" каршы коргонуу үчүн колдоноорун кабарлашты.

"Эгер аймактагы кайсы бир базадан Иранга чабуул жасалса, Британия менен Американын күчтөрүн бутага алууда эч кандай айырма болбойт... Америка, Британия же башка өлкөнүн аскери болбосун, эгер сиздин базаңыз америкалыктар тарабынан колдонулса, сиз бутага алынасыз", - деген Тегеран бийлиги.

Акыркы 10 жыл аралыгында Ислам революциясынын сакчылар корпусу баллистикалык ракеталардын запастары, дрондор жана коргонуу системалары сакталган жер астындагы аскерий базаларынын сүрөттөрүн мезгил-мезгил менен жарыялап, аларды "жашыруун ракета шаарлары" деп атап келген.

Ирандын ракеталарынын техникалык мүнөздөмөсү

ракета

Америка менен Израил үчүн бул канчалык кооптуу?

Иран мындай жашыруун жер астындагы аскердик жайларын көрсөтүп, Израилди жана АКШны мындан ары аймактагы чыңалууну токтотууну көздөөдө.

Жарыяланган кадрлардан "Хейбар Шекан", "Хаж Касем", "Эмад", "Саджил", "Кадр Н" жана "Павех" канаттуу ракеталарын көрүүгө болот.

Иран 2000 чакырымга чейинки аралыктагы бутага сокку ура алаарын айтып келүүдө.

2024-жылдын апрель айында Иран Израилге кубаттуу ракеталар менен сокку урганында, "Эмад" баллистикалык ракетасы борбор калаадагы Наватим аскердик базасына зыян келтирген.

Иран менен Израилдин эң кыска траекториясы болжол менен миң километрди түзөт, ал Ирак, Сирия жана Иордания аймактарын басып өткөн жол. Израил армиясы 2024-жылдын апрелинде Иран учурган ракеталардын көбү абада жок кылынганын билдирген. Октябрь айында кайталанган ракеталык чабуулу олуттуу зыян алып келген эмес.

Бирок ирандык ракеталардын алыстыкка жете аларын жана ылдамдыгы тууралуу күмөн жаратууда. Ошондуктан, алар Диего-Гарсиа аралындагы АКШнын аскер базасына кыйратуучу ракеталарын жеткизе алаарын олуттуу билдирүү катары эсептесе болот.

Улуу Британия менен АКШнын биргелешкен аскер базасы Диего-Гарсия аралында 1970-жылдардын башынан бери иштеп келет. Ал жактын коргонуу түзүмү күчтүү жана Ирандан 3800 км алыстыкта жайгашкан.

Ирандын бийлиги бир нече апта мурун 4000 чакырымга чейинки аралыкка учууга жөндөмдүү учкучсуз учагы иштелип чыккандагы тууралуу билдирүүсүн кайрадан кайталады, бирок алардын андай кубаттуулугу тастыктала элек.

Учурда Ирандын 2000 чакырымдан аша турча кубаттуу ракеталары жоктой көрүнгөнү менен, Диего-Гарсия аралындагы базага теориялык жактан аскер-деңиз күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү же учурдагы ракеталык системаларын модификациялоо менен сокку ура алат.

Кошмо Штаттары Жакынкы Чыгыштагы аскерлерин күчтөндүрүп келе жатат, жакынкы арада бомбалоочу учактарды ташыган эки чоң кемени аймакка жөнөтүүгө камынууда.

Төмөндөгү спутниктен алынган сүрөттөрдө Диего-Гарсияда аскердик базасында B-2 стратегиялык кыргын салуучу учактары жайгаштырылганын көрүүгө болот. Алар жакында эле Пентагондун хуситтерге каршы аскердик операциясына тартылган.

АКШнын аскер-аба күчтөрүнүн карамагында болгону мындай B-2 стратегиялык кыйратуучу учактардын 20 даанасы эле бар, ошондуктан анда-санда гана колдонулат.

карта

"Жер астындагы шаарлар" тууралуу маалымат эмнеге ушул учурда чыкты?

Тегерандын "ракетарлардын шаарлары" видеосун коштогон кыйыр билдирүүсү жөн жерден эле чыккан жок. Бул Иран, АКШ жана Израилдин ортосунда үч орчундуу маселе боюнча тирешүү күчөгөн маалда жарыяланды.

Алар төмөнкүлөрдү камтыйт: Йеменде Тегеран колдогон хуситтердин коркунучу, Трамптын Ирандын өзөктүк программасы боюнча "жарга такаган" саясаты жана Израилдин Ливандагы ирандык армия колдогон "Хезболла" жоочулар тобун алсыратуу максатында чабуулдар күчөгөн убагы.

Дональд Трамп эгер Тегеран өзөктүк программасы боюнча мунасага келбесе, аларды бомбалайбыз деп коркуткан.

"Мындай чабуулду алар элестете да алышпайт", - деген Трамп NBC News телеканалына. Ал ошондой эле Ирандын товарларына кошумча санкциялар салынарын эскертти.

Өткөн жылкы баллистикалык ракеталар менен соккулар Иран менен Израил көптөн бери касташып келген эки өлкө ортосундагы түздөн-түз жаңжалдын жаңы деңгээли катары эсептелинип калган. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жер астындагы аскердик объектилердин ачыкташы, Иран кол салууга учураса күчтүү ракеталык сокку менен жооп болоорун көрсөтүүнү көздөгөндөй.

Ошондой эле Иран бийлиги өз жарандарына АКШнын ар кандай коркунучуна туруштук бере аларын көрсөтүүгө аракет кылууда.

Жер астында "ракета шаарларын" куруулушунун себеби – аба чабуулдарына туруштук көрсөтүү жана аймактагы тирешүүнү чектеп калуу.

Ошондой эле бул "шаарлардын" ачыкталышы, АКШ менен Израил бийлигине ишарат берип, базаларына сокку урулса "өч алуу" катуу болоорун эскерткендей.

Мындай жер астындагы аскердик жайлар душманга каршы ракеталарды ар жактан жашыруун узатып, Тегерандын чыныгы аскердик потенциалын так баалоосун бөгөттөп турууга мүмкүнчүлүк берет. (КВ)